Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:52

Июнь коогасында жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө


Касымбек Мамбетов, саламаттык сактоо министринин орун басары.
Касымбек Мамбетов, саламаттык сактоо министринин орун басары.

Июнь коогасында жапа чеккендерге жардам көрсөтүү максатында уюшулган медициналык көчмө кербен түштүк жергесинде ишин баштады.

Кабарчыбыз ушул өңүттө саламаттыкты сактоо министиринин орун басары Касымбек Мамбетовду кепке тартты.

- Былтыркы коогалаң айынан саламаттыгынан жапа чеккендердин жалпы саны канча жана аларга азыр кандай жардам көрсөтүлүүдө?

- Расмий маалыматка таянсак, кагылышуу маалында түштүк жергесинде эки миңге чукул адам жараат алган. Мындан тышкары 430 чактысы курман болгон. Азыр премьер-министрдин тапшырмасы боюнча Өкмөттүн атайын токтомуна ылайык, министрликтин мыкты адистери Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында атайын жыйын курушту. Ушундан кийин медициналык дасыккан адистер үймө-үй кыдырып, тополоң мезгилинде жараат алгандардын тизмесин такташтырып жатышат. Баса, кимдин колунда тергөөчүнүн токтому, же соттук-медициналык экспертизанын аныктамасы болсо, алар дагы шаардык жана облустук комиссиядан өткөндөн кийин гана аталган топтун арасында добушка коюлмакчы. Андан кийин гана алардын чыгымдарын мамлекет тарабынан компенсациялоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошол себептүү биз азыр ушундай иштерди өтө сергек караштырып жатабыз. Кыскасы, 5-10-июнга дейре ушул өңдөнгөн мүчүлүштөрдү толук бүтүрөбүз деген ойдобуз.

Кечээ Жалал-Абад облусунда болуп, ал жактагы штабда жасалып жаткан жумуштар менен жакындан таанышып, айрым маселелерди жеринде бүтүрүп кайттым. Мындан тышкары биз Бишкектен түштүк жергесине атайын медициналык кербен жөнөткөнбүз. Аларды көчмө борбор деп атасак дагы жарашчудай. Атайын автобустардын ичинде УЗИ, ошондой эле башка дагы медициналык изилдөө жабдыгы, стамотологиялык бөлмө жана флюрографиялык көчмө жабдыктар бар. Учурда Бишкектен жогорку даражадагы адистер келип, Ош шаарында жана облусунда жергиликтүү калкты кылдат кароодон өткөрүүнү жүргүзүп жатышат.

- Кыска мөөнөттө медициналык көчмө борбор Ош коогалаңында жабыркагандарды текши текшерип чыкканга үлгүрүшү кыйын го?

- Массалык маалымат каражаттары аркылуу кеңири маалымат таратканбыз, ага ылайык кайрылгандардын бардыгын сөзсүз текшеребиз. Албетте, айрымдары жайкы эмгек өргүүсүнө кетиши ыктымал. Жайлоого көчүшү деле күтүлөт. Мунун баарын түшүнүп турабыз. Бир эле келгенде баарын бүтүрөлү деген ниетибиз деле жок. Кечээ ушундай тапшырма бердим, кимиси доктурларга кайрылса, улутун жана динин ылгабастан тегиз текшерип жатышат. Себеби, былтыркы коогалаңда баары ушул аймакта жүрүшпөдүбү. Кыскасы, психологиялык же медициналык жардамга муктаждардын баарына текши жардамдашканга аракет жасап жатабыз.

- Медициналык жардам акысыз көрсөтүлөбү?

- Жанагыл кайрылгандарга көчмө борбор медициналык жардамды
албетте, бекер жүгүзөт.

- Касымбек мырза, былтыркы Ош коогалаңында медициналык кызматкерлер дагы жабыр тартышпадыбы. А түгүл алардын өмүрү да кыл учунда турду. Быйыл ошол окуянын кайталанбашын үчүн Кыргыз өкмөтү кандай чукул чараларды көрсө деп эсептээр элеңиз?

- Алишер, мен эми саясатчы эмесин. Былтыркы коогалаңдын кесепеттери чындап эле калк үчүн орду толгус жоготууга айланды. Жашырганда не, биз мындайда тажрыйбасыз экендигибиз ачык билинди. Ошондуктан, Орусиядан жана Германиядан эксперттерди чакыртып, биздин хиругдарды бүт окуттук. Анткени, талаа салгылашы деп коёт. Ошондой шартта иштегенге биз даяр эмес экенбиз. Эми ушул жагына өзгөчө көңүл бурушубуз кажет. Мындан тышкары дүйнөлүк Кызыл чырым уюмунун жардамы аркасында дагы окууларды уюштуруп жатабыз. Кудай сактасын, ошентсе да, медициналык кызматкерлер өзгөчө кырдаалда иштегенге көнүшү кажет. Анткени, жергебизде башка кырсыктар деле жетиштүү эмеспи. Жер көчкү, жер титирөө сыяктуулар. Ошондой күтүлбөгөн жагдайларга туруштук берүүгө биз дайыма даяр турушубуз абзел. Ошон үчүн дагы кызматкерлерибизди окутуп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.
XS
SM
MD
LG