Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Жетимдер үйүндөгү жаңжал ырбап барат


Бишкектеги жетим балдар үйүнүн жетекчиси Алексей Петрушевскийдин айланасындагы жаңжал уланууда.

Айрым укук коргоочулар шаардык билим берүү департаменти балдар үйүнүн башчысына жалган жерден жалаа жапты деп айыптап, кызматтан кетирүүнү талап кылышууда.

Департамент башчысы Айнагүл Ниязова айрым укук коргоочулар ички ишке одоно кийлигишип, шектүү иши иликтенип жаткан жетекчини коргоп калуунун камын көрүп жатышат деп жарыялады.

Бейөкмөтчүлөр айыптайт!

Назгүл Турдубекова баштаган бейөкмөт уюмдардын жетекчилери Бишкек шаардык билим берүү департаменттинин башчысы Айнагүл Ниязованын жекече жоопкерчилигин кароону талап кылууда. Алар "билим берүү мекемелериндеги коррупциянын күч алышына Айнагүл Ниязованын салымы бар" деп айыпташып, анын ишмердигин ачык сындагандарды кысымга алып жатат деп эсептешет. Буга мисал катары жетим балдар үйүнүн жетекчиси Алексей Петрушевскийди кызматтан кетирүү үчүн жалаа жапканга чейин барды деп айыптады.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Ниязованын ишмердүүлүгүнө укуктук баа берүү демилгесин көтөрдү:

- Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Ниязова айым мектептерди, балдар үйлөрүн коркутуп-үркүтүп башкарууну өнөкөткө айландырып алган. Ага баш ийбегендерди ар кандай жолдор менен текшертип, жалган жалаа жабуу менен кызматтарынан шыпырып түшөт экен. Кароосуз балдарды кабыл алуучу борбордун жетекчисин дагы мына ошондой эле жол менен каралап жатат. Биз Ниязованын коррупциялык иштерин иликтеп чыгып, анын жоопкерчилигин кароону жана кызматтан кетирүүнү талап кылабыз.

Департамент четке кагат!

Петрушевский менен билим берүү департаментинин ортосундагы чыр
"балдар үйүнүн тартиялануучулары психикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылышкан" деген билдирүүдөн кийин ырбап кетти. Кароосуз балдарды кабыл алуучу борбордун ишин атайын комиссия иликтеп бүттү. Бирок анын жыйынтыгын тергөө органдары карап чыкмайынча коомчулукка жарыяланбайт.

Билим берүү департаментинин башчысы Айнагүл Ниязова айрым укук коргоочулар билим берүү мекемесинин ички ишине ашкере кийлигишип жатканын сынга алды:

- Мына ошол укук коргоочулар эмне себептен биздин комиссия балдар үйүн иликтей баштагандан бери эле бизге асыла баштаганына түшүнбөй жатабыз. Эгерде алар балдардын укугун коргогулары келсе, жанагыдай маалыматтарды иликтеп чыгууга аракет кылышпайбы. Бирок алар тескерисинче Петрушевскийди коргоп калуунун амалын көрүп жатышат.

Ошол эле учурда Ниязова аталган мекемедеги балдарды сексуалдык катнашка мажбурлаган конкреттүү фактыларды айта алган жок. Коомчулукта чуулган жараткан ал маалыматты парламенттин атайын жумушчу тобу да иликтеп көрмөй болду.

Жогорку Кеңештин билим берүү, илим жана маданият иштери боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Осмоналиев жетим балдар үйүндөгү түшүнүксүз жагдайлардын чын-бышыгына жеткенден кийин гана аны шардана кылышса болмок деген ойдо:

- Негизи бул маселени иликтеш керек. Бирок шаардык билим берүү департаменти шашылыш түрдө капыстан эле билдирүүлөрдү жарыялай бербей, аны аягына чейин кылдат иликтеп чыкканда болмок. Аталган балдар үйүндөгү жагдай боюнча бизге да “сигналдар” түшкөн. Ал жакта кандайдыр бир түшүнүксүз жагдайлар бар экендиги маалым. Бирок аны катуу текшерип чыгып, мына ошол божомолдорго ынанымдуу далилдер болгондо гана бир нерсе деп айтсак болот.

Бишкектеги балдар үйүндөгү психикалык жана сексуалдык зомбулук аракеттери туурасында шаардык билим берүү департаментине өзүн кайсы бир коомдук фонддун президенти катары тааныштырган Игорь Трофимов билдирген. Анын маалыматына негизденген департамент жетекчиси Ниязованын билдирүүсүнө эми тергөө органдарынын жообу кандай болот деген суроо кабыргасынан коюлууда.
XS
SM
MD
LG