Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Зита менен Гита кандай түш көрөт?


Зита (солдо) жана Гита (оңдо)
Зита (солдо) жана Гита (оңдо)

Сиам эгиздери Зита менен Гита ажыратылгандан бери 10 жыл толду.

Бир табарсык, эки бөйрөк, үч бут менен төрөлгөн кыздар 2003-жылы 26-мартта Москвадагы Филатов ооруканасында ажыратылган эле. Эгиз кыздардын бүгүнкү турмушу менен таанышуу үчүн Жаңы-Жер айылындагы үйүнө баш бактык.

Аягы жок операция, грузиндер доолаган карыз

Бүтүн денени экиге бөлүү оңойбу? Уникалдуу операциядан кийин Зита төрт, Гита эки жолу бычак жеди. Ден соолук начар, организмде ооруга туруштук берчү касиет жокко эсе.

Бечелге жөтөлдүн кереги жок болсо да, экөөн жыл сайын илдет тооруйт. Дары күчү менен гана жүрөк согууда. Гитанын көкүрөгү ооруйт. Онкология ооруканасында каттоодо турат. Өткөн жылы Зитанын курсагында калган жатын клеткасы өсүп, ириңдеп кеткен. Москвалык дарыгерлер 8 саат бою күрөшүп жатып, өмүрүн сактап калышкан болчу. Быйыл июль айында ичегиси сезгенип, Тбилисиде дагы бир оор операцияны баштан кечирди.

Кыздардын апасы Зумрият Резаханова бул жолку дарылануу карапайым үй-бүлөгө кымбатка түшкөнүн айтат. Ата-эне ушул убакка чейин грузин ооруканасына карызын төгө элек.

- Жарым жан болгондон кийин кыздар эки жакка деле чыкпайт. Быйыл үйдө жата берип, бук болуп кетишкенде Грузияга жибергем. Тбилисиде туугандар жашайт. Баргандан көп өтпөй эле Зита ооруп, операция болду. Мурда Москвадан бекер дарыланып келишчү. Жол чыгымын, жаткан жерибизге эле өзүбүз акча тапчубуз. Быйыл грузин ооруканасына баш-аягы 2550 лари бересе болуп калдык. Биздин акча менен эсептегенде 80 миң сомго чукул. Бир ай убакыт беришкен. 27-августта акчаны банк аркылуу которушум керек эле. Тилекке каршы, таба алган жокмун. «Көп түкүрсө көл болот» эмеспи, эми кайрымдуу адамдардан жардам күтөм, - деди Зумрият Резаханова көзүнө жаш алып.

Аткарылбаган убада, сууган көңүл

Зита менен Гита быйыл 9-классты бүттү. Учурда ата-эне колунда. Көбүнчө китеп окуп, түймө түйүп убакыт өткөрүшөт. Экөөнүн тең эңсегени - жогорку билим алуу. 2010-жылы Резахановдордун үй-бүлөсүнө ошол кездеги орус президенти Дмитрий Медведевдин администрациясынан кат келген. Анда эгиздер 9-классты аяктары менен Москвадагы медициналык колледжге экзаменсиз кабыл алынып, акысыз окуй турганы жазылган болчу. Өкүнүчтүүсү: убада аткарылган жок.

Гита
Гита
Зумрият Резаханова быйылкы жылдын апрель айынан тарта катта көрсөтүлгөн бардык телефондорго чалып чыккан. Бирок куру шылтоодон башка оң жооп уккан эмес. Тажаганда азыркы президент Владимир Путиндин атына кат жөнөткөн. Көп узабай кыздардын үмүтүнө суу сепкен жооп келгенин Зумрият Резаханова төмөнкүчө баяндады:

