Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Той болот, тойдун эртеси да болот...


Лейлектин Көк-Таш айылындагы бир тойдон, 2011-жылдын 14-сентябры.
Лейлектин Көк-Таш айылындагы бир тойдон, 2011-жылдын 14-сентябры.

Күздүн келиши менен той-топур күчөп, эл жайды-жайлай маңдай тери менен тапканын аш-тойлорго чача баштады.

Таласта жашаган Сыргак менен Махабат бир ай мурда баш кошкон уул-келининин үйлөнүү тоюна камынууда. Үйдүн кожойкеси Махабат тойго кеткен чыгымдарды санап отурат.

- Согумун кошкондо 200 миң сомдон ашып кетет экен. Майда-чүйдөсүн кошкон жокпуз. Азык-түлүктү дүңүнөн алып жаттык да. Ошондо деле баары кымбат. Кыргыздыкы алтын-күмүш, кийити жок той өтпөйт экен да. Согумубуз эле 80 миңге барып калды.

Бул үй-бүлө алгач той өткөрүү кымбат жана кыйынга тураарын аңдаган эмес. Бирок ага камынып, жон тери менен сезгенден кийин той өткөрүү кандай түйшүк экенин айтып отурат. Ошого карабай балдары башкалардан кем болбосун деп билек түрө той камын көрүп жаткан учуру.

- Кыргызча эле кылып коёлу десек болбойт экен. Балдар деле кыйнаган жок болгону алардын көңүлүн ачып коёлу деген ой да. Элдин балдарындай болсун, шагын сындырбайлы деп жатабыз.

Талас шаарынын тургуну Велена Исакова болсо той-ашка чыгым өлчөмү, ашыкча ырым-жырымдар жагынан Талас өрөөнү башка аймактарга караганда алдыңкы сапта турат деп эсептейт:

- Той-аштар боюнча Талас облусу Кыргызстанда биринччи орунду алат экен. Эмнеден дегенде - дасторконду жакшы жасаган, кийит, калың берген жагынан биринчи орунду алат экен. Ошонун баарын эле жай бою мээнеттенип таап, кийин кайра таратып коюшууда. Эгер ушул ырым-жырымдар жоюлса бай жашамакпыз.

Деген менен той-топурдун арты менен арбын киреше таап жаткандар да бар. Кыргыздын ырым-жырымчыл экенин эрте аңдагандар той өткөрүүчү жайларды шашыла салып жатышат. Таласта мындай тойканаларда бир той өткөрөм десеңиз сапатына жараша 15 миңден 45 миң сомго чейин акча төлөйсүз.

Андан тышкары тойду видеотасмага түшүрүү, сүрөткө тартуу, музыкант, тойду алып барган тамада, ырчы-бийчилер кызмат көрсөтүшөт. Жергиликтүү тамада Мараттын да азыр иши жүрүшүп турган учур экен:

- Карышкырдын түшүнө кой кирет, тамаданын түшүнө той кирет деп тамашалап айтып калабыз. Биз тамада, музыкант, оператор бир комплект болуп иштейбиз. Сураган суммабыз 9 миң сом. Эгер той ээси кааласа ырчы, бийчилерди чакырабыз.

Ошентип ак төөнүн карды жарылып, кыргыздар жапатырмак той-топурга аттанышты. Жакшылыгыбыз көп болсун дейли, анткени менен айрым изилдөөлөр кыргызстандыктар бир жылда 2 млрд. АКШ долларын той-топурга коротоорун тастыктайт. Той да болоор, тойдун эртеси да болор...

"Азаттыктын" архивинен: Той өткөрүү канча турат?

"Азаттык+": Той канча турат?
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:48 0:00

XS
SM
MD
LG