Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:09

Муратбеков: Карышкыр аткандарга сыйлык көбөйдү


Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков аймакта карышкырларды атып азайтуу иштери тууралуу "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Кыргыз өкмөтү карышкыр аткандарга сыйлыкты көбөйттү. Эми бир карышкырдын терисине 5 миң сом берилет. Нарын жергесинде быйыл карышкыр эрте түштү, короолорго чейин кирип келип, кара өзгөйлүк менен малды жара тарып атат деп жатышат. Муну эмне менен байланыштырып жатасыздар? Адатта көк кашабаң жазга таяп жут болгондо түшөт дешчү эле.

Канатбек Муратбеков: Туура айтасыз. Биз быйыл бул маселеге өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Мына биздин өкмөттүн буйругу чыкты. Карышкырдын терисине берилген акчаны көбөйтүп алдык. Мисалы, мурда чоң карышкыр 2,5 миң сом болсо, азыр 5 миң сомго көтөрүлдү. Бөлтүрүк мурда 1,5 миң сом болсо, азыр 3,5 миң болду, чөө 1 300 болсо, азыр 3 миң сом болуп көтөрүлдү.
Карышкырды мергенчилер буга чейин деле атып келген. Бул аларды дагы кызыктырган иш болуп атат.

1997-жылы №509 токтом кабыл алынган. Ошол бойдон эч кандай көңүл бурулган эмес. Биз эми бул аракеттер менен эле чектелбестен мындан ары да көтөрө бермекчибиз.

Бүгүнкү күндө жалпы Нарын облусу боюнча 33 уй, 18 торпок, 22 топоз, 71 жылкы, 167 тай жана 749 кой-эчки карышкыр колдуу болду. Жалпы суммасы 11 миллион сомдон ашты.

Быйыл, кудай буйруса, жакынкы арада бардык жерлерде фермерлер менен биргеликте чоң сынак жарыялап, карышкырга каршы иш-чараларды иштеп чыгып жатабыз. Ат-Башы районунда 5-ноябрда чоң иш-чара өткөрүлдү.

Азыр Нарын району, Ак-Талаада беш кишиден турган топ иш алып барып жатты эле. Мына өкмөттүн токтому чыккандан баштап ал жакка күч органдарын дагы башка каалоочуларды кошолу деп жатабыз. Буйруса жакынкы арада бул маселеге чекит койобуз деген ойдобуз.

“Азаттык”: Ушул беш миң сом мергенчилерди кызыктырган акчабы? Мергенчилер ушул акчага атып беришеби?
Мурда чоң карышкыр 2,5 миң сом болсо, азыр 5 миң сомго көтөрүлдү. Бөлтүрүк мурда 1,5 миң сом болсо, азыр 3,5 миң болду.

Канатбек Муратбеков: Карышкырды мергенчилер буга чейин деле атып келген. Бул аларды дагы кызыктырган иш болуп атат. Өкмөт да бюджеттин тартыштыгына карабастан жакшы каражат бөлүп берди. Мисалы, быйыл 200дөн ашуун карышкыр атылды.

“Азаттык”: Курал маселесин кантип чечип жатасыздар? Курал алып жүрүү да бир топ машакаттуу эмеспи.

Канатбек Муратбеков: Былтыркы июнь айындагы болгон окуяларга карата курал-жарактар абдан көзөмөлгө алынган. Курал боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби көп адамдардын курал алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Ошондуктан куралды алып, колдонуп кайра бергидей кылабыз го.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG