Кытайда таанылган футболчулар
Кыргызстандык 5 жигит футзалдан Кытайдын чемпионатында күмүш байгелүү болушту. Мурда “Азаттык” маалымдагандай кыргызстандык жалданма футболчулар: Нуржан Жетибаев, Вадим Кондратков, Эмил Канетов, Азамат Миңдибаев жана Эркин Табалдиев Кытайдын Гуандун аймагынын “Huizhou small giant” клубунун катарында ойноп жүрүшкөн. Жакында алардын командасы футзалдан Кытайдын биринчилигинде экинчи орунга жетти.
Өлкөнүн футбол федерациясынын эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Нурдин Букуевдин айтымында, кыргызстандык Нуржан Жетибаевдин өнөрү Кытайда жогору бааланып, ага “мыкты капитан”, “мыкты легионер” жана “күмүш бутса” сыйлыктары ыйгарылды.
Кытайдын футзал чемпионатында кыргызстандык Нуржан Жетибаев атаандаштарынын дарбазасына 33 топ киргизүү менен айырмаланды.
Суучулдар Белорусияда
Брест шаарында Белорусиянын сууда сүзүү боюнча ачык биринчилигине кыргызстандык эки суучул катышууда. Алар эл аралык мелдештерде мөрөй алып жүрүшкөн Дмитрий Александров менен Василий Данилов.
Ксения кыйын чыкты
Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина Өзбекстандын Карши шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште ийгилик жаратууда. Жуп болуп ойноодо Ксения өнөгү словакиялык Зузана Лукнарова менен грузиялык жана австриялык атаандаштарын жеңип алышты. Эми алар орусиялык теннисчилерди утса жарым финалга чыгышат.
Оштогу таймаш
Учурда Ош шаарында бокстан эл аралык турнир өтүүдө. Рингдеги күч сынашууларга Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандан жүздөн ашуун булгаары мээлейчен уландар катышууда. Жеңүүчүлөрү 30-апрелде анык болот.
Бишкекте дагы бокстан мектеп окуучуларынын спартакиадасынын мөрөй талашуулары уланууда. Бокстан өлкөнүн улук устаты Таалайбек Кыдыралиев 17-18 жаштагы уландардын финалдык беттешүүлөрү 29-апрелде болоорун “Азаттыкка” билдирди.
Сеулда эрендер кармашат
30-апрелден 3-майга чейин Түштүк Кореянын борбору Сеулда эрежесиз эр кармаш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Мында Кыргызстандын намысын Кылычбек Саркарбаев менен Алина Карасартова коргойт.
Кылыччандар Германияда
Кыргызстандык кылыччан жигиттер Германияга жөнөп кетишти. 29-апрелде Хайденхайме шаарында фехтования боюнча дүйнө Кубогу үчүн таймашуулар башталат. Мында кыргызстандык 3 жигит шпага менен өнөрүн көрсөтүүгө аракет кылат. Алар: Михаил Иванов, Сергей Качурин жана Александр Черных мурда эл аралык аренада таанылган спортчулардан.
Ушул Германия өлкөсүнүн Дуйсбург шаарында гребля кайык жарышынан дүйнө Кубогунун мелдештери 27-майда болот. Кыргызстандык 4 кайыкчы: Александр Пароль, Игорь Дорофеев, Максим Бондарь жана Илья Альгин дүйнөлүк таймашууга даярдык көрүп жатышат.
Ваккер Лондонду самайт
Велоспорттон Азиянын үч жолку чемпиону, Азия оюндарынын беш жолку жеңүүчүсү Евгений Ваккер май-июнь айларында Италия, Иран жана Индонезияда өтө турган ири мелдештерге катышмакчы. Эгерде Евгений Ваккер ушул 5-6 турнирде арбын упай топтоп, мөрөй алса 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга жолдомо алып калышы ыктымал.
Самбодон мыктылар тандалды
Чолпон-Атада самбо күрөшүнөн уландар арасында өлкө биринчилиги жыйынтыкталды. Жети облустан, Бишкек жана Ош шаарларынан Чолпон-Атага барган 17-20 жаштагы 127 спортчу үч күн мөрөй талашты. Жыйынтыгында көлдүк Саяк Бараканов, оштук Курманбек Адилет уулу жана бишкектиктер Адилет Азатбеков, Бахтияр Абдурахманов, Эламан Касымбаев жана башкалар өлкө чемпиондору аталды.
Өлкөнүн самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев быйылкы Азия чемпионаты Ташкентте 5-майда башталаарын “Азаттыкка” айтып, ага тандалган балбандар даярдык көрүп жатканын билдирди.