Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Орусияда жүрүү жана каттоого туруу боюнча түшүндүрмө


Москвадагы миграциялык борбор
Москвадагы миграциялык борбор

“Азаттыктын” редакциясы Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүү жана каттоого туруусу тууралуу маалымат боюнча түшүндүрмө берет.

2015-жылдын 19-июнундагы келишимге ылайык, кыргызстандыктардын Орусияда жүрүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө чейин кыскарды деген Мамлекеттик каттоо кызматына шилтеме берип, “Азаттык” 15-январда макала жарыялаган.

Макала боюнча көп суроолор түшүп, социалдык түйүндөрдө кызуу талкууну жараткан. Андыктан "Азаттыктын" редакциясы кыргызстандыктардын Орусияда жүрүү мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берүүгө токтолду.

Мамлекеттик каттоо кызматынын пресс-релизи өзгөртүүсүз берилет: Мамлекеттик Каттоо Кызматы Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргызстандын аймагында болуусунун тартибинин өзгөргөндүгүн эсиңиздерге салат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартибинин өзгөргөндүгүн эсиңиздерге салуу менен бирге паспорт-виза жана каттоо бөлүмдөрүнө (Паспорт столдору) өз убагында катталуу үчүн кайрылууңуздарды суранат.

2015-жылдын 19-июнундагы Санкт-Петербург шаарындагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясынын аймагында жана Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга ылайык 30 күндүн ичинде каттоосуз жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. 30 күндүн өтүшү менен келген Тараптын компетенттүү органдарында милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү зарыл. Тактап кетсек, Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясынын аймагында, ал эми Россия жарандары Кыргызстандын аймагында каттоосуз 30 гана күн жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Бул макулдашууга чейин Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз болуусу 90 күн болгон.

Бүгүнкү күндө киргизилген каттоо тартибин билбегендигине байланыштуу каттоо мөөнөтүн бузуу учурлары көп кездешүүдө. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Россия Федерациясынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында каттоосуз 30 гана күн жүргөнгө мүмкүнчүлүгү бар экендигин дагы бир жолу эскертет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилиги жөнүндө Кодексине ылайык, чет өлкөлүк жарандар тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартибин бузган учурда, эсептешүү көрсөткүчүнүн жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

2015-жылдын 19-июлундагы келишимге ылайык Кыргызстан менен Орусиянын жарандары эки өлкө ичинде жүргөндө 30 күндүн аралыгында тийиштүү органдарга каттоого турууга тийиш. Тагыраагы бул келишим менен кыргызстандыктардын Орусияда милдеттүү каттоого туруу мөөнөтү ​7 күндөн (эски эрежеге ылайык) 30 күнгө узартылып жатат.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы маалымдагандай, Орусиянын мыйзамдарында кыргызстандыктардын жүрүү максаты (жумуш жана жеке сапар) так бөлүнүп жазылган.

Эгерде кыргызстандык Орусияга келип, миграциялык баракчасына жумушка орношуу максаты менен келгенин жазса, ал 30 күндүн ичинде жумуш таап, миграциялык каттоого туруп, расмий кызматтык келишим түзүүсү абзел. Ошол эле учурда 30 күндүк мөөнөттө жумуш таппай, бирок жумушка киргенче Орусияда кала турган болсо, миграциялык каттоого турушу шарт. Ушул күндөн тарта ал Орусияда дагы 90 күн калганга укуктуу. Мыйзамга ылайык Орусиядагы кыргызстандык 90 күндүн аралыгында жумушка орношуп, келишим түзүүгө милдеттүү. Бул маалда да жумуш таппаган жаран Орусиянын аймагынан чыгуусу керек. Мындай учурда чек арадан чыгып, кайра кирүүгө Орусиянын мыйзамдары жол бербейт. Андай жаран 90 күндөн кийин гана Орусиянын аймагына кайра кире алат.

Эгерде кыргызстандык Орусияга жеке максаты менен баратканын миграциялык картада көрсөтсө, ал Федерациянын аймагында 30 күн каттоосуз жүрө алат. Ал эми жеке сапарга же конокко барып, 30 күндөн ашык жүрө турган жаран миграциялык каттоого турат. Бул жол менен кыргызстандык жарандын Орусияда дагы 90 күн жүрүүгө укугу бар. Консулдук кызмат кыргызстандык жарандар бул мөөнөттөн ашык жүрө албастыгын кабарлайт.

XS
SM
MD
LG