Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Араб маданияты Бишкекте

Маданият күндөрүнүн ачылыш салтанатынан. Бишкек, 6-май, 2013.

Бишкекте Сауд Араб Падышачылыгынын маданий күндөрүнүн жумалыгы башталды. Анын алкагында араб маданиятына кызыккан борбор калаанын тургундары бул өлкөнүн музыкасы, сүрөт өнөрү, кийимдери, дини жана улуттук өзгөчөлүктөрү менен таанышып кетсе болот.

Араб маданиятынын күндөрү улуттук кийимчен араб жаштарынын шаңдуу ыр-бийи менен ачылды. Эл арасында Сауд Арабияны ислам дүйнөсүнүн борбору деген түшүнүк жашайт. Бирок иш жүзүндө бул өлкөнүн маданияты абдан бай жана миң кырдуу экени дароо байкалат.
Тасмада: Араб бийи

Араб бийчилери Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00

Маданий иш-чара Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде ачылды. Залдын ичинде чыгыш татымдарынын жыты аңкып, келген коноктор дасторкон үстүндөгү араб даамдарынан ооз тийип жатышты.

Араб маданияты тууралуу радио баянды бул жерден угуңуз

Араб аялдары адатта кара хижаб, ал эми эркектери ак көйнөкчөн жүрүшөт эмеспи. Бирок көргөзмөдөгү кооз жасалгалар, улуттук оймолор, алтын менен шөкөттөлгөн азем кийимдер табышмактуу араб дүйнөсүнөн кабар берип турат.

Аталган элдин өкүлү Али Дошаринин айтымында, арабдар бул адеми кийимдерди үйүндө жүргөндө жана жакындарына конокко барганда кийишет.

- Бул көйнөктү Сауд Арабиянын түштүк жагындагы аялдар кийет. Бул болсо айылда жашагандар үчүн. Андан сырткары бий учурунда, эс алып жүргөндө кийе турган көйнөктөр бар. Бизде түштүк-түндүк, чыгыш-батыш жана борбордон деген аз-маз маданий бөлүнүүлөр бар болгондуктан, ар аймактын кийимдери бири-биринен айырмаланып турат. Азыр менин үстүмдөгү ак көйнөк жана жоолук арабдардын күнүмдүк кийими. Мунун өзгөчөлүгү өтө ысыкта тердетпейт, салкын жүрөсүң.

Сауд Арабиянын калкы азыр көп кабаттуу, же бардык шарттар түзүлгөн жер тамдарды байырлайт. Ата-бабалары чөлдө, төө менен ары-бери көчүп жүргөндөн уламбы, азыркы арабдардын көбү чатырды жакшы көрөт экен. Көргөзмөдө турган ошондой чатырдын бирине баш бактык.

Босогону аттаганда эле эмнегедир чөлгө келгендей сезимге кабылдык. Түркүн килемдер жайылган, кооз буюм-тайымдарга толо чатырдын төрүндө араб карыя улуттук аспап - рубабда (бир кылдуу, биздин кыякка окшошкон аспап) элдик күүлөрдү ойноп, ырдап жатты. Коломтодо темирден жасалган шайман турду. Арабдар буга чай кайнатып, тамак бышырат экен. Капшытта хижабчан аял ийик ийрип жатты.

Араб маданият күндөрүнүн Бишкектеги ачылышына көп киши келди. Арабдар бардык конокторго ыйык суу, тесме, куран, китеп, таттуу жана башка буюм-тайымдарды белекке берип жатышты.

Сауд Араб Падышачылыгында Кыргызстандын элчилиги бар. Жакында эле Падышачылыктын элчилиги Бишкекте ачылды.

Анын ыйгарым өкүлү Марий Барака Дербас Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосунда мамиле бекемделип жатканын, бирок аны ар тараптан күчөтүү үчүн ар кандай экономикалык жана маданий долбоорлор ишке ашырылаарын “Азаттыкка” айтты:

- Эки элдин ортосунда мамиле бекем болуш үчүн, маданият жана башка жактарынан байланышты күчөтүү үчүн ушундай жумалык өткөрөлү деп чечтик. Анын үстүнө Кыргызстанда Сауд Арабияга кызыккандар көп экен. Маданий иш-чаралар аркылуу жергиликтүүлөр көп маалымат ала алышат.

Исламда адамдын элесин кагазга түшүрүп, андай сүрөттөрдү үйдө илүүгө тыюу салынат эмеспи. Ушундан улам арабдарда көркөм сүрөт өнөрү жок болсо керек деп ойлогондор бар. Бирок бул жаңылыш пикир.

