Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Өмүрдү түкүрүп таштаба, замандаш!


Азык-түлүк сатылчу катарлары жаңыртылып, иретке келтирилген Ош базарынын бир чоң тилкеси ичке түтүкчөлөргө, желим бөтөлкөлөргө, баштыктарга, каптарга толтурулган кочкул жашыл, капкара насыбайга берилген. Кокус бул катарга кире калсаң баштыктагыдан уучтап улам жаңы капсулага солоп, боолап жаткан соодагерлер өз товарын болушунча мактап, "жаңы эле жасалган, көрдүңүзбү, жашыл, уят болбойсуң" деп жабыша калышат.

Мурда бирин-экин гана насыбай саткан улгайган адамдар бар болсо, азыр бул катардан албан-субандай уландарды, атүгүл ачуусу чукул эжекени да көрдүк. Кантсе да саткан нерсесинин адамга пайдасы жок экенин билет сыяктанат, камерага тартпа деп, биздин операторду көздөй колуна тийген нерсесин ыргытып, ачуу тилин агытты.

Насыбайдын адамдын айрыкча жаштардын аң-сезимине, психикасына тийгизер таасирин иликтеп чыккан өлкөлөрдө бул залалдуу заттын кадимки маңзаттарынан айырмасы жок экенин, атүгүл ашып түшөрүн аныкташып, сатууга, чегүүгө мыйзамдуу тыюу салышкан. Биздин окумуштуулар да насыбайдын кесепетин иликтеп, анын адам өмүрүн соолутуучу олуттуу коркунуч экенин, ооз, дем алуу органдарын талкалап, канды бузуп, мээни кургатканы аз келгенсип тукумсуздукка алып келерин далилдешкен.

Бирок алигиче мамлекеттик бийлик тарабынан бул маселеге көз жумду мамиле болуп келатат. Эл ичинде насыбайды жактаган, актаган имиштер көп. Анын тамекиге караганда зыяны кыйла төмөн, ал тамеки тартууну азайтат дешет, бирок бул - чоң жаңылыштык. Экөөнүн тең таасири бирдей, айырмасы - тамеки тартканда биринчи соккуну дем алуу органдары, насыбай чеккенде ашказан, ичеги-карын алат. Насыбайдын тоголоктошкон шариктерин эриндин алдына салган учурда дуулдап, шилекей бездерин дүүлүктүрөт, насыбай аралашкан шилекейдин кичине эле бөлүгүн жуткан учурда жүрөк айланып, кускуну келтирип, окшутат. Ооз көңдөйүн каптаган чел күйүп, айрым жерлери оюлуп кетет.

Насыбай тартууга жана сатууга мыйзамдуу тыюу салынбагандан кийин аны зыянсыз деп ойлогонго болбойт. Атайын өндүрүштүк жайларда чыгарылбайт, ар ким өз оюндагысындай, ар нерсени кошуп жасайт, айрымдары тоголоктогонго оңой болсун үчүн клей аралаштырат, кээ бирлери күчтүү кылсам кардарым байланып калат деген ойдо маңзаттарынан кошот. Лабораториялык изилдөөлөр сатууга даяр насыбайдын түзүмүндө оор металлдын үлүшү ондогон эсе көп экенин аныктаган. Насыбайга көнүү, көз каранды болуу башка баңги заттарындай эле күчтүү, аң сезимди өзгөртүп, өлчөмүн да, таасирин да көбөйтүү муктаждыгын күчөтөт. Аны айрыкча алкоголдук ичимдиктер менен аралаштыруу өтө опурталдуу. Насыбайга көз карандылыктын башталышында эле адамдын ою бир жерге токтобой, эс тутум начарлап, башка маңзаттарынын таасириндей эле психиканын бузулушуна алып келет.

Орусия, Казакстан сыяктуу коңшулардын, биз менен алака-катышы бар өлкөлөрдүн коомчулугунда Борбор Азиядан, анын ичинде биздин Кыргызстандан барып жаткан насыбайды маңзаттарынын түрү катары санап, жаштарына, балдарынын келечегине олуттуу коркунуч жаратып жатканы үчүн иренжиген жагдай улам күчөп баратат. Элге залалы көп бул затты өндүрүүгө жана таркатууга мыйзамдуу бөгөт коюу жаңыдан ишке киришип жаткан парламентте каралып, тиешелүү чечим кабыл алынат деген үмүт бар.

Сезим Кудайбергенова

XS
SM
MD
LG