- Москва шаарынын Саламаттык сактоо департаменти жазган экен. Колледжге экзамен менен гана кабыл алынат деп жүрөт. Булар мектепте окуган жок да. Интернаттан алган билим менен окууга өтө албасы белгилүү. Телефон чалсам, мүмкүнчүлүк болгон кезде эмнеге алып келген жоксуңар дешти. Анда кыздар 8-класста окучу да, баары бир кабыл алышмак эмес. Билип туруп эле күйгүзүп жатышпайбы. Майнап чыкпасына көзүм жеткенде бул жактан айла издедим. Кувейт университетинде жеңилдиктер каралган, майып балдар бекер окуйт дешкен. Кечээ тактасам, жылына 43 миң сом төлөш керек экен. Окутуп деле коймок элек, бирок чамабыз жетпейт. Күн сайын экөөн сабакка жеткирип, кайра алып келе албайбыз. Экинчиден, кыздар эл катары ажатканага барбайт. Заара-заңы түтүк аркылуу курсакка чапталган баштыкка куюлат. Аны бат-бат алмаштырып туруу керек. Болбосо жыттанып кетет. Жатакана болсо бири-бирине жардам берип, которуп турушат эле. Экөө тең зээндүү, өткөрүп койсок эле окуп кетишмек. Мындай балдарды элге кошпосо түнт тартып кетет экен. Акыркы кезде ачуулуу болуп баратышат.

Адеми көйнөк кийип, бийлегибиз келет!

Кыздардын атасы Рашид Резаханов борбор сыртындагы Жаңы-Жер айылында турат. Жер менен оокат кылган карапайым дыйкан. Зита менен Гитадан башка бир уул, эки кызы бар. Баары бир үйдө чогуу турат. Зумрият Резаханова эгиздердин жарым жан болуп төрөлүшү башка балдарына да кесепетин тийгизгенин айтат.

- Маңдайга жазылган тагдыр экен. Зита менен Гита ушундай төрөлүп калды. Айылда түшүнүк башкача эмеспи. Ар ким ар кандай айтат. Ушул жылы кичүү кызымды турмушка узаткан элем. Кайын-журту: «Сен да кем бала төрөйсүң, тукумуңда бар турбайбы», - деп кемсинте бергенинен кечээ жакында ажырашып келди. Ага чейин күйөөм гепатит с (цирроз печень) менен ооруп аз жерден калган. Өзүмдүн да жүрөгүм начар. Эгиздерди 25 жашымда төрөгөм, быйыл 46га чыктым. Өмүрүмдүн теңи дөңгөлөк үстүндө өттү. Чуркап жүрүп, берки балдарыма мээрим төгө албадым. Экөөн ушул бойдон интернатка таштап койгонго жүрөгүм чыдаган эмес. Кыйналбай, өз алдынча жашасын деп операцияга берсек, аягы ушундай болду. Көптөр мени даттанат деп жаман көрүшөт. Жардам берсек, бизди айтпай койдуң дегендер бар. Сурангандан, бирөөнүн көзүн карагандан деле чарчайт экенсиң. Мен да чарчадым…

Зита
Зита
Апасы сүйлөп жатканда эгиздердин сабыры суз олтурду. Айрыкча Зита айтылган сөздүн баарын жүрөгүнө жакын кабыл алып жатканы байкалды. Гитанын бир буту протез экен, аны корсет менен белге байлап коюшкан. Ошентсе да балдак менен араң басып жүрөт. Анысы белин өйкөп салганын көрдүк.

- Экөөбүз кээде отуруп алып, бизди бөлбөй эле коюшса болмок экен деп өкүнөбүз. Мынчалык кыйналбайт элек. Апабыз да убара тартты. Башка кыздарга окшоп адеми көйнөк кийип, бийлегибиз келет. Бийик такаларды көргөндө суктанганыбызчы... Быйыл 21ге чыгабыз. Москвага барабыз деп химия менен биологияны аябай окудук эле. Зита педиатр, мен болсо терапевт болгонго даярданып жаткам. Эми кайдан? - дешти апасы сыртка чыгып кеткенде улутуна.

Түшүбүздө чуркап жүрөбүз

Маанайларын көтөрүү үчүн кепти башкага бурдум. Кандай түш көрүшөрүн, кандай китеп окушарын сурадым. Гита түгөйү экөө дайыма окшош түш көрөөрүн айтты. Зита эле биологияга, Гита көркөм чыгармаларга жакын экен.

- Түшүмдө дайыма чуркап жүрөм. Эки бутум соо. Анан ойгонуп кетсем таң аткан болот. Зитадан сурасам, ал да меникиндей түш көргөнүн айтат. Акыркы кезде Москвага барып, окуп жүргөнүбүз кирчү. Жакшылыкка жоруп койчубуз.

Зита менен Гитанын бөлмөсү үйдүн өйдөкү кабатында экен. Тар тепкичтерден балдак менен чыгышканын көрүп бир чети таң калып, бир чети жаным ооруду. Керебеттери эки бөлөк жайгашыптыр. Бири кызыл, экинчиси жашыл жиптен байпак согуп жаткан экен. Токуганды жеңесинен үйрөнгөнүн айтышты.

Күндөлүккө төгүлгөн көз жаш

Зита менен Гитанын бөлмөсүндө текче толо китептер. Экөө тең күндөлүк жазат экен. Ак баракка сырын төгүп, сырдашып жеңилдеп алышат. Күндөлүктөрүнөн айрым үзүндүлөр:

- Мектепте мага бир кыз «ушу сен качан өлөсүң?» деп айтты. Аябай ыза болдум, бирок унчукпадым. Ушундай болуп төрөлүп калганыма күнөөлүмүнбү? (Гита)

- Апамды аябай жакшы көрөм. Мурда аны бизди төрөгөнү үчүн күнөөлөчүмүн. Азыр эч кандай күнөөсү жок экенин билем. Ыйлап жатканын көргөндө жүрөгүм ооруйт. (Зита)

- Биз жашоодон чарчадык. Биз өзүбүздү ушундай абалда көргүбүз келбейт. Апам:
«Эртең менен күлүп тур, күн бою өзүңдү жакшы көр»,- деп айтат. Күзгүдөн өзүмдү жылаңач көргөндөн кийин кантип жакшы ойлоном? Жүрөгүм муздап калды. (Гита)

- Апама кыйкырдым. Буттуу болгум келет дедим. Апам мени сооротту. Анан бир күн кечке ыйлап, көздөрү шишип жүрдү. Өзүмдү ичтен жемеледим. Сыйкырчы болбогон соң апам кантип буттуу кылмак эле? (Зита)

Аптаптагы ойлор

Күндөлүктү баштан-аяк окуй алган жокмун. Оор болуп кетти. Ичимен мындай тагдырды башка салбасын деп ойлодум. Коштошуп жолго чыктым.

Зумрият Резаханова кайрымдуу адамдардан жардам күтөрүн, ушуну баса белгилеп жазуумду өтүнүп узатты. Кыздардын атасы Рашид машинеси менен айылдын башындагы аялдамага чейин жеткирип келди. Жолду катар былтыр Жаңы-Жер айылынын тургундары капуста айдап, анысы баа болбой талаага төккөнүн айтты. Быйыл көңүлү калган дыйкандар буудай эгишсе, ал да жакшы болбой калган экен.

Мээ кайнаткан аптапта шаарга келе жаттым. Талаада тытынган эл. Ден соолук чың болсо, иштегенге не жетсин! Кыргыз бекеринен «алты саныбыз аман, он эки мүчөбүз бүтүн болсун» дебейт тура. Зита менен Гитаны көргөндөн кийин бизде майыптардын жашоосу оор экенине, алардын турмушун жакшыртууга мамлекетибиз да, коомубуз да кайдыгер экенине дагы бир сыйра ынандым.
XS
SM
MD
LG