Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07

Көп улуттар мунаса менен өнүгөт


Рудаки атындагы Тажик коомдук бирикмесинин ардактуу президенти, Кыргызстан улуттук илимдер академиясынын академиги Абдухалим Раимжанов, Кыргыз-орус славян университетиндеги кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу, доцент Галина Василькова жана Кыргызстан парламентиндеги «Республика» фракциясынын өзбек тектүү депутаты Абдулатип Режабалиев “Сыйабанда” моноулуттуу өлкө күчтүү болобу же көп улуттуу өлкөбү, Кыргызстанды жердеген 80ден ашык улуттун өкүлдөрү азыркы саясий, экономикалык, чечим кабыл алуу процесстерине активдүү катышып, өлкөнүн жеңилин жерден, оорун колдон алып жатабы? - деген суроолордун тегерегинде пикир алмашты.

Талкуунун биринчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз.


«Азаттык»:
Өткөн кылымдын 60-жылдары Америкада расизм күч алып, сен карасың, сен баланча жерден келгенсиң деп бири-бирин кодулап турган эле. Кыргыздын «курама темир курч болот» деген сөзү сыңары эми кайсы жерде болбосун Американы эң күчтүү улут катары мисал тартышат. “Кыздын 40 чачы улуу” деп коёт эмеспи, сөздү Галина айымга узаталы. Көпчүлүк орус туугандар көчүп кетип калды, дагы көчүп жатышат, Кыргызстан деген сиз үчүн эмне?


Галина Василькова: Биздин мамлекетибизден орус тилдүүлөр жана кыргыздардын өзүлөрү биздин экономикабыздын төмөндөп баратканынан, жумушсуздуктан Орусияга, Казакстанга көчүп кетип жатышат. Ооба, Кыргызстан кыйынчылыктарды тартууда, бирок өзүм Кыргызстандын жараны катары баары бир өлкөбүз гүлдөп чыгат деп ишенем. Ата-энем 30-жылдары ушул жерге көчүп келишкен, өмүр бою ушул жерде жашап, биз төрөлүп, жогорку билим алып, ушул жерде кызмат кылып атабыз. Оңой эмес учурда Кыргызстанды таштап качып кеткенге мен барбайм. Ошондуктан, мен туруктуу Кыргызстанда жашайм, өз кызматымды аткара берем.
Өмүр бою ушул жерде жашап, жогорку билим алып, ушул жерде кызмат кылып атабыз. Оңой эмес учурда Кыргызстанды таштап качып кеткенге мен барбайм...


«Азаттык»: Абдухалим мырза, сиз Совет заманын кенен көрдүңүз. Ошол кезде интернационализм деген түшүнүк бар эмес беле. Эмнегедир акыркы 20 жылда саясий процесстерге көбүнчөсү кыргыздар катышканын көрөбүз. Сиз кыраакы, тажрыйбалуу адам катары айтсаңыз, башка улуттар өздөрү башын салгысы келбей жатабы, же кыргыз улутундагылар ошол процесстерге катыштырбай жатабы? Мисалы, Европада кайсы жерден келбесин, ошол жерге эл болуп, футболук командаларында ойношот, илиминде, маданиятында жүрүп жатышат. Кыргызстанда ошондой келечекке ишенесизби?

Абдухалим Раимжанов: Мен буга ишенем. Өзүмдүн тажик улутунун мисалында айтып берейин. Биздин жергебизде 40 миңден ашуун тажик эли жашайт, көбүнчө Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында. Бүгүнкү күндө илимдин он доктору өсүп чыкты. Бир гана Үч-Коргон айылынан илимдин 36 кандидаты чыкты. Мен көп жылдардан бери Кыргыз илимий гемотология борборунун директору болуп иштейм. Менден башка Кардиология институтунда илимдин эки доктору бар. Тажикче төрт, аралаш мектептер ондон ашык. Тажик улутунан Ак үйдө иштеген киши жок. Мурда, мисалы Хасанжан Дадабаев Министрлер кеңешинин башчынын орун басары болуп иштеген. Азыр андай жок. Бирок илим жагынан бизге каршылык кылган кишини көргөн жокмун.

«Азаттык»: Саясий процесстерге, мамлекет башкарууга, айталы укук коргоо органдарында улуттук баланс, тең салмак сакталганбы? Бардык улуттардын ушул өлкөнүн толук кандуу жараны катары сезгенге өбөлгө болушу мүмкүнбү?

Режавалиев: Бардык улут оорду колдон, жеңилди жерден алса


Талкуунун экинчи бөлүгүн ушул жерден угуңуз.



Абдылатип Режавалиев:
“Ырыс алды ынтымак” деген макалдан баштагым келип турат. Азыр мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактап калыш үчүн элибизде, улуттар арасында ынтымак болуш керек. Бүт улуттар салымын кошуп, мамлекетти кантип алдыга жылдырабыз, канткенде мамлекетибиз, элибиз байыйт деген маселени алдыга биринчи коюшубуз керек. Бүгүнкү күндө органда, кызматта иштегендер, аскерге барган боюнча суроо көп. Бул жерде бөлүнбөш керек. Аскерге курагы жеткен баланы улутуң мындай деп бөлбөстөн, бардыгы барып кызмат кылыш керек. Эгер колунан келип, кызматты жакшы аткарган болсо, органда иштесе да болот. Азыр биз тааныш-билиш кылбастан, колунан жакшы иш келип, мамлекетке салымын кошо турган адамдарды кызматка коюп иштетсек жакшы болот. Былтыркы окуялардан кийин улуттар арасындагы ынтымакты, достукту болушунча бекем кылышыбыз керек.

«Азаттык»: Абдулатип мырза, сиз депутат катары эл аралап жүрөсүз. Дөөлөттү, байгер Европаны, Американы алалы - раса, улут арасында көп эле кагылыштар, бири-бирин кыянатчылык кылган көп эле учурлар болуптур. Былтыркы каргашадан кийин бири-бирибизди бычактай берген, жакалай берген болбойт экен, баарыбыз ынтымакта турушубуз керек деген сезимди байкай алдыңызбы?

Режавалиев: Эл бизге тынчтык керек, бөлүп-жарып, тополоң кылгандар жооп берсин деп жатышат. Мурдатан эки эл биримдикте жашап келгенбиз, ошол жашоону кайра эле жашайбыз деген сөз эл арасында дайыма айтылып келет. Бир айылда канча улут бирге жашаган болсо, азыр кудай буюрса, акырындык менен куда-сөөк, кошуна болуп жашоо нугуна түшүүдө.

Раимжанов: Тажик согушу сабак болсун

Раимжанов:
Кыргыз элинин кылым карыткан накыл сөздөрү бар: «Казак - бир тууганым, түркүм - кандашым, өзбек - өз элим, тажик - бир тууган тайым» деген. Мен далил катары 1992-97-жылдары тажик жергесинде болгон граждандык согушка кайрылайын. Согуш убагында мен он жолу барып келдим, ошол жерде болгон окуяларды, өлгөн адамдарды, талкаланган айыл-шаарларды көрүп, ар бир кайтып келгенимде мен радиодо, теледе дайыма айтчумун: урматтуу кыргыз элим, Кыргызстанда жашаган көп улуттардын өкүлдөрү, келгиле тынчтыкта, амандыкта жашайлы, тынчтыкка тете эч нерсе жок деп. Ошол убакта элдин ортосундагы жакшылыкты, досчулукту өз көзүм менен көргөн адаммын.

«Рудаки» ассоциациясынын президенти катары жумушка келгенде 30-40 адам эшигимдин жанында күтүп турчу, биз Тажикстандан келдик, жардам бериңиз деп. Жарымы кыргыз, жарымы тажик. Өкмөткө кайрылып качкын деген күбөлүк алып бергенбиз. Ошону менен булар 92-97-жылардары бул жерде жашап кетишти. Тажик согушу бир жарым миллион качкын, 200 миң өлүм алып келди, 10 млрд. доллар өкмөткө зыян келтирди.
Азыркы учурда эмне себептен сабатсыздыкка туш болдук, трайбализмден биз кутулушубуз керек. Бул биздин коомубузда эң чоң оору. Тааныштык, уруучулук, тууганчылык - туура эмес көрүнүш, ар бир жарандын камбылдыгына карап, эгерде иштеп бере турган инсан болсо ошону тартыш керек, кыргыз болобу, орус болобу, дунган болобу....


«Азаттык»: Сөзүңүзгө кошумча, тажик коллегам экөөбүз Америкада чогуу 15 күн болдук. 2006-07-жылдары Кыргызстанда акыбал аябай курчуп, бир улут эки жаатка бөлүнгөндө, тажик коллегам мага телефон чалып, колуңардан келсе чатакты ырбатпагыла, бул бир баштылап алса токтото албайсыңар, кийин өкүнөсүңөр, биз көзүбүз менен көрүп, кан кечип жүрдүк, мындай өрттү кудай сактасын деди.

Василькова: Бийликте, парламентте орус тилдүүлөр аз. Совет доорунда идеологиябыз, партия деген бар болчу. Эгерде катачылык кетирсең, партиялык органдарга сүйрөп келип, суракка алып беттештирчү. Биздин кыргыз туугандарыбыз таарынбасын, мен бетке эле айта салам. Азыркы учурда эмне себептен сабатсыздыкка туш болдук, трайбализмден биз кутулушубуз керек. Бул биздин коомубузда эң чоң оору. Тааныштык, уруучулук, тууганчылык - туура эмес көрүнүш, ар бир жарандын камбылдыгына карап, эгерде иштеп бере турган инсан болсо ошону тартыш керек, кыргыз болобу, орус болобу, дунган болобу.

«Азаттык»: Кыргызстандагы башка улуттарды чечим кабыл ала турган саясий активдүү позицияга жылдырыш керек деген ойду айтып жатасыз. Бул ойго Абдулатип мырза да кошулса керек. Саясый позицияларга башка улуттар көбүрөк кошулса, ошондо көмүскө жерде отуруп алып нааразылык айткандар азайса керек, туурабы?

Режавалиев: Жаңы Конституцияга ылайык 5-чакырылыштын жаңы парламентте андан мурдагы чакырылыштарга салыштырмалуу башка улуттардан депутаттар көп. Анын үстүндө гендердик жагынан алсак, аял кишилер келип отурушат.

«Азаттык»: Кыргызстанга дагы бир чоң сыноо - шайлоо келип калды. Былтыркы шайлоого кайрылып көрсөк, мисалы, орус тилдүүлөргө Москвадан сигнал болгонун ошошндо элдин баары көрдү акыркы күнү кимди шайласаңар болот деген, эсиңиздердеби? Ошондой эле өзбек жамааттарына дагы өзүнчө сигнал барды деген сөздөр чыкты. Бул жолу ошондой улутуна, тегине, жерине карабастан, программасына, келечекте Кыргызстанды цивилизациялуу жолго салып кете турган инсан шайласа болобу, же кайрадан кийлигишүү болуп калышы мүмкүнбү?

Василькова: "Чылыктын" кесепети баарына тийип жатат

Василькова:
Мен деле саясатка толугу менен башымды киргизген адамдардан эмесмин. Бирок биздин кыргыз жергесинде жашап жүргөн инсандардын ичинен жигитчилик кылып кыргызстандыктардын келечегин ойлоп кызмат жасаса, татаал абалдан аман-эсен чыгат элек.


Режавалиев: Былтыркы шайлоо партиялык тизме менен өттү. Быйыл биз мамлекетибиздин президентин шайлайбыз. Бул кишини шайлап кой деген туура эмес, эл өзү тандайт. Азыр элибиз көбүрөк саясатташып кетти. Айыл жеринде бүт саясатчы болуп калды. Мамлекетти ким алдыга алып чыгып кетет деген боюнча элдин оозунда алдын ала сөздөр бар. Демократиялуу мамлекетпиз, эл өзү кимди кааласа ошону шайлаш керек. Тыштан, башка мамлекеттен, же башка улуттан басым болбош керек.

Раимжанов: БУУнун мурдагы төрагасы Кофи Аннандын айткан сөзү бар, кайсы өлкөдө улуттардын саны көп болсо, ошол өлкө эң бай өлкө болот деп. Себеби жогору жактан - кудайдан келген көрсөтмө экен. Андан башка Хеопс пирамидасы кылымдан бери турат. Менин оюмча, республикада 80ден ашуун улуттардын өкүлдөрү ушундай биримдик пирамидасын түзүшүбүз керек. Бул пирамиданын ар бир кышын 5 млн. эл коюш керек, ошонун ичинде 80 улуттун өкүлдөрү да болуш керек. Ошондо чыныгы бекем пирамида болот.

«Азаттык»: Өнүккөн дүйнөдө кишини оболу адам катары карайт. Мисалы, сизди тажик катары эмес, илимпоз Абдухалим ага катары, Галина Алексеевнаны көп тил билген, жаны тынбаган айым катары. Бирок эмнегедир көбүнчөсүн постсоветтик мейкиндикте биринчи улуту ким, жери кайдан, уруусу ким деп сүрүштүргөндөн башталганы кызык. Адамды адегенде улут эмес, адам катары караган сезимге жетебизби?

Режавалиев: Ошондой идеология жок болуп жатпайбы. Жакшы идеология иштеп чыгып, ошол боюнча иштеш керек. Ошондо балдарыбызды жаштайынан тарбиялап отуруп, бул нерсеге жетсек болот.
Жакшы идеология болуш керек. Тажик телеканалын көрсөм, бир күн кечке Тажикстаным - менин сүйгөм өлкөм деп ырдап жатышат. Аларда саясат жок, алар турмушумду оңдоюн, тынчтык, аманчылыкта жашасам башка эч нерсе кереги жок деп атат...