Көргөзмө залындагы араб сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынын өз керемети, терең мааниси бар экенин маданият министри Султан Раев минтип белгиледи:

- Көргөзмө мага абдан жакшы таасир калтырды. Мурда исламдык, шарият боюнча жашаган мамлекет болгондон кийин кайсыл маданият болмок эле деген оюм бар болчу. Бирок бул жерге келгенде ушул стереотип бузулгандай болду. Себеби дегенде, эми көргөн салттуу өнөрүн айтпай эле коёлу, мени өзгөчө сүрөт искусствосу кызыктырды. Анткени сүрөтчүлөрдүн ой жүгүртүүсү, боёкторго мамилеси, кабылдоосу светтик мамлекетте жашагандардыкындай эле кең экен. Жакшы-жакшы эмгектери бар экен. Ошонусу менен кызыктырды.

Маданий күндөрдүн ачылышына жергиликтүүлөр эле эмес, Сауд Арабиянын өзүнөн да толтура коноктор келди. Чырайлуу араб жаштары улуттук кийимдери менен таң калтырып, ар кандай суроолорго жооп берип жатышты. Бул майрамды сөз менен жеткирүү кыйын. Миң уккандан бир көргөн дейт.

Сауд Араб Падышачылыгын Бишкектеги Маданий күндөрү 6-майдан 9-майга чейин созулат. Анын алкагында концерттер жана кинотасмалар көрсөтүлөт.

Маданий иш-чарадан сүрөт баян

Саудиянын Бишкектеги маданият күндөрү

Араб аялдарынын турмуш-тиричилигинен: ийик ийрип жаткан аялдын образын көрсөтүү.
1/26 Араб аялдарынын турмуш-тиричилигинен: ийик ийрип жаткан аялдын образын көрсөтүү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Саудиядан келген бийчилер тобу. Бишкек, 6-май, 2013.
2/26 Саудиядан келген бийчилер тобу. Бишкек, 6-май, 2013.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Сауд Арабиядан келген конок маданият күндөрүнүн ачылышында сөз сүйлөп жатат.
3/26 Сауд Арабиядан келген конок маданият күндөрүнүн ачылышында сөз сүйлөп жатат.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Саудиялык бийчилер.
4/26 Саудиялык бийчилер.

5/26 Саудиялык бийчилер.

Арабдардын улуттук музыкалык аспаптарын көрсөтүү.
6/26 Арабдардын улуттук музыкалык аспаптарын көрсөтүү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Мекеден келген зам-зам суу куюлган идиш.
7/26 Мекеден келген зам-зам суу куюлган идиш.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб аялдарынын улуттук кийимдери.
8/26 Араб аялдарынын улуттук кийимдери.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб аялдарынын зер жасалгасы.
9/26 Араб аялдарынын зер жасалгасы.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Маданият күндөрүнүн ачылышынан соң Ыйык Куран китептери бекер таратылды.
10/26 Маданият күндөрүнүн ачылышынан соң Ыйык Куран китептери бекер таратылды.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
11/26

Арабча татуаж
12/26 Арабча татуаж
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү
13/26 Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Зам-зам суудан ооз тийгизүү.
14/26 Зам-зам суудан ооз тийгизүү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб маданиятын көргөнү келген бишкектиктер араб жигиттери менен сүрөткө түшүп жатты.
15/26 Араб маданиятын көргөнү келген бишкектиктер араб жигиттери менен сүрөткө түшүп жатты.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Көргөзмөгө кызыгуу.
16/26 Көргөзмөгө кызыгуу.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү.
17/26 Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү.
18/26 Араб сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб чатырынын ичиндеги көрүнүш.
19/26 Араб чатырынын ичиндеги көрүнүш.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Мекенин көрүнүшү.
20/26 Мекенин көрүнүшү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Сүрөт көргөзмөдөн.
21/26 Сүрөт көргөзмөдөн.

Араб жазуусун көрсөтүү.
22/26 Араб жазуусун көрсөтүү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Араб жазуусун көрсөтүү.
23/26 Араб жазуусун көрсөтүү.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Сүрөт көргөзмөдөн.
24/26 Сүрөт көргөзмөдөн.

25/26 Сүрөт көргөзмөдөн.

Музейдин ичине тигилген араб чатыры.
26/26 Музейдин ичине тигилген араб чатыры.
Сауд Арабиянын маданият күндөрү Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат. Бишкекте 6-майда башталган бул иш-чара 9-майга чейин созулат. Көргөзмөнүн ачылыш салтанаты дүйшөмбүдө Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. (Мирлан Токталиевдин сүрөт баяны.)
Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG