Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:21

Москва: беш кыргызстандык зордуктоого шектелүүдө


Москвада беш кыргызстандык 49 жаштагы аялды күч менен үйдүн жер төлөсүнө алып киришип, арматура менен коркутуп, зордукташкан.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Москва шаардык Ички иштер башкармалыгына таянып жазганы боюнча, окуя 22-февралда болгон. Беш кыргызстандык Сергий Радонежский көчөсүнөн 49 жаштагы аялды кармап, күч менен үйдүн жер төлөсүнө алып киришкен да, арматура менен коркутуп, зордукташкан. Бул иш боюнча Орусия мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалган.

Москва полициясы кармалгандардын баары кыргызстандыктар экенин билдирүүдө.

Бул окуя боюнча азырынча Кыргызстандын ИИМне эч кандай маалымат түшө электигин полициянын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Ал эми 16-февралда Москва облусунун Ивантеевка шаарындагы үйлөрдүн биринен муздалган кишинин өлүгү табылган. Ал 21 жаштагы аксылык Мунарбек аттуу жаран болуп чыккан.

Кыргызстандын милициясы Орусиянын ички иштер кызматкерлери менен чогуу жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында маркум 16-февралга караган түнү Жумабек аттуу жердеши менен чогуу спирт ичимдигин ичкенин, пикир келишпестиктин айынан 20 жаштагы Жумабек аны бычактап салганы белгилүү болгон.

ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү 18-февраль күнү бул ишке шектүү делген Жумабекти кармап, камакка алды.

Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык жарандар жашап-иштейт. Арасында жумуш табалбай, түрдүү кылмышка кириптер болгондору да арбын.

XS
SM
MD
LG