Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Өкмөт “РусГидро” менен соттошууга даярбы?


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын "РусГидро" компаниясы "Жогорку Нарын ГЭСтер каскады" долбооруна байланыштуу кыргыз өкмөтүн Гаага сотуна берди.

Кыргыз бийлигинде соттон утуп чыгууга кепилдик барбы? Стратегиялык өнөктөш деп эсептелген Орусия менен маселени саясий сүйлөшүү аркылуу чечсе болобу? Кыргызстан үчүн соттошуунун келечеги жана кесепети кандай болушу мүмкүн?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, арбитраждык маселелер боюнча эл аралык юрист Жоомарт Жолдошев (Лондондон) жана энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев катышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, орусиялык "РусГидро" компаниясы Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашуудан 2016-жылы бир тараптуу чыгып кеткени үчүн кыргыз өкмөтүн айыптап, кеткен чыгымдарын өндүрүп алууну көздөп турат. Кыргызстандын келишимден чыгып кетишине эмне себеп болгон, экономикалык кызыкчылыкпы же саясий себеби барбы?

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

"РусГидронун" кыргыз өкмөтүнө дооматы

Орусиялык басылмалар бул жумада "РусГидро" ишканасы расмий Бишкектен акча доолап жатканын, ал эми Душанбе мигранттарына Москвадан жеңилдик сураганын, Москва болсо Ташкентти өзүнө имергиси келип турганын жазышты.

Алмамбет Шыкмаматов: Атамбаев президент болуп турганда “РусГидронун” жетекчилиги менен чатакташып келип алып, келишимден чыгуу боюнча чечимди кабыл алууну Жогорку Кеңешке таңуулаган. Парламент болсо "кыңк" дебестен келишимди денонсациялаган, документтен Кыргызстан биринчи чыгып жатат. Аны уккан Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун “бул стратегиялык долбоор эле, кыргыз тарапты түшүнбөй калдык, акча каражаты деле бар болчу” деп айтканы баарыбыздын эсибизде. Алмазбек Атамбаевдин кыялы кармап кетип, “акча берген жоксуңар, кеч калдыңар” деп баарын токтотуп салбадыбы.

Эми Гаага сотунда карала турган болсо Орусия тарап утат. Анткени документтин бир пунктунда “ким биринчи бул келишимден чыкса, ал кеткен чыгымдарды төлөйт” деп жазылып турат. Демек Кыргызстан бардык чыгымды төлөп берет.

"Жалпысынан банктар аркылуу 62 миллион доллар акча которулган, анын 37 миллиону сарпталган" деген документтер турат. Бирок ошол 37 миллион доллар эки-үч эсе жогорулатылганы көрүнүп турат. Биз эми Гаага сотуна барып, “37 миллион доллар көп, аны өзүңөр жегенсиңер” деп доомат коё албайбыз. Ал акча боюнча биздин Башкы прокуратура иш козгошу керек болчу, күнөөлүүлөрдү табышы керек эле. Жогорку Кеңештин тапшырма бергенине карабай Башкы прокуратура бул ишти жасаган жок. Эсептөө палатасына да тапшырма берилген, алар да кыймылдаган жок. Ошондон кийин “бул жерде кандайдыр бир күч” бар деген ой туулат.

“Азаттык”: Расул мырза, “РусГидронун” азыркы башчысы Роман Шульгинов “сотко берип жатканыбызды кыргыз өкмөтүнө 2018-жылдын июнь айында эскерткенбиз, сүйлөшүүлөр болуп жатты, бирок жыйынтыгы чыккан жок" деп билдирген. Ал сүйлөшүүлөрдө коюлган негизги талаптар кандай эле, эмне үчүн жыйынтык чыккан жок деп ойлойсуз?

Расул Умбеталиев: Маселе өтө оорлошуп, татаалдашып, саясий жагына көбүрөөк басым болууда. Анткени ГЭС куруу долбоору да эки президенттин деңгээлинде саясий макулдашуу катары чечилгенин билебиз. ГЭС куруу кимге керек? Биринчи кезекте Кыргызстанга керек. Шыкмаматов айткандай, Кыргызстандын прокуратурасы, Эсептөө палатасы 37 миллион доллардын кайда, кандай жумшалганын текшере албайт. Анткени ал Кыргызстандын бюджетиники эмес, Орусиянын жеке компаниясынын каражаты. Алар "37 миллион доллар бергенбиз" деп далилдеп жатышат, бирок аны кимдер кайда жумшаганы башка маселе болууда.

“Азаттык”: Жоомарт мырза, Кыргызстанда сот баштала электе эле “утулабыз” деген пессимисттик ойлор басымдуулук кылууда. Кыргыз өкмөтү эл аралык мындай соттук териштирүүлөрдө эмнелерге басым жасап, кайсы маселелерди биринчи көңүлгө алышы керек?

Жоомарт Жолдошев: Мен бул талаш маселенин өзөгүнө кирүүдөн алыс болоюн. Азыр “биз жеңилебиз же утабыз” деп бир жактуу айтуу кыйын. Соттук териштирүүдөн утуп чыгыш үчүн документтер менен тыгыз, терең талдап иштеш керек. Өкмөттүн алдында ушул маселелерге байланыштуу суроолорду талдай турган борбор ачылган, бирок алардын иши деле көрүнбөйт. Эмнегедир кыргыз өкмөтү мындай арбитраждык соттошууда эл аралык фирмаларды тартууга умтулат. Ал иштер көбүнчө көмүскө түрдө жасалат.

Биздин бир топ мекендештерибиз эл аралык деңгээлдеги арбитраждык сотторго катышып, жакшы тажрыйба топтоп калышты. Кыргыз өкмөтү эмнегедир аларга кайрылышпайт. Мага өкмөттөн сунуш түшсө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеп берүүгө даярмын. Мүмкүн биздин бар экенибизди деле билишпейт. Менин магистрдик диссертациям да ушул маселелер боюнча.

Бизде тандоо деген жок, кайсы мамлекеттен сунуш түшсө, эл аралык укуктук нормалардын негизинде иштеп беребиз. Биз Гаагадагы, Вашингтондогу, Париждеги бир нече соттук териштирүүгө катыштык. Кыргыз өкмөтү эл аралык деңгээлдеги соттук териштирүүгө катыша ала турган адистерди даярдоого өзгөчө көңүл бурушу керек. Сырттан эксперттерди, адистерди тартуу чоң каражат талап кылат. Көп мамлекеттерде алардын кызыкчылыктарын өз жарандары, өз адистери коргошот. Өкмөткө же Юстиция министрлигине караштуу, эл аралык сотторго барып иштөөгө даяр мыкты юристтердин жоон тобу, борборлору болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

“Русгидро” кыргыз өкмөтү менен соттошот
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:45 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG