Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:53

Акча талаш адам өлүмү менен аяктады


Апрель, июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен.
Апрель, июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен.

Бишкек шаардык милиция 10-кичи райондо 27-февралда болгон атышууну иликтеп жатат.

Сейил бактагы атышуудан эки адам ок жеп, бирөө ооруканада көз жумду. Алдын ала иликтөөгө караганда, эки топтун ортосундагы куралдуу чыр үстөгү менен берилген акчадан улам чыккан.

2010-жылы апрель, июнь окуяларында миңден ашуун курал-жарак элдин колуна өтүп кеткен болчу.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, окуя 27-февралда түштөн кийин саат 4төрдө болгон. Шаардын түштүк дарбазасындагы сейил бакта Ленинград блокадасына катышкандарга арналган эстеликтин жанында эки топ 9 миң доллар боюнча талашып-тартышкан:

- Ал жерде эки топ өз ара чатакташып, биринчи тарап, экинчи топту белгисиз курал менен атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Эки жаранга ок тийген. Бирөө оор жаракат алып, ооруканада көз жумду. Экинчиси бутунан жаракат алып ооруканада жатат. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Кылмышка шектүү делген 1971-жылкы адам Бишкек шаарында жеке ишкер катары акчаны пайызга берүү менен алектенчү экен. Учурда издөөдө жүрөт. Анын каякта жашаганы белгилүү.

Сейитов бул топтордун уюшма кылмыштуулукка тиешеси бар-жогу такталып жатканын кошумчалады. Иликтөөгө караганда чырдашкандар буга чейин эле бири-бирине акча берип-алышып жүргөн экен:

- Булар баары бири-бирин таанычу. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын тургундары экен. Бири-биринен акча алып, кайра пайызы менен кайтарып берип жүрүшкөн. Бул ирээт өз убагында бербегенине байланыштуу, опузолоого чейин барышкан. Чырдашып жаткандардын бир тарабы ок чыгарган. Азыр ким кандайча ок чыгарганы такталууда. Уюшма кылмыш топторго тиешеси бар экени аныктала элек. Тапанчанын тек-жайы да такталууда.

Бул окуяны Таш-Көмүр шаарынын милициясы да териштирип жатканы маалым болду.

Мурунку ички иштер министри, генерал Өмүрбек Кутуев, каш карая электе борбор шаардын сейил багындагы атышууну элдин колундагы курал-жарактын көптүгү менен түшүндүрдү:

- Бул окуяга таң калбай деле койсо болот. Чеченстанда “тапанчасы жок эркек да эркекпи” деп айтышчу эле го. Биздики да ошого өтүп баратат. Азыр элдин колунда курал-жарак көп. Мурда, 95-жылдары Балыкчыдагы аскер бөлүгүн тоноп кетишкен. Анан Баткенде болду. Ошко ары Тажикстандан келет. Азыр курал-жарак толтура.

2010-жылдагы апрель-июнь окуяларында миңден ашык ок атуучу курал-жарак көптөгөн ок-дарысы менен элдин колуна өтүп кеткен. Ички иштер министрлиги курал-жарактарды кайтарып алуу үчүн акчалай сыйлык жарыялаган. Генерал Кутуев бул аракеттерден майнап чыкпасын айтууда:

- Куралдар “кара базарда” 2-3 миң доллар турса, 5 миң сомго берип коймок беле. Аны издеп туруп эле, тартып алыш керек. Ыкчам иштерди жүргүзүш керек. Кимдин колунда эмне бар экенин баары эле билет. Бири-бирине мактанат, кошунасынын мылтыгы бар экенин билет. Аймактык тескөөчүлөр, кылмыш иликтөө бөлүмдүн кызматкерлери иштеп, куралдарды чогултуш керек. Болбосо эч ким тапшырбайт. Менде болсо, мен деле тапшырбайт болчумун. “Кара базарда” 2-3 миң доллар турган куралды 5 миң сомго эмнеге бермек элем? Ал жөн эле элди бушайман кылбоо үчүн эле айтып койгон сөз. Милиция өздөрүнүн айлыгы жок жүрүп кайсы айлыгына сатып алмак эле?

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө орто эсеп менен жылына курал-жарак колдонулган болжол менен 50-60тай кылмыш катталат.
XS
SM
MD
LG