Кыргызстанда жарандык никеде түтүн булаткандардын 60 пайызы мамлекеттик каттоого турбайт. Батыш өлкөлөрүндө бул көрсөткүч алда канча жогору. Эстония, Франция, Швеция өңдүү өлкөлөрдө калктын жарымынан көбү жарандык никеде жашашат. “Азаттык+” жарандык никенин күнгөй-тескейин талдоого алды.
Жарандык нике: жаңычылдыкпы же аргасыздыкпы? (2)
Жарандык нике: жаңычылдыкпы же аргасыздыкпы? (3)
-
Токтосун Шамбетов
"Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan
-
Айгерим Акылбекова
"Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган.