Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Кушубакова: Ысыкта тазалыктын мааниси эселеп өсөт


Бишкектеги Ош базары, 2011-жылдын 15-июлу.
Бишкектеги Ош базары, 2011-жылдын 15-июлу.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адиси Мария Кушубакова жайкы ысыктагы санитардык чаралар тууралуу кеп салып берди.

“Азаттык”: Ысыкта тамак ашты-кантип сактоо керек же аны сатып алууда эмнелерге көңүл буруу зарыл, ууланып калбаш үчүн?

Мария Кушубакова: Эми күн ысык кезинде сөзсүз түрдө тамак-аштын сактоо мөөнөтүнө көңүл бөлүш керек. Жыл сайын эле бизде жайкы мезгилде ич өткөк, ич келте оорулары жана башка көптөгөн оорулар көп кездешип турат. Ич өткөк ооруларынын көпчүлүгү кичинекей жаш балдарда кездешет. Бул ошол тамак-аштын туура эмес сакталашынан болот. Анан дагы таза эмес суу менен тазалангандан жана санитардык гигиена эрежелерин сактабагандыктан болот. Эми ысыкта эң негизгиси тамак-ашты сактоо мөөнөтү бул өзүнүн шартына-талабына жараша болуш керек. Кандай гана тамак-аш болбосун муздаткычтарда сакталышы керек. Азык-түлүктү сатып алаарда анын сактоо мөөнөтүн караш керек. Бизде көбүнчө ушул жагдайга анча маани бере беришпейт. Сактоо мөөнөтүн карабай сатып алышат.

“Азаттык”: Аптапта адамдар көлмөлөргө, арык жээгиндеги сууларга, шаарда фонтан алдындагы сууларга же бассейндерге барып сергигенди жакшы көрүшөт. Санитардык адис катары буга кандай баа бересиз, эмнелерге көңүл буруш керек?

Мария Кушубакова: Санитардык көзөмөлдөө департаменти негизи катталган гана объектилерди текшерүүгө алат. Арык, суу жээги, көлмөлөрдү эч кандай көзөмөлгө ала албайт. Андыктан ата-энелер мындай жерлерге балдарын түшүрбөй эле койгонго аракет кылышы керек. Жогоруда биз айтып кеткен ич келте жана сарык оорулары көбүнчө ушундай суулардан жугат.

“Азаттык”: Ысыкта сууга болгон муктаждык өсөт экен. Адамдар чаңкап суу эле самап калат. Суусундуктарды тандоодо эмнеге көңүл буруусу абзел?

Мария Кушубакова: Суусундуктарды тандоодо анын тазалыгына көңүл буруу керек. Газдалбаган таза сууга эч нерсе жетпейт. Эми азыр мурункуга караганда суусундуктардын түрлөрү абдан көп. Шире аралашкан, туз аралашкан ар кандай суусундуктар бар, бирок аларды канча ичсең ошончо чаңката берет. Алардан көрө накта булак, минералдык суулар жакшы.

“Азаттык”: Жайда чиркей-чымын күч алат. Безгек сыяктуу жугуштуу оорулар дал ушулардан жугат дешет. Алардан кантип коргонуу керек?

Мария Кушубакова: Бизде үч-төрт жылдан бери безгекке каршы долбоорлор иштеп келатат. Алардын негизинде региондордо атайын бекер түрдө пашаканаларды (чиркейге каршы чатырларды) таркатышат. Алар болбосо деле адамдар кадимкидей чаралар менен сактаныш керек. Дарыканадагы атайын майлардан алып сыйпанып сактанса болот.

XS
SM
MD
LG