Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

Орусияда кылмыш кылган кыргызстандыктар көбөйдү


Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын коомдук кыймылынын төрагасы Алишер Маданбеков “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Тышкы иштер министрлиги Орусияда кылмышка аралашкан кыргызстандыктар көбөйүп жатканын, былтыр эле тогуз айдын ичинде 2,5 миңден ашуун факт катталганын билдирди. Сиздин байкооңуз боюнча чын эле көбөйүп жатабы?

Алишер Маданбеков: Быйыл тышкы иштер министр Руслан Казакбаев менен бул жерде жолугушуу өттү. Ал аталган министрликтин бардык жооптуу адамдары менен келип Орусияда жүргөн кыргыз диаспорасы, коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, маектештик. Чынын айтканда, министрлик айткандай, кыргызстандык эмгек мигранттардын арасында кылмыш жасоо соңку убактарда өсүп кетти.

“Азаттык”: Алар кандай себеп менен кылмыш жасашат? Себептерин иликтедиңиздерби?

Маданбеков: Турмуш-шарттан улам Кыргызстанда жумуш орду жок болгондуктан көпчүлүк эл Орусияга, Казакстанга, алы жетсе Европага, Араб өлкөлөрүнө, дагы ыраак мамлекеттерге тиричиликтин айынан жумуш издеп чыгып кетишти.

Келгендердин басымдуу бөлүгү 16 жаштан тарта 30 жашка чейинки ишке жарамдуу кыргыздын жаш уул-кыздары. Алардын көпчүлүгү айылдыктар. Кээ бирлери орто мектепти да бүтпөстөн, толук билим албастан тааныш-билиш, тууган-уруктардын айтымы менен эле келип алышат.

Азыр Орусияда 500 миңдей кыргызстандык жаран жүрөт деп расмий айтылып жүрөт. Биздин, коомдук уюмдардын жасаган анализи боюнча бул жерде жүргөндөр 800 миңден ашат. Анын ичинен Орусиянын жарандыгын алгандар да жетиштүү болуп калды.

Негизинен кылмыш эмнеден улам болот? Бул жакка келатканда даярдыгы жок келишет, тил билишпейт. Экинчиден, адистиги жок. Каерге келет, кимге келет деген маселелер бар. Аларга дос жоро-жолдоштору “бул жакка кел, жумуш таап койдук” деп айтат. Ал келет да жашай турган жери жок, анан баары кошул-ташыл болот.

“Азаттык”: Мисалы четте жүргөн кавказ улутундагылар, тажиктер ынтымактуу болушат, бири-бирин тыйып турушат деп айтышат. Кыргызстандыктарда ушундай салт барбы? Ким баш-көз болуп тыйып турат?

Маданбеков:
Орто Азиядагы биздин боордош мамлекеттердин да кылмышка аралашкан өкүлдөрү бар. Биздин эле кыргызстандыктар ушундай ээнбаштык кылып жатат, ынтымагы жок деп айта албайм.

Бирок Тажикстандан келген, Өзбекстандан келген башка эмгек мигранттарынын арасында ынтымак, бири-бирин угуу деген касиеттер калган. Бизден келген айрыкча жаштар улууну же билген адамды укпайт. Биздин коомдо, жаштарыбыздын арасында ээнбаштык, өзүн-өзү билемдик деген нерселер көбөйүп кетти.

Мекенден, ата-энеден, туугандардан ыраакта жүрүп, коомчулуктан узакта болгондо көрбөй-билбей калат деп аң-сезимдүү түрдө кылмышка барып жаткан учурлар болуп жатат.

Советтер союзундагы система бузулгандан кийин үй-бүлөдөн тарбия алуу, мектептен тарбия алуу деген өтө солгундап кетти. Бүгүн ата-эне көр тирликтин айынан базарда отурат, ал эми баланы тарбиялоо мектепте калат. Ал жактан талим-тарбия иштери, акыл-насаат берүү жакшы жүргүзүлбөгөндүктөн ушундай абалга келип жатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG