Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Аскер болуш аста, аста...


Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи
Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи

Кырдуу шым кийген, фуражкачан курсанттар көчөдө баратканда далайлардын көз жоосун алат эмеспи. Бирок алардын окуу жайдагы жашоосу кандай? "Азаттык+" бул жолу курсанттын бир күндүк турмушун көрүп келди.

Бул аскер окуу жайы 1982-жылдын 30-декабрында Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын 60 жылдыгы атындагы республикалык адистештирилген мектеп – интернаты катары ачылган.

Кийин 1994-жылдын 6-майында ошол кездеги президенттин буйругунун негизинде республикалык адистештирилген мектеп-интернат – Кыргыз Мамлекеттик улуттук аскер лицейи болуп уюшулган.

Окуу жайда 9-класстан 11-класска чейин 300 жакын бала тарбияланат. Аларды тамак-аш, кийим-кече жана жатакана менен Коргоо министрлиги каржылайт. Лицейди ушул күнгө чейин 3000ден ашык бүтүрүүчү аяктаган. 2005-жылы аскер лицейине Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Дайыр Асановдун ысымы ыйгарылган.

Аскер болуш аста, аста... (1)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:42 0:00

Аскер лицейинде кадимки мектеп программасындагы билим берилет. Мыкты офицер болуу үчүн мыкты билим алуу зарыл. Учурда курсанттар жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып жатышат. Бул жактагылардын көбү аскердик окууларын улантып, жогорку аскер билимин алууну самашат.

Аскер болуш аста, аста... (2)
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:21 0:00

Аталган аскер окуу жайын бүтүп, бирок таптакыр башка кесипти аркалап жүргөндөр да жок эмес. Бирок кантсе да мекенчилдик, Ата Журтка болгон сүйүү, элге кызмат кылуу сыяктуу окуу жайдан алган тарбия-таасирлер аларды дайым коштоп жүрөт.

Аскер болуш аста, аста... (3)
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:21 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG