Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Бекерчиликтен чарчаган карылар


Карылар үйүн байырлагандар
Карылар үйүн байырлагандар

Чүйдүн Төмөнкү Серафимовка айылындагы карылар жана майыптар үйүндөгүлөр керээлден кечке бош жата берип, ичкиликке берилип жатканын жатак үйдүн кызматкерлери кулак кагыш кылууда.

Чачын ак баскан 73 жаштагы Ирина Калинина Төмөнкү Серафимовкадагы карылар үйүндө сегиз жылдан бери баш калкалап келатат. Ал бош жаткандан тажап, бакчадагы чөптөрдү туш келди жулуп жатты:

- Кичине болсо да иштеш керек да. Тыюу салса эмне экен? Баары эле таштап алып кетип калышты. Жаштар такыр иштегиси келбейт, карыгандарды мажбурлап да иштете албайсың.

Бул кемпирдин минтип туталанышынын жөнү бар. Ирина Калинина сыяктуу эмне кыларын билбей айласы куругандар ондоп саналат. Бул жердеги карылардын чарбачылыкка аралашпай калганына бир топ болду.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин чечими менен эмгек терапиясына 2010-жылы эле тыюу салынган. Бул маселенин чоо-жайын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык тейлөө бөлүмүнүн башчысы Нурдөөлөт Базарбаев минтип түшүндүрдү:

- Эмгек терапиясы жөнүндө карылар үйү боюнча жалпы жободо жазылган. Ошонун негизинде эле жаңы стандарт кабыл алынганча жокко чыгарылган. Эмгек терапиясы Башкы прокуратуранын кийлигишүүсү менен 2010-жылы жоюлган.

Эмгек терапиясынын жоюлушуна карылардын арыздануусу себеп болгонун “Азаттыкка” аталган карылар жана майыптар үйүнүн башчысынын жардамчысы Марс Мырзалиев айтты:

- Чалдарыбыз иштебейбиз деп министрликке даттанышкан. Алар бул жакка иштегени эмес, жашаганы келгенбиз дешти. Жаш кезибизде иштегенбиз, эми эс алышыбыз керек дегенде эмгектенүүнү алып салышкан.

Карылар үйүнүн кызматкерлери белгилеген ичкиликти эрмек кылган карылар менен жолугушуп, баарлашуу аракетибизден майнап чыкпады.

Карылар үйүнүн терапевт-врачы Гүлзат Курманалиеванын бышыктаганына караганда, ичкиликтин айынан чыр-чатактар чыккан учурлар да болот экен. Муну дарыгер эмгек терапиясынын жоюлушу менен байланыштырды:

- Буларга иш берип, алаксытпасак дайыма эле бул жерде ичишип, мушташып, бири-бирине жаман сөздөрдү айтышат. Аларды алаксытыш үчүн да эмгек терапиясы керек.

Бул үйдөгү карыларга “Сен жалгыз эмессиң” кайрымдуулук кору маал-маалы менен колдоо көрсөтүп турат. Анын төрайымы Назгүл Насиева бекерчиликтен айынан чарчоо азабын карылар абдан эле тартып жаткандыгын белгиледи:

- Кайрымдуулук иштери менен карылар үйүнө барып калганда ишсиздиктин айынан алган пенсиясына көчөдө арак ичип, түз басалбай жүргөндөрдү көп көрөбүз. Короо-жайынын баары каралбай, чөптөр өсүп кеткен. Биз ошондо электр менен иштей турган чөп чабуучу шайманды алып барып, иштесеңер өзүңөргө эле пайдалуу деп айтканбыз. Менимче, эмгек терапиясын жойбош керек болчу.

Карылардын эптеп-септеп күн кечирип калышына, сыягы камкордуктун жетишсиздиги да себепкер көрүнөт. Жатак үйдүн кесиптик кошуунунун төрайымы Гүлнара Исакованын айтканына караганда, буга айланып келип эле социалдык кызматкерлердин айлыгынын аздыгынын залакасы тийип жаткандай:

- Жумушсуздуктун айынын ичкилик ичишет. Чындап келгенде пенсиялары биздин айлыктан көп. Баласы бары-жогу деле жүрөт. Балдары деле келип-кетип, чогулткан пенсияларын уялбай эле көтөрүп кетишет. Өкмөткө кайрылат элем кызматкерлердин айлыгын көтөрсүн деп. Атамбаев мыйзам чыгарганда айлык акы үч эсе жогорулайт деди эле, бир эсе да көтөрүлгөн жок.

Төмөнкү Серафимовкадагы 500 орундук карылар жана майыптар үйүндө учурда 308 киши баш калкалайт. Алардын көбү колу-бутунан ажыраган майыптар, алты саны амандары деле бир топ.

Майып туруп, жашоого сергек караган Мырзабек Ашырбаев бизди кубантты. Бутун кокустатып алып, майып болуп калган бул киши мурда өтүкчү болуп иштеген экен:

- Жатсак жата беребиз. Кичине кыймылдап, акча үчүн эмес, өзүбүз үчүн бир нерселерди жасашыбыз керек. Бул жерде өзүбүз жашап жатабыз. Жумуш болсо аракка чуркабай, эл менен эл болуп отурушмак. Бул жерде бош жатканда эмне?

Мырзабек Ашырбаевди карылар үйүнүн иштерманы деп айтсак болгудай. Ал тагдырлаштарынан айырмаланып, жаны тынбайт экен. Карылар үйүндөгүлөрдүн бут кийимдерин арзан эле оңдоп берерин айтат. Биз анын бөлмөсүнө киргенде жаңы жасалган кыямдан (вареньеден) ооз тийгизди. Көрсө эмитен эле кышкыга деп өрүктөн 2 литр кыям камдап алыптыр.

Мурда карылар терип-тескеп койчу бакчанын мөмө-жемиштерин керекке жараткан Мырзабек Ашырбаев сыяктуулар албетте, бул жерде аз. Колунан келгендери түймө түйүп, сайма сайса, “колумдан келбейт, эс алышым керек” дегендери күчүн ичкиликтен чыгарууга аргасыз.

Карылар үйүндөгү үч тагдыр

Карылар үйүндөгү үч тагдыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:57 0:00
XS
SM
MD
LG