Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

Орус жарандыгын алуу кыйындайбы?


Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2011.
Москвадагы кыргыз мигранттары, 12-август, 2011.

Орусия Кыргызстан менен мындан он алты жыл мурун кабыл алган жеңилдетилген тартипте жарандык ыйгаруу боюнча эки тараптуу макулдашууну жокко чыгарганы жатканы айтылууда.

Бирок Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги муну төгүндөп, өз ара макулдашууларды такташтыруу жумуштары гана жүргүзүлгөндүгү боюнча түшүндүрмө берди.

Кайчылаш маалыматтардын катары

Орусиялык “РИА - Новости” маалымат агенттиги Орусиянын өкмөтү жеңилдетилген тартипте жарандык алуу боюнча 1996-жылы Кыргызстан менен
кол коюлган келишимден баш тарта тургандыгын жазып чыкты. Орусиянын өкмөтүнүн 6-мартта кабыл алган токтомунда аталган маселени Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөтүү жагы бекитилген. Бирок муну Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги бирин-бири кайталаган документтерди ирээтке келтирүү катары гана карап, бул боюнча түшүндүрмө берди.
Биздин улуттук кызыкчылык үчүн азыр мына ошол татаал эле шартта болгону дурус. Себеби он жылдан ашуун убакыттан бери биз Орусияга жарандарыбызды кетире берип, бүтүндөй адам ресурсубузду жоготуп жатабыз.



Элчиликтин пресс-атташеси Виктор Харченко бул боюнча андан кийин кабыл алынган төрт тараптуу келишим күчүндө кала бере турганын белгиледи:

- Мурдагы эки тараптуу макулдашуудагыдай эле 1999-жылы Кыргызстан, Казакстан, Беларус жана Орусиянын төрт тараптуу келишими да кабыл алынган экен. Макулдашууларды ирээтке келтирүү учурунда 1996-жылы кабыл алынган жөнөкөй тартипте жарандык берүү боюнча эки тараптуу документ кийинкисин кайталап калган. Мына ошондуктан ал документти күчүн жоготту деп табуу маселеси каралууда. Мында бир эле мазмундагы эки келишимдин бири күчүн жоготуп, төрт тараптуу кабыл алынган экинчи макулдашуу калып жатат. Бирок мында жөнөкөй тартипте жарандык берүү эрежелеринде эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Бул жөн гана такташтыруу жана ирээтке келтирүү иштерининин алкагында гана жасалган маселе.

Ошол эле кезде 2011-жылы октябрда Орусиянын миграция боюнча федералдык кызматы жарандык алуунун шарттарын татаалдаштырып, өлкөнүн аймагында бир жыл жашагандыгы аныкталгандан кийин гана бериле турган болду. Анткени буга мындай чаралар Орусиянын демографиялык саясатына таасирин тийгизбегендиги себеп болгон.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Москвага болгон иш сапары учурунда эки тараптуу макулдашууларды бир сыйра карап чыгып, иштебеген, же бирин-бири кайталагандарын такташтыруу маселеси көтөрүлгөн болчу.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Асеин Исаев жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жарандык берүүгө байланышкан эки тараптуу макулдашуу күчүн жоготсо анда эки тараптуу мамилеге таасир этчү саясий маселе жоктугун кошумчалады:

- Негизи эле бул жерде эки макулдашуунун шарттары бири-бири менен окшош болуп калгандыктан анын бирин жокко чыгаруу маселеси койулган. Мында эрежеге ылайык эки тараптуу келишимге караганда эл аралык келишим күчтүү болот. Ошондуктан 1996-жылдагы макулдашуу жокко чыгарылып жатат. Бул жерде мына ошол мыйзамдык ченемдерди жөнгө салуунун алкагында гана пайда болгон маселе.


Табышмактын жандырмагы кайда катылган?


Анткен менен “РИА - Новостинин” Кыргызстан менен аталган макулдашуу жокко чыгарылат деген маалыматын бир катар орусиялык басылмалар көчүрүп басышты. Анда бирок эки тараптуу макулдашуу жокко чыкканы менен 1999-жылкы төрт тараптуу келишим күчүн жоготпой тургандыгы эскертилген эмес. Серепчилер аталган маалымат расмий Бишкекке сигнал катары атайын бурмаланып жазылган болушу мүмкүн экендигин жокко чыгарышпайт.

Саясат таануучу Нуржигит Кадырбеков жөнөкөй тартипте жарандык берүүнү жокко чыгарууну басым көрсөтүү аспабы катары кароонун өзүн туура эмес деп эсептейт:

- Жакында Атамбаев Москвага барган иш сапарында чечкиндүү түрдө керек болсо Орусиянын аскер базасын да чыгарыш керек деген маселени көтөрдү. Бул эми ушуга карата тымызын сигнал болушу да мүмкүн. Бирок кандай болгон күндө да жеңилдетилген шартта жарандык берүү маселеси боюнча биздин бийлик сүйлөшүүлөргө барбаш керек. Биздин улуттук кызыкчылык үчүн азыр мына ошол татаал эле шартта болгону дурус. Себеби он жылдан ашуун убакыттан бери биз Орусияга жарандарыбызды кетире берип, бүтүндөй адам ресурсубузду жоготуп жатабыз.

1997-жылдан бери Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны үч жүз миңден ашкан. Мындай тенденция айрыкча 2004-жылдан бери катуу күчөгөн. Өткөн 2011-жылы эле он алты миңге жакын кыргызстандык өзүнүн жарандыгын өзгөрткөн. Статистикалык маалыматка караганда, орусиянын жарандыгын алгандардын алтымыш пайызга жакынын кыргыздар түзөт. Ошондуктан талдоочулар мындай тенденция улуттук коопсуздук үчүн да коркунучтуу экенин эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG