Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Бала табам деп... ажал тапкан Жазгүл


Өзгөн райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү.
Өзгөн райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү.

Төрт ай мурун Өзгөндөгү төрөт үйүндө ажал тапкан Жазгүл Кубатованын өлүмүнө байланышкан иш чиеленишип кетти.

Маркумдун туугандары шалаакылык кылган деп дарыгерлердин күнөөлөсө, ак халатчандар өз жанын караган эмес деп маркумдун өзүнө кине коюп жатышат. Райондук прокуратуранын бул боюнча иликтөө иши узакка созулууда.

Жазгүл Кубатова ушул жылдын 4-февралында Өзгөн райондук ооруканасында төрөттөн мертинген. Маркум үчүнчү чүрпөсүн төрөгөнү келген экен.

30 жаштагы кызынан ажырап, кабыргасы кайышып турган Орозбү Жуманазарова бул каргашага дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду деп эсептейт:

- Кызымды опперация жолу менен эле төрөтүп алгыла десем мени укпай коюшту. Үч күн күттүм, чыдамым кетпей, опперация кылгыла деп кыйкырганымдан кийин гана аракет кылышты. Тирүү алып кирип кетишип, өлтүрүп колума карматышты... Ошондон бери канча убакыт өтсө да төрөт үйүндөгүлөр бир да жолу же кечирим сурап, же көңүл сурап келген жок...

Маркум Жазгүл Кубатованын толгоосу башталган учурда аны өзүнүн айылы – Мырза-Акедеги төрөтканага алып барышкан. Бирок ал жерден толгоосу токтоп, бир жума сактануу бөлүмүндө дарыланган. Абалы күн сайын оорлошо бергендиктен айылдык төрөткана районго жолдомо берген. Өзгөндөгү төрөт үйүндө ага үч күндөн кийин гана опперация жасалган. “Ал деле менин суранычым менен гана ишке ашты”, - дейт маркумдун апасы.

Бирок төрөт үйүнүн башчысы Нуркан Таштанова бул каргашада дарыгерлерде айып жок деп эсептейт:

- Жазгүл Кубатованы бизге алып келишкен учурда толгоосу жок болчу. Ошондуктан үч күн бою сактануу бөлүмүндө болду. Толгоосу 4-февраль күнү башталды. Аябай кан көп кеткендиктен опперация жасадык. Биз колубуздан келген бардык жардамды көрсөттүк, бирок ошого карабай кете берди.

Дарыгердин жүйөөсү боюнча, келиндин ичиндеги ымыркайды да сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

- Жазгүл буга чейинки балдарын деле аз кандуулук менен төрөгөн. Ошондуктан ага кайра төрөөгө мүмкүн эмес болчу.

Бирок маркумдун жакындары ал кош бойлуу кезинде оорубай эле жүргөнүн айтышууда.

Өзгөн районунун прокурору Жаныбек Жолдошевдин айтымында, бул иш боюнча төрөт үйүнүн кызматкерлерине кылмыш иши козголгон. Азыр тергөө амалдары райондук милиция тарабынан жүргүзүлүүдө.

- Дарыгерлердин өз ишине кайдыгер мамиле кылгандыгы үчүн ушул иш болуп отурат. Текшерүү учурунда дагы бир нерсени байкадык, УЗИнин жыйынтыгында маркумдун боюндагы бала 42 жумалык деп турат, ал эми оорулуунун баракчасына 40 жума болду деп жазышкан.

Бирок төрөт үйүнүн башчысы түйүлдүктүн мөөнөтү боюнча эч кандай ката кетирилбегенин билдирүүдө.

Өзгөн райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү.
Өзгөн райондук ооруканасынын төрөт бөлүмү.
Ошентип төрт айдан бери эненин өлүмүнө байланышкан иш соңуна чыкпай келет. Төрөткананын кызматкерлерине кылмыш иши козголгон, бирок дарыгерлердин баары иш ордунда. Алар күнөөлүү деп табылса гана иштен бошойт жана 5 жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Түштүк аймактын үй-бүлөлүк дарыгелерлер тобунун маалыматы боюнча, быйылкы жыл башынан бери 9 аял төрөттөн ажал тапкан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төрт кишиге көп.

Аймактык үй-бүлөлүк дарыгелерлер тобунун энеликти коргоо боюнча координатору Айгүл Өмүралиеванын билдиришинче, энелердин өлүмүнүн үчөөсү Баткенге, алтоосу Ошко таандык.

«Үч аял дарыгерлердин шалаакылыгы менен көз жумган жана аларга кылмыш иши козголгон. Калгандары өз ден-соолугуна кайдыгер карагандыктан болууда. Негизинен, турмуш-шарты оор үй-бүлөдөгү келиндер төрөт маалында өлүмгө дуушар болууда», - дейт Өмүралиева.
XS
SM
MD
LG