Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Тагдыр сыноочу таймашуулар


16-сентябрда Варшавада жаштардын 4-Евразия атайын спорт оюндары башталды. Орусияда көркөм гимнастика дүйнө чемпионаты, шахмат олимпиадасы болот.

Москвада өтө турган дүйнө чемпионаты

Кыргызстандык көркөм гимнаст чеберлери Москвада өтө турган 2010-жылкы дүйнө чемпионатына катышат. Өлкөнүн көркөм гимнастика боюнча машыктыруучу Светлана Юнь-Моисееванын айтымында, дүйнө чемпионаты 19-сентябрдан 26-сентябрга чейин өтөт. Ага Кыргызстандан Айнура Шаршембиева жана Анастасия Курденкова барууга акыркы даярдыктарын көрүп жатышат.

Мындан тышкары Айнура Шаршембиева Москвадагы дүйнө чемпионатынан кийин Италияда өтө турган чоңдор арасында көркөм гимнастика боюнча клубдук чемпионатка барууга даярданууда. Бирок анын каржы маселеси аягына чейин чечиле элек.

Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасы

Кыргызстандын шахмат боюнча курама командасы Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышат. Өлкөнүн дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башкы адиси Канат Арпачиевдин айтымында, дүйнөлүк шахмат олимпиадасы 19-сентябрдан 4-октябрга чейин Орусиянын Ханты-Мансы шаарында өтөт.

Команданын курамында Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев, Александр Самаганов, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева бар.

Шахматчылар 2010-жылдагы өлкөнүн биринчилигинде чемпион наамына жана байгелүү орундарга ээ болуу менен Бүткүл дүйнөлүк шахмат олимпиадасына барууга жолдомо алышкан.

Жаштар арасында шахмат боюнча Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегинди жетекчилер каражат маселелерин өзүң чеч дешип, олимпиадалык командага кошпой коюшканын устаты Төлөгөн Исаев “Азаттыкка” билдирди.

Азиянын аскага чыгуу таймашы

Азиянын спорттук аскага чыгуу боюнча чемпионатына Кыргызстандын курама командасы катышат. Азиялык мелдештер 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин Кытайдын Чанчжду шаарында өтөт.

Бул Азия чемпионаттында Кыргызстандын намысын белгилүү спортсчулар, өлкө чемпиондору Александр Аксенов, Артем Авдеенко, Екатерина Боголюбова, Юлия Ширяева жана Арсений Лисунов коргойт.

87 жаштагы Петр Чесняков Москвада 42 км. чуркады

16-сентябрда кыргызстандык ардагер жөө күлүк, 87 жаштагы Петр Чесняков Москвада өткөн эл аралык дүйнө жарышына катышып келди.

Москвадагы эл аралык дүйнө жарышы – эң ири жана массалык элдик чуркоо фестивалдарынын бири. Ар жыл сайын бул иш-чарага Орусиянын төрт жүз шаарынан жана дүйнөнүн кырктан ашуун өлкөсүнөн он миңдей жөө күлүк катышып жүрүшөт.

Чуркоону жаңы баштаган спортчулар 10 километр аралыкта чуркап, мөрөй талашты. Тажрыйбалуу спортчулар 42 километр 195 метр аралыктагы марафондук жарышка түштү. Бирок кыргызстандык карыя жөө күлүк Петр Чесняков байгелүү орунга илинбей калды.

Исламдын алтынга тете күмүш байгеси

Сеулда таэквондо боюнча дүйнө чемпионатынын деңгээлиндеги “Korea Open-2010” эл аралык мелдеши өтүп, мында элүү өлкөнүн балбандары күч сынашты.

57 кг. салмакта кыргызстандык Ислам Шүкүров алгач бразилиялык жана АКШнын балбандарын артыкчылык менен утуп, баш байге үчүн америкалык атаандашына алдырып койду. Исламга күмүш байге ыйгарылды.

Өлкөнүн таэквондо федерациясынын жетекчиси Канат Деркинбаевдин пикиринде калыстар америкалык балбанга тартып коюп, Ислам Шүкүровдун 3 упайын эске албай коюшкан.

Ооруну жеңип, мөрөй алчулар

16-сентябрда Польшанын борбору Варшавада жаштар арасында 4-Евразия атайын спорт оюндары башталды. Спорт адиси Канат Арпачиевдин айтымында, Кыргызстандын майып спортчуларын өлкөнүн атайын олимпиада комитетинин жетекчиси Канат Мамбеталиев баштап барды.

Варшавада өлкөнүн намысын пауэрлифтинг таймашуусу боюнча устат Шамиль Яргаев, спорт чеберлери Рустам Кадыров, Максим Сахнов, Сабиржан Мухамедрахимов жана Нурбек уулу Адилет коргоп жатышат.

Бир эмес спорттун беш түрүнөн таймашуу

16-сентябрда Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылында спорттун азыркы беш түрү боюнча дүйнө чемпиону Юрий Хоришкону эскерүү эл аралык мелдеши башталды. Спорттун беш түрү боюнча мөрөй талашууга Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда. Жеңүүчүлөр 20-сентябрда аныкталат.

Алматыда алдыга ким чыгат?

16-сентябрда 30 кыргызстандык жеңил атлетчи Алматыга аттанып кетишти. Алар 17-сентябрда баштала турган Казакстанга эмгек сиңирген устат Гусман Косановду эскерүү эл аралык мелдешинде мөрөй талашат.

Бул мелдеш ноябрда Гуанжодо өтө турган 16-Азия оюндарына даярдык көрүүнүн бир этабы болмокчу. Бишкектик спорт чеберлери Сергей Пакура, Дмитрий Ильин, Анна Буланова, Юлия Ходыкина, Лилия Коваль жана эл аралык спорт чебери Юлия Архипова даярдыктарын сынайт.
XS
SM
MD
LG