Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Жалал-Абад: Келдибековго көп маселе айтылды


Ахматбек Келдибеков парламентте сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 17-декабры.
Ахматбек Келдибеков парламентте сөз сүйлөөдө, 2010-жылдын 17-декабры.

21-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков баштаган “ Ата-Журт“ фракциясынын бир катар депутаттары Жалал-Абад шаарында облус тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдөгү азыркы кырдаал, июнь коогасында жапа чеккен аймакты калыбына келтирүү маселелери козголду.

Эл алдында сүйлөгөн сөзүндө парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков жумуш орундарын ачуу, айлык акы менен пенсияны көбөйтүү, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо азыр эң негизги маселелерден болуп турганына токтолду:

- Ишкерлердин бутуна турушу - жергиликтүү тургундар үчүн кошумча жумушчу орундарын түзүүнү камсыз кылып, ички жана тышкы миграциянын агымын азайтаар эле . Биз жалаң экономиканын көзүн карабай, жалпы жарандардын, келечек муундардын руханий жан дүйнөсүнүн калыптанышына да өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ушундай кыйчалыш учурдан пайдалангысы келген сепаратисттик күчтөр жергебизде кылымдар бою жуурулушуп жашап келаткан эки улут өкүлдөрүнүн ортосунда жаңжал чыгарып, анын кесепетинен көптөгөн адамдар курман болду, миңдеген жарандар жабыр тартты. Азык-түлүк коопсуздугун сактоо, ички рынокту коргоо учурда башкы милдеттердин бири болуп саналат.

Кездешүүдө мугалимдердин жалыйнасын кескин көтөрүү талабы кайрадан козголуп, бул маселеде Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн убадалары эки ачакей чыгып жатканы белгиленди.
Билим берүүнүн облустук усулканасынын кызматкери Токомбай Тургамбаев адал иштөөгө жана казына каражаттарын эл керегине жумшоого, акчаларды мыйзамсыз иштетпөөгө чакырды:

- Бир сөзгө келип алып туруп, анын кийин жалпы элге чыгып жүрсөңөр, мындан ары..Силер дагы, урматтуу депутаттар, улуу адам Исхак Раззаковдун жолун жолдоп, өкмөт үчүн жасаган өрнөктүү өмүрүн бүт бардыгын үйрөнүп чыксаңар жакшы болот эле. Ал киши айткан эмеспи, “коом деген , сен жана мен, сен ак болсоң, мен ак болсом, коом да таза болот”, - деп...

Сузак районунан Кимсанбай Маматов карыя дыйкандарга кам көрүү жагын суранды:

- Мына,эртең эле, март айынан баштап, бу Жалал-Абад, Ош, Баткенде талаа иштери башталат. Бирок жер айдалбай турат, бир килограмм азот, селитра жок. Силер депутаттар ушул жагынан жардам бергиле, дыйкандарга!

Ноокен районунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыманап Токтогулов мал уурулук маселесин көтөрдү. Уурдоолор Өзбекстан менен жүз чакырымга созулган тилкеде болуп жаткан экен:

- Чек араларды тактап, кошуна мамлекет менен жакшынакай жашоого туура келип турат. Себеби, анча-мынча уурулуктар болуп жатат. Өзбекстанга өтүп кеткенден кийин ал уурдалган малды кайтарып алуу иши кыйынга турат экен. Ушул жагынан жардам берсеңиздер.

Бирок жолугушууга келгендердин баарына эле сөз жеткен жок. Алар өз кат-кайрылууларын атайын катчыларга тапшырып турушту.

Сузак районунун Багыш айылынын тургуну Токтоназар Чотуров карыя былтыртан бери жергиликтүү бийлик менен укук коргоо жана сот уюмдарына кайрыла берип,бирок, арызы канааттандырылбагандыктан парламент төрагасына билдирем деген сөзүн айтууга мүмкүндүк берилбегендигине капа болду:

- Органга барсам, иш аткарылбайт. Менин жеримди Акаевдин “куйруктары” алып коюп, үй куруп жатат. Сотко барып арыздандым, бүт акимге барып айттым, бири да чече алышпайт. Кимдин акчасы болсо, ошол там салат экен. Мен азыр ошону айтайын дедим эле. Сөз бербей, кетип калышты...

Алыскы айыл-кыштактардан келген жарандар болсо, алдын ала тизмеге кирген адамдарга гана сөз берилип, депутаттарды бир жарым саат ашык күткөн элдин көпчүлүгүнө кеп тийбей , ичиндеги бугун чыгара албай кеткендигин өз ара сөз кылып тарап кетишти.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG