Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Өз айылына төрөткана тартуулаган ишкер


Сай айылындагы жаңы төрөткана.
Сай айылындагы жаңы төрөткана.

Каракулжалык жеке ишкер Бейше Намашамов өз эсебинен Сай айылына төрөт үйүн курдуруп, бардык заманбап жабдыктары менен кошо мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

Сай кыштагы райондогу тоолуу жана алыскы аймак болгондуктан, буга чейин үй шартында жана төрөтканага жетпей, жолдо төрөгөн аялдар көп болчу.

Сайлыктар эми жолдо төрөбөйт

Ишкер тартуулаган имаратта алгачкы наристе 10-ноябрь күнү жарык дүйнөгө келди. Ошентип Сай айылына курулган жаңы төрөт үйүндөгү алгачкы ымыркайдын үнү жаңырып отурат.

Айылдык келин Айпери Нуракбаева тун чүрпөсүн тоо койнундагы заманбап төрөтканада төрөдү. Айпери көз жарар алдында жаңы эмканага жатканынан улам сарсанаа болуп турганын айтты эле:

Жаңы төрөткананын башчысы Жылдыз Оморалиева.
Жаңы төрөткананын башчысы Жылдыз Оморалиева.
- Ар кыл ойго кетет экенсиң. Кантип төрөп алам деп чочуп турам. Анын үстүнө биринчи балам. Алгачкы баламды ушул жерге келип, төрөгөнү жатам, аман-эсен жарыкка алып келип алсам эле болду...

Арадан аз убакыт өтпөй эле Айпери кыз төрөдү. Ал жаткан бөлмөгө баш багып, башкалар менен кошо ал-абалын сурадык:

- Ушул жерде иштегендерге ишенип калдым. Жакшы карап жатышат. Сүйүнүп жатам, жакын болгону үчүн...

Сай айылындагы келиндер буга чейин беш чакырым нарыда жайгашкан Ылай-Талаа айылына же Кара-Кулжа районунун борборуна келип көз жарчу. Бийик тоолуу аймак болгондуктан кышында жол жабылып, толгоо тартып калган келиндер айылда көз жарууга аргасыз эле.

Бир кездери райондун борборунда 7 жыл санитардык кызматкер болуп иштеген Салтанат Чокошева айылдагы көп балдарга киндик эне болгон экен:

- Айылдагы келиндердин көбүн үй шартында мен төрөткөм. Бирок үй деген үй да. Баласын аман-эсен төрөп алганы менен артынан шериги түшпөй кыйналышчу. Анан баласын ороп алып, машинада жогору жактагы төрөтканага алып жөнөйт элек.

Бактыга жараша татаал шартка карабай, айылда төрөттөн каза болгондор же оор дартка чалдыккандар жок. Мындан ары минтип эми төрөт үйүндө гана көз жарышат.

Тилеги ишке ашкан ишкер

Ошентип кыштактын тургуну, ишкер Бейше Намашамов айылдаштарына бардык заманбап жабдыктар менен камсыз болгон төрөткананы белек кылды:

- Биздин айылда жыл сайын төрт-беш бала жолдо төрөлөт. Айылдын жолу аябай начар, анын үстүнө чоң суунун боюнда. Тоо жакалап машине айдоонун өзү деле кооптуу. Кышында жолдор жабылып калат.

Ишкер Бейше Намашамов.
Ишкер Бейше Намашамов.
Бейше Намашамов агрономия тармагында ишкерлик кылат. Атасы өмүр бою дарыгер болуп иштегендиктенби, айтор медицина тармагына көбүрөөк көңүл бурат. Буга чейин эл аралык уюмдардын жардамы менен кыштагына эмкана курдурууга салым кошкон. Төрөт үйүн минтип өз каражаты менен тикеледи:

- Менин максатым - төрөт үйүн куруп, бардык керектүү шаймандары менен мамлекеттин балансына өткөрүп берүү болчу. Мына, ошол максатым ишке ашып, мамлекеттин эсебине өткөрүп бердим.

Жалпысынан төрт миллион сомго салынган төрт бөлмөлүү төрөткана үч орунга ылайыкташкан. Заманбап төрөтканаларга керектелчү бардык жабдыктар бар. УЗИ аппаратын болсо ишкердин достору белек кылышты.

Мамлекеттин балансына өткөн төрөткана Сай айылдык эмканасынын алдындагы төрөт үйү катары иштей баштады. Анын жетекчиси Жылдыз Оморалиева азырынча бардык кызматкерлер жетиштүү экенин, төрөткана бир гана Сай айылын эмес, кошуна кыштактардагы келиндерди да тейлей алаарын айтат:

- Бул төрөтканага кошуна Жылкоол айылынан да келип төрөшсө болот. Жолдо толгоосу кармап калган айымдар үчүн деле дайыма эшигибиз ачык.

Жаңы салынган төрөт үйүнө ишкердин атасы Жуманазар Намашамовдун ысымы ыйгарылды. Бейше мырза төрөтканада көз жарган алгачкы үч аялга 50 миң сомдон белек да камдап коюптур.

XS
SM
MD
LG