Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Мектеп формасы: жоюлдубу же көбөйдүбү?


Былтыр министрлик сынак аркылуу тандап, 2015-2016-жылы окуу жылында милдетүү түрдө кийилет делген мектеп формасы.
Былтыр министрлик сынак аркылуу тандап, 2015-2016-жылы окуу жылында милдетүү түрдө кийилет делген мектеп формасы.

Өкмөттүн мектеп формасы боюнча жаңы токтому ата-энелердин бир тарабын кубандырса, башкалары үчүн күтүүсүз болду.

Премьер-министр Темир Сариев 12-августта кол койгон өкмөттүн токтомуна ылайык, мектеп формасы төрт: кара, көк, кочкул кызыл жана боз түстө болот. Ал кол койгон токтомдо мектеп окуучулары 1-сентябрдан тарта ушул түстөргө ылайыктап, мектеп формасын кийүүгө милдеттүү экени айтылган.

Ошол эле кезде Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларына 30-сентябрга чейин эркин форма кийүүгө уруксат берди. Бул аралыкта мектеп жетекчилиги жана ата-энелер өкмөттүн токтомун негиз кылып, өздөрүнө ылайыктуу түстөгү форманы тандап алышы керек.

Билим берүү жана илим министри, КСДП партиясынан депутаттыкка аттанган Элвира Сариева буга чейин кабыл алынган бирдиктүү мектеп формасына нааразы ата-энелер көп болгондуктан, аны милдеттүү түрдө кийүү жокко чыгарылганын айтууда. Бирок ошол форманы тандап алып кийебиз деген мектептер болсо, ага да каршылык жок.

- Өкмөттүн азыркы токтомуна ылайык, мектеп формасынын төрт түстөгү стандарты туурасында министрлик ар бир мектепке кат жиберди. Мектеп жетекчилери менен ата-энелер сүйлөшүп, 30-сентябрга чейин бир форманы тандашы керек. Тагыраак айтканда, ошого чейин эркин формага уруксат берилет.

Өкмөттүн бул токтомун элдин бир тарабы колдосо, башкалары үчүн күтүүсүз болду. Анткени ушул жылдан тарта былтыр тандалып алынган мектеп формасын милдеттүү түрдө кийилет экен деген айрым ата-энелер аны сатып да алууга үлгүрүшкөн.

Маселен, Балыкчынын тургуну Гүлүмкан, быйыл 1-класска бара турган небересин мектепке даярдап жатат. Небереси бара турган мектептин жетекчилиги окуучу бирдиктүү форманы сөзсүз түрдө кийиши керектигин айткан. Гүлүмкан мектеп формасына байланышкан ата-энелерди "тарткан азабын" мындайча айтып берди:

- Мектеп формасы бизди аябай ойлондурду. Акчасы да кымбат. Бир үй-бүлөдө эки-үчтөн бала бар. Анын ар бирине алып бериш үчүн каражат керек. Бири иштейт, бири иштебейт, биринин колунда жок. Ак көйнөк, кара юбка эле жакшы болчу. Аны бири-бирине берип кийсе да болот. Мектеп мугалимдери формага 2200 сомдон чогултуп алышкан. Бирок ал форма бизге жаккан жок. Сапаты начар, акчасы туура келбейт. Акчабызды кайра алдык. Форма маселесин чечели деп бир канча ата-эне мектепке бардык. Айрымдары албайбыз деп жатса, айрымдары талашып жатат. Балыкчыда форманын баалары 2000-2500 сом болууда. Эми балама кымбатыраак болсо да дүкөндөн алып берем. Алып бербей койсоң да болбойт, баары кийип жатса, балам кийбей калабы дейт экенсиң.

Билим берүү жана илим министрлиги тандалып алынган бирдиктүү форманын үлгүсүн коомчулукка былтыр 1-июлда жарыялап, аны окуучулар 2015-2016 окуу жылынан баштап милдеттүү түрдө кийишмек. Мектеп формасынын эскизин тандап алуу үчүн чоң конкурс жарыяланып, анын бир варианты тандалып алынган. Билим берүү министрлиги муну социалдык теңсиздикти жоюу максаты менен түшүндүргөн болчу.

Бирок ата-энелер министрлик сунуштаган бычым менен тигилген формалардын сапаты начар, баасы кымбат экенин айтып келишкен. Бирдиктүү мектеп формасынын үлгүсүн иштеп чыккан дизайнер Элвира Султангазиева да форманын сапатын көрүп кейиген айтты:

- Бирдиктүү форманын чиймеси, үлгүсү мага таандык болгону менен менин автордук укугум жок. Себеби ошол эле министрлик аны патенттеп алуума тоскоол болгон. Азыр форманын сапатын көрүп мен аябай кейидим. Биринчиден, өкмөт мамлекеттик буйрутма берип тиктирсе мындай болмок эмес. Алар рыноктук негизге салып коюп, ар ким каалагандай тигип, каалаган баасына сатып жатат. Экинчиден, форманын сапатын, баасын ким текшерет? Бул жагдайлар эске алынбагандыктан ушундай жыйынтык келип чыкты.

Ошентип өкмөттүн эки башка чечими ата-энелерди ойго салып турган чагы. Өкмөт бирдиктүү мектеп формасы боюнча акыркы токтому менен мектеп формасы боюнча талкууну токтоттубу же ого бетер күчөттүбү, белгисиз.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG