Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Үч айлык үч эм кароого муктаж


Керез апа үч эм неберелери менен.
Керез апа үч эм неберелери менен.

Үч эм төрөп, ооруга чалдыккан Мунара Сейитбекова азыр кардиология борборунда дарыланып жатат. 3 айлык ымыркайлар каралбай калгандыктан таенеси Таласка алып келип багууда.

Алтымыштын кырындагы Керез Сейитбекова коляскада жаткан үч эм небере кыздары чыргоолосо ары-бери далбас уруп, ымыркайларды сооротууга ашыгып жатты.

Керез апа ушинтип ооруга чалдыккан кызынын ымыркайларын күн-түн дебей багып отурат.

- Кыйын эле болуп жатат, кагылайын. Айла жок багып жатабыз. Келиним жардамдашып, эмизип дагы жатат.

Үч эмдин апасы Мунара Сейитбекова жүрөк ооруга кабылып, учурда Бишкектеги кардиология борборунун реанимация бөлүмүндө дарыланууда.

Ал ортодо ымыркайлардын тайатасы Нургазы Сейитбеков дагы сөзгө аралашты.

- Чоңдордун кыздары үч эм төрөсө, шыр эле жардам беришмек. Бизди, карапайым элди такыр карашпайт. Бишкектин мэрине кайрылышыптыр, жардам жок.

Кыйынчылыкка кабылган тайне “Азаттык” аркылуу бийликтерге кайрылуу жолдоду:

- Жетекчилер мүмкүн болсо ушуларга жардам берсе экен дейм. Керек болсо булардын шаарда квартирасы жок. Утур-утур көчүп, конуп жашап жүрүшөт. Акыры кыйналганда мага таштады. Менин пенсияма гана жашап жатабыз.

Ымыркайлардын энеси Мунара Сейитбекова 17 жылдан бери Бишкектеги жугуштуу оорулар клиникасында мээрман айым болуп эмгектенген. Анын Бишкекте туруктуу жашаган жери болбой убактылуу каттоодо тургандыктан, балдарга жөлөк пул төлөнбөй келет.

Бакай-Ата районундагы аялдар комитетинин төрайымы Санамбүбү Чотонова да жетекчилерге кайрылып жатыптыр:

- Мен булар төрөлгөндө телевизордон көргөм, Бишкек мэри Иса Өмүркулов келип, гүл берип куттуктап кеткенин. Буларга сүйүнчү да берилбей, жөлөк пул да төлөнгөн эмес. Мен Атамбаев менен өкмөт башчыга кат жазгам, азыр жообу келе элек. Бул жерден тайнесине эле кыйын болду. Күнүгө келип көрүп жүрөм. Булардын тамак-ашы, памперсине эле канча акча кетет.

Бакай-Ата районунун акиминин орун басары Айжамал Шамбетова кыздын энеси көп жылдан бери Бишкек шаарында иштеп, район каттоосунан чыгып кеткендигине карабай колдон келген жардамдарын берип жаткан экен.

- Ушул үч эм кыздардын атасына кайрылып кетет элем. Алардын чоң ата, чоң энеси дагы бар чыгар, жардам бериңиздер. Апасы ооруп жаткандан кийин түртүп койбой, баарыбыз жардам беришибиз керек. Биз демөөрчүлөрдү да караштырып жатабыз. Үчөө болгондуктан тамак-аш, алардын керектөөсү чоң болот.

Райондук бийлик үч эмге каралашып, ден соолуктарына байкоо жүргүзүү үчүн атайын медайым бөлүп бериптир. Бирок жалгыз тайнесинин пенсиясы эмнеге жетмек эле?
XS
SM
MD
LG