Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

"Ат тезегин кургатпаган" Алексей Миллер


Алексей Миллер Бишкекке өткөн айдын этегинде да келип кеткен
Алексей Миллер Бишкекке өткөн айдын этегинде да келип кеткен

Өткөн айдын этегинде эле келип кеткен “Газпром” ишканасынын жетекчиси Алексей Миллер Кыргызстанга дагы келди.

Алексей Миллер 8-сентябрда Бишкекте журналисттер менен жолугушуп, октябрдан тарта газдын баасы арзандарын, газ кендерин чалгындоо иштери башталарын жана өлкө түндүгүнөн түштүгүнө газ кууру тартыларын билдирди.

Алты вариант каралууда

Бирок Алексей Миллер Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө газ куурун салууга канча каражат кетээри жана иш качан башталары азырынча белгисиз экенин тастыктады. Ушул тушта болжол менен эки жол каралып жатканын, узундугу 600 чакырымдай болоорун гана белгиледи:

- Азыр “Газпром” түндүк-түштүк газ куурунун оптималдуу жолдорун аныктоо боюнча аракет кылып жатат. Азыр эки болжолдуу жол тандалып алынды. Ар бир жолдун үчтөн варианты бар. Жалпысынан ошондо алты вариант болду. Мындай узак мөөнөттөгү долбоор өлкөнү газ менен ишенимдүү камсыздоо маселелерин чечет.

Миллер Кыргызстанга газ берүүнү жандандыруу боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайы тууралуу суроого жооп берген жок.

“Газпромдун” жетекчисинин маалымдашынча, түштүккө суюлтулган газ жеткирүү 7 пайызга көбөйдү. Ушул тушта жалпысынан канча газ керектелери иликтенип жатат. Андан сырткары өлкөнүн түндүгүн кышында үзгүлтүксүз газ менен камсыздоо максатында оңдоп-түзөө, керектүү жабдууларды сатып алууга 260 миллиондон ашык рубль бөлүндү.

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн эгемен күнүндө сүйлөгөн сөзүндө газ маселесин өзгөчө токтолгон болчу. Анда айрым оппозициячыл саясатчыларды жана коңшу Өзбекстанды бул маселени саясий кырдаалды олку-солку кылыш үчүн колдонуп жатат деп айыптаган. Кыргыз өкмөтү менен “Газпром” көгүлтүр от менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга болгон аракетин кылат деп ишендирген:

- Быйыл ноябрдан тарта “Газпром” Жалал-Абадда Майлы-Суу-4 жана “Көкарт” кендеринде газ чалгындоону баштайт. Бул аймактарда болжол менен 2,5 миллиард кубметр газдын запасы бар.

Жогорку Кеңеш да газ маселесин карайт

Газ маселеси Жогорку Кеңештин алгачкы отурумунда да көтөрүлдү. Вице-спикер Бөдөш Мамырова парламент жакында өкмөттөн отчет алаарын айтты:

- Миллер келгени менен маселелер ачык айтылган жок. Тескерисинче, өткөндө ал келип кеткенден кийин президент Атамбаев “кошуналар газ берүүнү атайын токтотуп жатат, бизге ушундай мамиле жасап жатат” дегендей түшүнүксүз нерселерди айтты. Ушундай жагдайлардан улам быйыл Ош шаары газ менен толук камсыз болору күмөн. Өкмөт жоопкерчиликти алгандан кийин биз өкмөттөн муну сурайбыз. Ушул айдын ортосунда өкмөттү чакырабыз, курч суроолорду беребиз. Курч талкуу болот.

Өзбекстан Кыргызстанга газ берүүнү ушул жылдын 14-апрелинде токтоткон. Анын так алдында, 10-апрелде Бишкекте “Кыргызгазды” толугу менен Оруcиянын “Газпром” ишканасына сатуу тууралуу жыйынтык келишимге кол коюлган эле. Документте “Газпром-Кыргызстан” ишканасын түзүү, өлкөнү газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, баасын арзандатуу жана ири өлчөмдө инвестиция салуу өңдүү шарттар каралган.

Расмий Ташкен газды токтоткон себебин ушул күнгө чейин түшүндүрө элек жана сүйлөшүү аракеттери майнапсыз болууда. Кыргызстан Өзбекстандан жылына 1 миллиард кубга жакын газ алып келген. Ош газ чарба башкармалыгынын болсо 50 миңден ашуун абоненти бар.

XS
SM
MD
LG