Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Ишмер Абды Сүйөркуловдун эстелиги ачылды


Бишкек – Ош жолуна Абды Суйөркуловдун ысымын ыйгаруу сунушу айтылды
Бишкек – Ош жолуна Абды Суйөркуловдун ысымын ыйгаруу сунушу айтылды

2-ноябрда Бишкекте мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркуловдун эстелигинин ачылыш аземи болду.

Кыргыз элинин мамлекеттик ишмерлеринин аллеясындагы эстеликти ачып жатып, президент Роза Отунбаева мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов жетим болуп жетилегенин, өлкөнүн экономикасы үчүн зор салым кошконун белгиледи.

Абды Сүйөркулов мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков менен тагдырлаш да, кызматташ да болгон.

1950-жылы Исхак Раззаков биринчи катчы болсо, Абды Сүйөркулов министрлер кеңешинин төрагасы болуп жети жыл иштеген.

Абды Сүйөркулов инсан катары сылык-сыпаа, манап киши болгонун педагогика илимдеринин доктору Исак Бекбоев да айтып, “ал башка жетекчилерге үлгү. Абды Сүйөркулов жетекчи катары иш билги, чарбакер, уюштургуч, зирек жетекчи болгон", - деп эскерди.

Эстеликтин ачылыш салтанатына Токтогулдан атайын келген карыя Жеңишбек Момуналиев атасы Абды Сүйөркулов менен дос болгонун айтып, ошол учурдагы жетекчилердей бөлөк улуттун кыздарына үйлөнбөй, жылкычы Абылкасымдын Ширинкан аттуу кызына үйлөнгөнүн “Азаттыкка” айтып, эскерди.

Абды Сүйөркуловдун жетекчилиги учурунда 600 чакырымга созулган Бишкек – Ош жолун, 3 километрден узун Төө-Ашуудагы туннел курулганы, ири-завод, фабрикалар салынганы да айтылды. Бишкек – Ош жолуна Абды Суйөркуловдун ысымын ыйгаруу сунушу да жаңырды.

Мамлекеттик ишмер Абды Сүйөркулов 1947-жылдан тарта 1969-жылга чейин Кыргызстанда бир катар жетекчи орундарда иштеп келген. 1950-жылдан 1958-жылга чейин Кыргызстан министрлер кеңешинин төрагасы болгон. Сүйөркулов 1992-жылы дүйнөдөн кайткан. Ошондон бери 20 жылдан кийин гана эстелиги коюлду. Кийинки жылы 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Сүйөркулов 1912-жылы 12-декабрда Токтогул районундагы Торкент айылында туулган. Кетмен-Төбө колхозунда башкарма, Жалал-Абад облусунун аткаруу комитетинин төрагасы, Кыргызстан коммунисттик партиясынын экинчи катчысы, Жогорку Кенештин төрагасы, Министрлер кеңешинин төрагасы болуп кызмат өтөгөн.

Абды Сүйөркулов ардактуу эс алууга чейин 10 жыл соода министри болуп турган. Эки жолу Ленин, эки жолу Эмгек Кызыл туу ордендери менен сыйланган. СССР Жогорку Кеңешине үч ирет депутат болуп шайланган.
XS
SM
MD
LG