Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 08:38

Салиев: Мухитти багындырыш мүмкүн эмес


Союзбек Салиев

Жалгыз моторлуу учак менен жер шарын айланып чыккан Союзбек Салиев кезектеги саякаттын камылгасын көрүүдө. Бул жолу ал жер кыдыруунун башка жолун тандап алышы мүмкүн.

Ушу тапта белгилүү учкуч даярдык иштери менен алек. Мындан эки жыл илгери Союзбек Салиев Атлантика жана Тынч океандарынын түштүк тарабынан учуп өткөн. Эл аралык учкучтар коому ага жер шарын айланып чыкканы тууралуу ырастамасын, маршруттун картасын тапшырды. “Азаттыктын” студиясында Союзбек Салиев тобокелдиги чоң жумуш тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Союзбек мырза, бул тууралуу ой жөн келген эмес болуш керек. Кандайча ушул идеяга берилип калдыңыз?

Салиев: Бул деле альпинисттердики сыяктуу. Мисалы, аскага чыгуучулар арасында "Эверестке чыксам" деген ниет болсо, учкучтар арасында деле "эң татаал маршрут аркылуу учсам" деген кыял жашайт. Кесибим учкуч болгондон кийин мен деле "жер шарын айланып учсам" деп кыялданчумун. Бирок ишке ашарына ишенчү эмесмин.

Литванын президенти Рональд Паксас кесиби боюнча учкуч. Ошол киши Владимир Макогонов экөө жер жүзүн айланып чыккан. Буларды маршруту башкачараак болду. "Аны кантип өттү экен?" деп карап, талдап, эсептеп чыгып, өтсө болоруна көзүм жетти. Бирок ага даярданыш керек болчу. Анан акыркы беш жылда катуу даярданып, 2016-жылы Кыргызстандын эгемендигине 25 жыл толушуна арнап кыргыз желеги менен жер жүзүн айланып чыктым.

“Азаттык”: Сиз жасаган иш чоң акча каражатын да талап кылат. Каражат жагы кандай чечилди?

Салиев: Биздин өлкөдө бай кишилер көп. Бирок эки океандан учак менен өтүү алардын бирөөнүн да оюна келбейт. Албетте, биз эсеп-кысапты так жүргүзгөнбүз, бирок кээде белгисиз маселелер чыгып атты. Бирок биз мурда белгиленген бюджеттен артыкбаш акча сарптаганыбыз жок. "Flight Consulting Group" - эл аралык аба мейкиндигине уруксат алуу боюнча Европада, Латвияда турган чоң мекеме. Биз ошону менен келишим түзүп, уруксаттын баарын ошол компания аркылуу жасадык.

“Азаттык”: Сиздерге коркунучтуу эки учур болгон экен, ошолорго токтоло кетсеңиз.

Салиев: Въетнамга жакын жерде Просел деген аралдар бар. Ал Кытай менен Филиппиндин ортосундагы талашка түшкөн аралдар. Биздин биринчи багытыбыз боюнча ошол аралдар аркылуу өтүшүбүз керек эле. Бирок акыркы түнү ал жакка деген уруксатыбызды жараксыз кылып коюшту. Анткени ал жерде аскер-деңиз машыгуулары болуп, ракета атып жатышыптыр. Ошондон улам биз аны кыйгап өткөн узун жолго салдык. Жаңы маршрутубуз 400 чакырымга узарып кетти. Ага ылайык май алыш керек эле. Маршрутубуз узарса биз Таиланддан өтүп Дакка – Бангладешке учуп келдик.

Союзбек Салиевдин учагы. 2016-жыл.
Союзбек Салиевдин учагы. 2016-жыл.

Иран көп учкучтарга кыйынчылык жаратат. Бирок кыргыз жаранына, Кыргыз Республикасына толук колдоо көрсөттү. Биздин элчиликте иштеген балдар ыкчам жардам беришти. Мен аларга ыраазымын.

Ирандан бизге эч кандай проблема болгон жок. Табигый кыйынчылыкка биз Филиппиндин алдында кабылдык. Тайфун – харикейн деген кыйраткыч бороон башталгыча өтүп кетели деп аракет кылганбыз. Тайфун саат жебесине каршы буралат. Биз учакта шамалдын күчүн колдонобуз, шамал азыраак болсо май да азыраак кетет. Биринчисинен жакшы эле учуп өттүк, экинчисине келгенде метеоболжол да так болбой калган экен, абдан кыйын учурга туш болуп калдык. Кандай десем, эчен жолу учуп, андайды көргөн эмесмин. Суудан баштап 10–11 чакырым капкара дубал болуп калат экен. Ичинде жаркылдап чагылгандар чартылдап турат. Анан ошого келгенде “ушул жерде калып калат окшойбуз” деп чочудум.

Ошол жердеги аралдардын биринде учкан учкуч бизге жакшы кеңеш берди эле. “Абдан кыйын болуп калса ылдыйлагыла. Суу менен абанын температурасы эки башка болгон үчүн ортодо 100 – 120 метр аралык бош болот. Учакты ошого киргизсеңер жок дегенде учактын абалын көзөмөлдөп кете бересиңер” деген эле. Ошонун кеңеши бизге аябай чоң жардам берди. Биз ылдыйладык, чын эле ошондой ачык жер бар экен, толкундун үстү менен айдадык. Коркконубуз "кеме болбосо экен" деп аттык, бирок океанда кеме жок экен. Толкун үйөрлөнүп атат, жаан жаап жатат, бизди 10–15 метр ыргытып атат, учакты экөөбүз тең кармап аттык.

Ошентип жарым сааттай урунуп-беринип жүрүп, оң жакты карасак, агарып турган экен. Ошол жакка учакты бурдук. Ал да кара булуттар менен жабылып атат. “Тез-тез!” деп газды көп берип, ал жерден өткөнүбүздө тигил жер да жабылып калды. Алла-Таалам өзү жол көрсөтүп, бизди ошол жерден алып чыкты окшойт. Мага миңдеген кишилер “аман кел” деп жазып атышты. Ошолордун каалоо-тилеги Жаратканга жеткендир. Коркунучтан аман-эсен-чыгып кеттик.

Салиев: Кара булуттан качып чыктык
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:28 0:00

“Азаттык”: Учакта канча май болот? "400 литр" деп атасыз, аны менен канча чакырымга жете аласыз?

Салиев: 400 литр канатта болот, дагы ошончо май бакта болот. Бул 19-20 саат учканга жетет. Биз баарын эсептеп, "ушунча май менен бир аралдан экинчисине жетебиз" деп болжогонбуз. Эң узак учканыбыз 4360 чакырым. Пасха менен Таити аралдарынын ортосунда 15 саат учтук. 15 саат кыймылсыз отурасың, куйган майыбыз жетти.

“Азаттык”: Кончу аралда май куйчу, учакты кароочу шарт бар да?

Салиев: Кээ бирлеринде бар. Башкаларында жок. Биз 1-2 ай мурун акчасын төлөп, алар кеме менен май жеткирип, аралда бизди күтүп турушат. Конгондон кийин май куюп, токтоп атканбыз.

“Азаттык”: Сиз океандын үстү менен учтуңуз. Океан - мухит кандай болот экен?

Салиев: Океандын өзүнүн сүрү бар экен. Бизге окшоп тоо-таш арасында, континенттин ортосунда жашаган адамдар үчүн өзгөчө сүрү бар экен. Мен мынчалык сууну эч качан көргөн эмесмин. Түбү жок, аяк-башы жок кылкылдаган эле суу. Орустарда "океанды багындырды" деп коюшат го. Мен айтар элем, буга эч качан ишенбегиле. Океанды багынтыш мүмкүн эмес. Ал биздин өтүп кетишибизге гана мүмкүндүк берет. Аман-эсен өтүп кетсек экен деп тилеп аттык. "Бир аралдан экинчисине өтүп кетсек экен" деген тилек болду. Бир карасаң тынч, анан кайра толкуп, шамал болуп турат экен.

“Азаттык”: Сиз учкан август-сентябрь, октябрда океан тынч болот бекен?

Салиев: Мунун да өзүнүн сезондору болот экен. Биз бир аз кечигип калдык. Июнь-июль Атлантикада тайфундар бышкан кез болот экен. Ошол тайфундар бышып, АКШны каптап атпайбы. "Июлдан кийин барышыбыз керек" деп атканбыз же ага чейин өтүп кетиш керек экен. Биз августта өтүп кеттик. Атлантикада чоң деле кыйынчылык болгон жок. Бирок Түштүк жарым шарда, Чилиден аркы тарапта шамалдын багыты өзгөрүлүшүн күтүп турдук. Шамал батыштан согот экен. Анын күчү басаңдаганда биз аралдан-аралга учуп аттык. Шамал биз үчүн чоң маселе болуп атты. Себеби учак аябай жеңил.

“Азаттык”: Сиз көп жерлерде болдуңуз, сиздерди кандай кабыл алып атышты?

Салиев: Бүт дүйнөдө адамдар меймандос, жылуу-жумшак кабыл алып атышты. Бардык жерде. Бир гана Африкада Нигерияда бизди кармап алып кетишти. "Джиптер" менен, автоматчан келип кармап аскер базасына алып кирип кетишти. Эмне болду, кандай болду - билбей калдык. Бир полковник менен сүйлөштүк. Көрсө бизге уруксат сураган кагаз Лагастан Канага чейин жетпей калыптыр. Уруксаттын номуру. Менде ал кагаз бар болчу. Мен аны көрсөттүм. Ал киши жазып алып, "бир аздан кийин тактайбыз" деди. Бир аздан кийип тактап, "бара бериңиздер" деп уруксат берди. Ошол окуя эле болбосо, баары жакшы эле болду. Башка андай маселе болгон жок.

Союзбек Салиев учагынын жанында. 2016-жыл.
Союзбек Салиев учагынын жанында. 2016-жыл.

“Азаттык”: Сизге окшоп кыйынчылыктан коркпогон азаматтардын өзүнчө уюму бар. Сиз ага мүчө болдуңуз. Ошол тууралуу айтып берсеңиз?

Салиев: Ага мүчө болгон учкучтар жүзгө жетпейт. Бир моторлуу, эки моторлуу учак менен жер шарын айлангандарды “эфраундерс” деп коёт. Эки жыл сайын жолугуп турушат. Бул өзүнчө коом, уюм. Ушул уюм мен учуп-конгон аэдромдордун баарына кат жөнөтүп, ал жерлерден аныктамаларды алып, "чын эле ушул номурлуу учак келип конгон, капитан Салиев ошол учакты башкарган" деген ырастамаларды алып, быйыл мага расмий түрдө мындай сертификат берди. Жакшы мунун баары.

Анан булар таң калып атышпайбы, "силер “стан регионсуңар” Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан деп. "“Стан регионго" анча коошпогон иш жасадыңыз. Биз силерди билебиз, ат чаап эле, төө жетелеп жүргөн калк элеңер, анан кантип эле арасынан ушундай учкуч чыгып калды, бул адаттан тыш" дешет. Мен: “Биз, кыргыздар, ушундайбыз, ушундай адаттан тыш көп нерселерди чыгарабыз” деп тамашалап койдум. Бирок ушу жер жүзүн айлангандардын 80% - өнүккөн өлкөлөрдүн өкүлдөрү. Анан бирин-серин башка өлкөлөрдөн бар.

Биздин класстагы учакта баш мыкты иштеши керек, калькуляция так болушу зарыл. Кол да, бут да иштеши керек. Реакция мыкты болушу керек. Анан сиз айтып аткан бак резинадан жасалган. Бул эми учак ичиндеги бомба. Ал ысыйт, анан буу чыгат. Статикалык электр коркунучу күчтүү. Тырс-тырс деп жанып кетсе заматта күйүп кетет. Ошо 15 саат учуп атканда Йонас экөөбүз салонду дайым желдетип турушубуз керек эле. Бул он мүнөт сайын болушу керек.

Экинчиден - эсеп. Шамалдын күчүн эсептеп, жетебизби же жетпейбизби - ушуну караш керек. Маршруттун ортосуна келгенде майды эсептеп, жетер жерибизге жетеби же жокпу - ошону эсептеп, жетпей калса кайра артка кетишибиз керек. Шамал катуу болсо сиз ордуңузда эле тургандай боло бересиз. Шамалдын күчү катуу, ошондуктан кайра-кайра эсептеш керек. Муну айтып атканыбыз - бул абдан кыйын тобокелдик да. Бир моторлуу учак менен жер жүзүн айлангандар 230 гана киши экен. Космонавттар 480. Муну аткарыш абдан кыйын, опурталдуу. Чоң тобокелчилик.

“Азаттык”: Сиздин жер жүзүн кыдырып келгениңизге эки жылдан ашуун убакыт өттү. Менин угушумда сиз дагы бир ишти баштаганы турупсуз, ошону айтсаңыз?

Салиев: Сунуштар ар жактан түшүп атат. Бул жерде эки нерсени караш керек. Албетте, жалгыз өзүңдү эмес, бала-чаканы да ойлош керек. Эми жаңы долбоор кылсам тобокелдиги болушунча аз болчу багытты тандап алам. Азыр эки-үч эсептөөлөрүбүз бар. Биз демөөрчү издеп жатабыз.

“Азаттык”: Дагы учак менен. Сиз жер менен жүрбөйт экенсиз да?..

Салиев: (Күлөт). Ооба, демөөрчү издеп атабыз. Ушу демөөрчүлөрдү айтып берейин. "Жер жүзүн айланайын" деп чоң фирмаларга, компанияларга кайрылдым. Алардын бирөө да ушул долбоор ишке ашарына ишенген жок. Баары: "Бул кишинин ден соолугу кандай?" дегендей мамиле кылып, "апенди чалыш киши окшойт" деп, “макул, бара бериңиз” деп узатып жатышты. Ушундай мамиле кылышты, анткени баары тең ишенген жок. Мунун ишке ашышы кыйын экенин баары түшүнүп атышты.

“Азаттык”: Союзбек мырза, убакыт таап студияга келип маек куруп бергениңизге ырахмат!

Союзбек Салиев дүйнөлүк саякаттан кайтып келди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:10 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG