Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Орусияда кыргызстандык студенттер жатаканасыз калды


Кыргызстандык студенттер бир нече күн ушинтип окуу бөлмөлөрүндө, спорт залда жашашты. Орусия, Ржев шаары.
Кыргызстандык студенттер бир нече күн ушинтип окуу бөлмөлөрүндө, спорт залда жашашты. Орусия, Ржев шаары.

Орусиянын Ржев шаарындагы (Тверь облусу) айыл чарба колледжинде билим алып жаткан кыргыз жарандарын шаар бийлиги жатаканадан чыгарып салды.

Өзбек улутундагы балдар жана кыздар бул колледжге Оштогу окуялардан кийин келип, сентябрдан тарта окуй башташкан эле. Балдарды Орусияга алып келүүгө кыргызстандык космонавт, Кыргыз Республикасынын баатыры Салижан Шарипов жардамдашкан.

“Фергана.ru” маалымат агенттигине курган маегинде, Шарипов Ош коогалаңынан кийин бул балдар барып окуй турган областтагы бир катар окуу жайлары талкаланып-күйүп кеткендиктен Өзгөн, Жалал-Абаддан ата-энелер жардам сурап кайрылганын билдирген.

Ржевский айыл чарба колледжине 267 мектеп бүтүрүүчүлөрү келген. Алардын 250сү уландар жана басымдуу бөлүгү Өзгөн районунан.

Бул балдардын жатаканасыз калышына эмне себеп болгонун колледждин директору Сергей Жегуновдон сурадык. Ал шаар бийлиги тарабынан студенттерди куугунтуктоо мурда эле башталганын айтып берди:

Студенттер окуу жайдын спорт залында
- 23-сентябрдан бери шаардын бийликтери жанды койбой атышат. Баары шаардык гезиттеги мэрдин макаласынан башталды. Ал макалада Кыргызстандан ким келди, аларды текшериш керек деген ой айтылган. Ошондон бери артыбыздан түшүп алышты.

Текшерүүнүн артынан текшерүү жүрүп жатат. 29-декабрда келип “салык төлөсөңөр жакшы уктайсыңар” деп кетишти. Акча өндүргүлөрү келип атышат. 9-классты араң бүткөн балдардан эмне өндүрөсүңөр, алардын жашай турган жери жок, көбү ата-энесиз, көбүнүн ден соолугу начар...


Шаар бийлиги андан кийин өрт коопсуздугун шылтоолоп, жатакананы майдын башында 10 күнгө жаап салыптыр.

25 жаштагы Шерзод Шарипов Ржев шаарына Өзгөндөн келген:

- Соттун чечими менен өрт коопсуздугу боюнча эрежелер сакталбаган дешип, 1-майда жаап салышты. Бирок жатакана 9-майда ачылды, азыр аз-аздан кирип, жайгашып жатабыз. Балдар 3-4 күн класстарда, спорт залда жашап жатышты. Бизге эч ким, эч нерсе деп түшүндүргөн жок. “Силер жатаканада көпсүңөр” деп айтышты, - дейт Шерзод.

Жатаканадан жалаң кыргызстандыктар гана чыгарылгандыгын колледждин директору баса белгиледи:

- 6 кабаттуу имараттын биринчи кабатынан башкасын жаап салышты. Биринчи кабатта орустар жашайт – аларга тийишишкен жок. Бийликтегилер балдарды шылдыңдап, маскаралап жатышат. Майрам күндөрү үйсүз калтырышты. Балдардын теңи 16га чыга элек. Көбү ооруп калышты.

51 жаштагы Мухтар Исмаиловдун баласы да колледжде билим алат. Мухтар баласын окууга алып келген бойдон өзү да Ржев шаарында калып калган:

- Сентярбда баламды узатып келгенче ушул жакта калып калдым. Биринчи күнү спорт залда түнөдүк, аябай суук болгондуктан ал жактан класстык бөлмөлөргө көчтүк.

Окуу жайдын башчысы Сергей Жегунов болсо шаар бийлигинин балдарга жасаган мындай мамилесине ызаланды:

- Балдар бул шаарга мыйзамдуу келишкен. Окуп жатышат. 9-майда фашисттерди жеңген күнү ушинтип улутчул болуп атышат. Бул шаарда Улуу Ата Мекендик согушта өзбектер да согушка катышкан. Айла жок, колледждин мугалимдери майрам күндөрү үйлөрүнөн тамак, идиш-аяк, төшөктөрдү алып келип, балдардын курсактарын тойгузуп атышты. Шаардын тургундары да жардам беребиз деп чалышты. Себеби балдар тартиптүү, улууларды урматташат. Бийликтегилер эле ушинтип атышат.

“Азаттыкка” белгилүү болгондой, студенттер жатаканаларга 9-майдан тарта кайра жайгаша баштады. Бирок шаар бийлиги аларды эми тынч коёбу, же дагы бир күн бир нерсеге шылтоолоп кууп чыгабы, белгисиз...
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG