Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:56

Кочкор-Ата: чоң көйгөйдү жараткан чакан базар


Ош – Бишкек жол боюнда турган Кочкор-Ата шаар базарынын айланасында автоунаа токтоочу жай жок.

Ош – Бишкек жолунун боюнда турган Кочкор-Ата шаарынын базар айланасына токтогон унаалардан баш айланат. Базар четине борбордук унаа жолдо жүргөн машинелерден сырткары шаар ичи жана жакынкы айыл-кыштактардын, андан сырткары Майлуу-Суу, Бүргөндү, Таш-Көмүр, Шамалдуу-Сай, Ош-Бишкек - Жалал-Абад, Базар-Коргон, Масы багытында жүргөн такси унаалар, жолоочулар токтойт.

Мамлекеттик жол коопсуздугун сактоо кызматкери Сайпидин Табалдиевдин айтымында, алардын саны күнүнө алты-жети жүздөн миңге чамалайт:

- Ош – Бишкек жолунда абал өтө эле жаман. Жамгыр-кардан калган суу минтип жолдо көлчүк болду. Шарт жоктугунан тротуарлар тосулган, өткөн-кеткен транспортко тоскоол болуп жатат. Транспорттун көптүгүнүн жол тийбей, жүктүү машиналар да топтолуп калууда. Жол чети менен баскан кемпир-чал, адамдар, араба түрткөндөр аябай кыйналып кетишти. Жол өтө бузулган. Алма, картошка-пияз саткандар жолдун боюна чыгып алышты. Көбүнчө сатуучулар аял киши болгондуктан аларга эч нерсе дей албайсың. Кочкор-Атанын ичи-тышы, базардын төрт тарабы бүт эле машина. Айдоочулардын бардыгы "унаа токтоочу жайды көрсөтүп бергиле" деп суранышат, биз аны көрсөтө албай жатабыз. Себеби унаа токтотуучу жай жок. Жол эрежеси да бузулуп атат.

Базарда сатуучулардын көптүгүнөн бош орун табылбайт. Базардан орун тийбеген сатармандар жолго катар тизилип, соода жүргүзүүгө мажбур. Аксыдан алып келген мөмө-жемиштерин жол боюнда соодалаган Нургазы Токтогазиев базарга эл батпай калганын айтууда:

- Соода-сатык акырын жүрүүдө. Базардын ичине алып кирип сатууга болбойт. Анткени биз оптом машина менен алып келгенбиз, Аксынын Кашка-Суу айылынан. Бизге базардын ичинен орун жок. Азыр жолдун четинде соода кылып атабыз. Бул эми дыйканчылык, акырындык менен сатабыз да.
Борбордук жолдун начардыгы атайын көзөмөлгө муктаж. Анткени ал базар тушунда кадам сайын оюлган.


Айдоочу Чабармандын айтымында, чуңкурларына жакында төгүлгөн шагыл кечээ жааган жамгыр-карга жуулуп кетип, жол кайра жарактан чыкты:

- Бизге дыйкан базар ачып берсин, башкасынын кереги жок. Болбосо жолдун боюнда тура беребиз. Машинебизди эртең менен стоянкага коюп алабыз. Жолго караган эч ким жок. Бүргөндү айылынан тээ Жалал-Абадга чейин жол ушинтип бузулган, оюлуп кеткен. Авариялар да болуп атат. Кечээ жүктөп келаткан чөбү менен бир машина аңтарылып кетиптир.

Мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин деректири Чолпонбай Өсөров мурда базардын азыркыдай кеңейери эске алынбай курулганын билдирди:



Ош-Бишкек жол боюна жайгашкан шаар-райондордун ичинен жалгыз Кочкор-Ата шаарынын борбордук базарынын айланасында мына ушундай баш катырган жагдай түзүлгөн. Базардан эки чакырым алыс турган жерге мурда автобекет курулган, бирок ага эл барбай койгон.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG