Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:50

Кыргыз ардагери Путинден жардам сурады


Согуштун ардагери, 88 жаштагы Токтогул ата азыр Бишкектеги жатаканалардын биринде күн кечирет.
Согуштун ардагери, 88 жаштагы Токтогул ата азыр Бишкектеги жатаканалардын биринде күн кечирет.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтогул Бейшалиев Орусия президенти Владимир Путинге жардам сурап кайрылды.

Убагында ок менен жарышып, от кечкен ардагер учурда үйү жок, Бишкектеги жатаканалардын биринде баш калкалап келет.

Токтогул Бейшалиевдин (солдо) аскердеги учуру.
Токтогул Бейшалиевдин (солдо) аскердеги учуру.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтогул Бейшалиев согушка 16 жашында барган. Учурда жашы 88ге таяп калыптыр. Улуу жеңиштин 68 жылдыгы майрамдалып жатса да ал согуш тууралуу абдан толкунданып, кайгырып, көзү жашылданып айтып берип атты.

Токтогул аксакалдын айтымында, алгач ал курал кармаганды, салгылашуунун сырларын, курал жокто коргонуу эрежелерин үйрөнүп, техникалар менен таанышып үч ай Алматы шаарында окуптур. Андан соң дароо эле Польшанын Германия менен чектешкен жерине алып барганын эскерди. Ошол жерден фрунзелик оруска жолугуп калган экен.

- Польшага согушка алып барды. Пулеметчулар взводуна кошулдум. Барсам ал жакта фрунзелик орус бар экен. Пушка бар экен. Биз миналарды тазалап, атканга даярдап ташып берип турдук.

-Алгач барганда эми эмне болуп кетер экен деп корктуңузбу?

- Жок, коркконум жок. Эмнеден коркмок элем.

Сөзгө Токтогул аксакалдын байбичеси Шербет апа кошулуп, октон корккон жоксуңбу деп сурап калды.

Токтогул Бейшалиевдин (оңдо) аскердеги учуру.
Токтогул Бейшалиевдин (оңдо) аскердеги учуру.
- Ок тийсе тиер деп белди бекем бууп жүрдүк. Жыш токой, калың карагайдын арасында атабыз, пушка менен атабыз 12 чакырым алыстыкта туруп алып. Немиске тийген-тийбегенин билбедим. Андан ары Одер деген шаарга бардык. Кийин Франкфурт деген шаарда туруп калдык бир ай. Анан согуш башталды деп Жапонияга айдады жөө.

Согуш бүттү дегенди укканда бири-бирин көтөрүп, баш кийимдерин көккө ыргытканын эстеп, Токтогул аба бир жашып алды. Бирок ошондон кийин да ал ”тынчтык убактысы” деп 3 жыл ошол жакта кызмат өтөптүр. Кенже сержант наамын да ошол жактан алып келген экен.

Шербет апа илгери согуш тууралуу абышкасы көп айтып бергенин, кээ бир учурда бирге ыйлашканын эскерип отурду:

- Жаш кезде согуш тууралуу абдан жакшы айтып берчү эле. Азыр мен деле анын көбүн унутуп койдум. Өзү да унутуп, айта албай жатпайбы. "Карагайга бекинип турсам жанымдагы бала өлүп калды, мени карагай тосуп калды", - деп балдар эс тартканда айтып, кээде ыйлачу элек. "Окопто үч-төрт күндөп оокат ичпей жатып калганбыз, нанды ыргытпагыла, биз ачка жаткан күндөр болгон", - деп балдарга айтып берчү. Андай күндү силер көрбөгүлө дейт эле.


Токтогул Бейшалиев кемпири жана кызы менен. Бишкек, 8-май, 2013.
Токтогул Бейшалиев кемпири жана кызы менен. Бишкек, 8-май, 2013.
Токтогул ата менен Шербет апа сегиз балалуу болгон. Алардан азыр эки кызы калды. Балдары ар кандай шартта каза болгон. Ушул тапта Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Токтогул аксакал кемпири, кызы жана неберелери менен бир бөлмөлүү жатаканада жашайт. Буту-колун кенен сунуп, өз үйүндө жаткысы келген ардагер алты жылдан бери бийликке кайрылып, ар кайсы мекеменин эшигин каккылап үй ала албаптыр. Эмнеси болсо да “үңкүр да болсо үйүм бар” деген сөз бар эмеспи. Эми минтип Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жолдоп, жардам сурап отурат.

Токтогул аксакалдын кызы Сайра Бейшалиева бул өлкөнүн элчилиги кабыл алып, алардын каты караларын убада кылганын айтат.

Мэрияга жана тиешелүү мекемелерге чалып, аксакалдын маселеси боюнча жооп ала алган жокпуз. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Социалдык фонд бул маселеге тиешеси жоктугун белгилешти.
XS
SM
MD
LG