«Азаттык»: Былтыр Ошко командировкага барганда швед адам менен таанышып калдым. Ал Кыргызстанда көп жылдан бери иштейт экен. Ошол киши мындай деген ойду айтты: “Швеция өзү Кыргызстандагыдай көп улуттуу эмес, акыркы кезде гана ар кандай этнос өкүлдөрү бара баштады. Азыр жаңы, келгендердин бийин, улуттук тамагын жеген ар бир швед адамы үчүн жаңы ачылыш, барып алып ошолордун жашоо-турмушун, бийлеп, ырдап атканын көрүп туруу ар бир шведге рахат алып келет. Кыргызстандыктар силер кудайым берген байлык жатканын өзүңөр сезбейсиңер” деп. Сиздер көп түрдүү маданиаттардын, көп түрдүү адамдардын кошуундусунда турганыңарды барк албайсыңар деп айтканына аябай таң калдым эле. “Колдо бар алтындын баркы жок” деген эске келет.

Раимжанов: Мен Финляндияга бардым, ал жерде финдерден башка 30 миңге жакын татарлар бар экен, алардын ассоциациясы бар экен. Финдин президенти менен кол алышып көрүшкөндө тажик ассоциациясынын президенти дедиби, айтор, татар ассоциациясынын президентин чакырып, кубанып сүйлөгөн эле. Биз 80 улутту кудайга шүгүр дешибиз керек.

«Азаттык»: Мен бир нерсени айтсам, радикалдуу угулушу мүмкүн. Кыргыз тилин сактоо комиссиясынын болушуна же Кыргызстан элдеринин ассамблеясы болгонуна таң калам, тажик диаспорасы, уйгур диаспорасы, славян диаспорасы деген керектир тилди, маданиятты сактап жана өркүндөтүш үчүн. Жалпы кыргызстандыкпыз деген идеология болсо андай түзүмдөрдүн зарылд деле жоктур?

Кыргызстан калк ассамблеясынын жыйыны, 2011-жылдын 18-июну.
Раимжанов: Жакшы идеология болуш керек. Тажик телеканалын көрсөм, бир күн кечке Тажикстаным - менин сүйгөм өлкөм деп ырдап жатышат. Аларда саясат жок, алар турмушумду оңдоюн, тынчтык, аманчылыкта жашасам башка эч нерсе кереги жок деп атат.

Василькова: Менин раматылык энекем, Украинадан 5 жашар кыз кезинде ушул жерге келген. Ал көз жумганга чейин жалаң украин тилинде сүйлөгөн, тоодо жашап жүрүп, кыргыз тилинде, орус тилинде сүйлөп жүрдү, бизди да көп тилге көндүрдү. Эгерде аң-сезимиңде өз элиң жөнүндө болсо сен тилиңди да, дилиңди да унутпайсың.

Кыргыз бардык улутка уютку болушу абзел

«Азаттык»:
Кийинки кезде айрыкча кыргыз жаштарынын арасында кыргыздардын негизги ата-журтун сактап калалы, сырттан эч ким кол салбасын, биздин эркин, эгемен өнүгүп кетишибизге эч ким жолтоо болбосун дегендей ураандар көтөрүлүп жатат. Мамлекетке ат берген улут катары кыргыздар башка улуттарга, этносторго уютку болуп, ошолорду бириктирүүчү күчкө ээ болушу керекпи? Интернационализм менен кыргыздын улуттук умтулуусунун ортосунан кандай мунаса тапса болот?

Раимжанов: Мунаса тапса болот. Кыргызстандын улуу эли кыргыздар. Калган 80 улут ушул элдин тегерегинде болуп, бир укуктуу элди түзүшүбүз керек. Бардыгыбыздын максатыбыз кыргыз жергесине жакшылык, тынчтык, амандык алып келиш, өлкөбүздө экономиканы көтөрүш, элдин акыбалын оңдош гана болуш керек.

Режавалиев: Мамлекетибизде стабилдүүлүк болмоюн мамлекетибиздин өнүп-өсүшү болбой турганына ынандык, эл муну түшүндү. Азыр Кыргызстанда жашаган бардык улут биригип, Кыргызстан - менин мекеним, өз үйүм деп санап, мамлекетти алдыга жылдырууга салым кошушу керек.

Василькова: Айланайын кыргызстандыктарга кайрылат элем: кыргыздар болобу, өзбектер болобу, орустар болобу, дунгандар болобу, бир аз чыдай туралы, Кыргызстанды ушул абалдан биз чыгарбасак, ким чыгарат? Ар кандай карама-каршылык, көралбастык болуп атат, аны жоюш керек.

«Азаттык»: Батаңыздар тийсин, жакшы тилектериңиздер кабыл болсун. Аманчылыкта кездешип туралы.

XS
SM
MD
LG