Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

Акча ордуна ун берди делгендер кызматтан алынды


“Кыргызпочтасы” ишканасынын жетекчиси, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы почтанын башчысы, ушул райондогу Соцфонддун жетекчиси жана Ат-Башы районунун акими, анын орун басары пенсия, жөлөк пулду товар менен берди делип, кызматтан четтетилди.

Бул сыяктуу алдамчылык фактылар өткөн кылымдын акыркы он жылына мүнөздүү болчу.

Кызматынан кол жуугандар - “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Айдар Мокенов, ишкананын Нарын облусунун Ат-Башы райондук бөлүм башчысы Турар Султангазиев, Соцфонддун ушул райондогу бөлүм башчысы Сейитказиев жана Ат-Башынын акими Илич Максүтов, анын орун басары Айнагүл Молдалиева.

Буларды Ат-Башы районунда пенсия, жөлөкпул ордуна товар таратканы үчүн кызматтан алууну вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өкмөттүн жыйынында сунуштаган:

- Нарын облусундагы Ат-Башы районунун жетекчилиги мыйзамдын одоно бузулган учурларын көз жаздымда калтырып келген. Пенсия, жөлөкпул ун жана башка товарлар менен берилип келгенине эч ким көңүл бурган эмес. Мындай 2000-жылдары болчу эле.

Ат-Башынын акими, анын орун басары жана “Кыргызпочтасынын” баш жетекчиси менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

“Кыргызпочтасынын” башкы жетекчиси Айдар Мокенов өкмөттүн бул чечимин адилетсиз атап, сотко берерин маалымат каражаттарына айткан. Ишкананын кызматкерлери өкмөттөн Мокеновду кетирбешин суранып, кайрылуу жазып чыгышты.

“Кыргызпочтасынын” бөлүм башчысы Бактыгүл Оморова Мокенов өзгөрүүлөрдү баштады эле дейт:

- Мурда 3 айда бир отчет берилсе, азыр күндө канча акча кетип, канчасы калганы көрүнүп турган программаны киргизип жаткан. Ат-Башыга депутаттар, спикер барганда бир тургун пенсия товар менен берилет деп арызданган экен. Бирок почтанын 19 бөлүмүн текшергенде, айылдагыларды сураштырганда ал такталган жок. Өкмөт “бирөө ушинтип койду эле” деп кызматтан бошотуп, “айтышты эле” деп иштебеш керек да.

Ал эми почтанын Ат-Башы райондук бөлүм башчысы Турар Султангазиев акчанын ордуна товар берүү ушул жылдын 3-апрелине чейин мыйзамдуу болгонун билдирди. 3-апрелде ишкана жетекчисинин буйругу чыкканга чейин каалоочулардын арызы менен акча ордуна азыктарды бергенибиз чын деди.

- Кары-картаңдар, басалбай калгандар, биринчи же экинчи топтун майыптары арыз менен кайрылса, почта кызматкерлери товарларды үйүнө жеткирип берчү. Биз эч кимге кыстап товар берген жокпуз. Алар күнүмдүк керектөөчү каражаттар: чай, самындын түрлөрү, кесме жана май. Эч качан ун саткан эмеспиз.

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев текшерүү учурунда базар баасынан кымбат ун таратылган факт аныкталганын, почта кызматкерлери ушинтип өзүнүн бизнесин жасап жатканын белгиледи. Вице-премьер "буга жергиликтүү бийлик да көз жумгандыктан башкаларга да катуу эскертүү болсун" деп кызматтан четтеттик деди.

- Албетте текшерүү барганда элди “өз каалообуз менен алдык дегиле, айтпагыла” деп суранышат. Бирок нак акчанын ордуна ун таратылып жаткандын өзү кечирилгис нерсе. Ал эми ушул саясатты жүргүзүп жаткан “Кыргызпочтасын” караган транспорт жана байланыш министринин бир орун басары. Ага ишкананын жетекчиси да шыкак болуп, шарт түзүп берген.

Кыргызстанда пенсия менен жөлөкпулду маалында бербей, андан акча жасоо фактылары 1990-жылдары кеңири тараган. Ал кездеги башаламандыктан пайдаланган социалдык кызматтар, борбордук жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул каражаттарды айлантып, миллиондорду жасаганын билермандар азыр айтып жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG