Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:47

Аска-зоо, оттон өлбөй, октон ажал тапкан Үсөн


Үсөн Кудайбергеновду мындан алты жыл мурда белгисиз бирөөлөр атып кеткен.
Үсөн Кудайбергеновду мындан алты жыл мурда белгисиз бирөөлөр атып кеткен.

Белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов 2005-жылы 10-апрелде Орто-Сай айылындагы үйүндө атып өлтүрүлгөн. Ошол боюнча ал кылмыштын бети ачылбай калган.

Жекшемби күнү (10-апрелде) Кара-Балта шаарындагы маданият үйүндө жакын туугандары, кесиптештери, шакриттери Кудайбергеновду эскеришип, куран окушту.

Гиннес китебине кирген кыргыз каскадеру

Өткөн доордун 70-жылдарынан бери Советтер Союзунда тартылган көпчүлүк кинолордогу кымкуут түшүп кылыч чабышып, аттан жыгылып, отко күйгөн, сууга агып, аскадан секирген, автоунаадан авария болгон көрүнүштөрдүн баарын режиссер-коюуучу, белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов койгон.

Ал Орто Азия эле эмес мурдагы Советтер Союзунда биринчилерден болуп каскадерлук кесипти аркалап, АКШ, Италия, Франция, Германия сыяктуу дүйнөнүн кырктан ашык өлкөсүндө жигиттери менен барып, баш аягы 300 чукул кинодо ар кандай трюктарды аткарган.
Үсөн Кудайбергенов киного тартылуу учурунда.

Үсөн Кудайбергенов Голливуддун каскадерлер Ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, Орусиянын каскадерлерунун жана Семиречие казактарынын Ассоциациясынын ардактуу мүчөсү, Кыргызстандагы “Панкратион” федерациясынын ардактуу президенти болгон.

Кыргыз каскадеру Өзбекфильм киностудиясында тартылган “Генийдин жаштыгы” кинотасмасында аргымак менен 27 метр бийиктиктеги аскадан сууга боюн таштап, ал трюк Гиннес китебине жазылган.

Үсөн Кудайбергенов СССР мезгилинде биринчи болуп “Каскадер” студиясын түзүп, кино өнөрүндө каскадерлук кесипти өнүктүрүүгө зор салым кошкон адам катары эсептелет.

Анын оттон-суудан кайра тартпаган көк жалдыгын, кылычтай курчтугун, илбирстей шамдагайлыгын Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков мындайча эскерди:

- Үсөн деген жараткан бир берген жигит эле. Жанагы Асан-Үсөн деген жамгырдан кийинки эки желе сыяктуу “жарк” деп келип, “жарк” деп кетти. Үсөнгө ат жарашчу да, атка Үсөн жарашчу. Үсөн шамалдай шуулдап каскадерлукка жаш кезинен аралашты.

Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Кара-Балта шаарына жакын Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. 15 жашында Бишкекте алгачкы түзүлгөн кыргыз циркине жигиттердин атчандар тобуна кошулат. Бой жеткенден кийин Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтунда окуп жүргөндө эле аттын “кулагы” менен менен тең ойноп, кинолорго тартылып, кооптуу трюктарды аткарат.

Кыркка чукул мамлекеттерде тартылган кинолорго кыргыз жигиттерин кошо алып барып, шумдуктуудай ат оюндарын көргөзүп, “жаанын жебесиндей учкан” шамдагай каскадерлорунун өнөрү менен тааныштырат.

Кийин Бишкекке жакын Орто-Сай айылында ондогон кыргыз жигиттеринен турган каскадерлер тобун түзүп, аттан жыгылуу, жаа атуу, аттын капталында салаңдап калуу сыяктуу ат оюндарын, аска-зоодон секирүү, сууга агуу сыяктуу коркунучтуу трюктарды коёт.

Ал каскадер балдарды бир тууганынан дагы артык көрүүчү дейт аталаш эжеси Зийнат Аюпова:

-О-оой, Үсөндүн үйүндө эмне болсо баарын ошол каскадер баларына берчү. Акыркы нанына, акыркы акчасына чейин берчү. Ал эми жакындарына “эми силер тууганымсыңар да таарынбайсыңар. Туугандар таарынбайт”, - деп жаркылдап турар эле. Ошол каза болоорго эки күн калганда Замирге аянттан жолугуптур. Анан Замир Үсөндү алып үйүнө алып барып тамак ичип ал дептир. Үйгө барып тамак-аш ичип, калган эт, нандын баарын ороп алып балдарга алып барам деп чыгып баратып, тышкы үйдө бир койдун тушуна көзү түшүп калат. Замир “Муну иним айылдан жаңы эле алып келиптир”,- десе, Үсөн “сал машинеге. Сага алдагы казандагы аш деле жетишет. Балдарым (каскадер) эки күндөн бери ачка ошолор жесин. Сага кийин эл тынчыганда бир тай берем”, - дептир. Аябагандай колу ачык эле. Ал түгүл Орто-Сайдагы үйүнө темир дарбаза салбай, эки устунду эле илип койгон. Ким кирсе эшик ачык деп.

Үсөн Кудайбергенов 1999-жылы Баткен облусуна жоочулар киргенде өзүнүн каскадер жигиттери жана запастагы аскер жоокерлеринен элдик кошуун түзүп, Баткен окуясында Чек арачыларга чоң жардам берген.

"Манаста" ат ойнотуп, абакка кесилип...

1995-жылы Таластагы Манас-1000 мааракесинде шамдагай жигиттери менен аттын кулагы менен тең ойноп, тамаша көргөзүп келген меймандарды таңгалтырат. Мына ошол Манас-1000 салтанатында 2 миллион сомду жок кылгансың деп 2000-жылы Акаевдин бийлиги аны он жылга эркинен ажыратат.

Ошол кезде Коопсуздук кызматында иштеп жүргөн Артур Медетбеков кечкурун укук коргоо органдары Үсөн Кудайбергеновду кармап барышканын, бардык жоопкерчиликти мойнуна алып аны бошотуп жибергенин билдирди. Анын кесепетиенен Артур Медетбеков ээлеген кызматынан бошотулуп бир топ мезгилге жумушу жок жүрөт.

Ага болбой бир күндөн кийин Үсөн Кудайбергеновду кайрадан кармап келишип, СИЗОго камалып, кийин соттолуп кетет.

Суудан-оттон коркпогон кыраанды ок тынчытты

2005-жылы март ыңкылабынан кийин Бишкекти талап-тоноочулардан коргоп, шаардын тегерегенде жер басып алуучуларга бөгөт коёт. Мына ошондой күндөрдүн биринде аны белгисиз бирөөлөр үйүндө атып өлтүрүшөт.
Үсөн Кудайбергеновду эскерүү кечесинен

Үсөн менен чогуу иштешкен кинооператор Феодор Башынский 2000-жылдары бийлик Үсөн Кудайбергеновго болбогон жерден жалаа жаап түрмөгө кесип жибергенин белгилеп, Үсөндү ошол “жалган күнөөсүнөн” актоо зарылдыгын билдирди.

“Азоо жылкыдай” эч кимге тизе бүкпөгөн Үсөндү өлтүргөн кылмышкерлер дагы кармалбай калганын, буга байланыштуу кылмыш ачылбай калганын белгилегендер да болду.

Үсөн өз элинин бөтөнчө патриот уулу болчу деп эскерди, аны менен далай кинолордо чогуу түшкөн эл артистти Ашыр Чокубаев:

- Үсөн кыргыз элинин алдында өзүнүн милдетин аткарды. Себеп дегенде, ал мыкты каскадер, шамдагай кыргыздын жигити экендигинен да, чындык үчүн, адилеттик үчүн күрөшкөн накта кыргыздын жигити экендигин көргөздү. Ал кыргыз эли үчүн, жери үчүн, адилеттик, калыстык үчүн күрөшүп жүрүп, ошонун айынан мерт болду.

Белгилүү ишкер Аскар Салымбековдун демөөрчүлүгү менен Үсөн Кудайбергенов жөнүндө китеп чыгарыла турган болду. Ошондой эле Бишкектеги "Октябрь" кинотеатрына Үсөн Кудайбергеновдун ысымын берүү жана анын алдына эстелигин орнотуу маселеси дагы көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG