Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:02

Кыргыз хоккейчилери монголдорду да жеңди


Кыргыз хоккейчилери Тайланддын командасы менен беттешүүдө, 28-янврь.
Кыргыз хоккейчилери Тайланддын командасы менен беттешүүдө, 28-янврь.

31-январда Астанада VII Кышкы Азия оюндарында кыргызстандык хоккейчилер монголдорду утуп алды. Бул кыргыз хоккейчилеринин үчүнчү жеңиши.

Астанада өтүп жаткан 7-Кышкы Азия оюндарында шайба хоккейи боюнча Кыргызстандын курамасы үч ирет ийгилик жарата алды. Буга чейин 28-январда Кыргызстандын курамасы Тайланддын оюнчуларын 15:4 эсебинде жеңип алган. 29-январда Бириккен Араб Эмиратынын хоккейчилери менен беттешип, мелдешти 14:0 эсеби менен утуп чыгышкан.
Кыргыз хоккейчилери Бириккен Араб Эмираттарынын хоккейчилери менен.

31-январдагы үчүнчү беттешүү Монголиянын командасы менен болуп, аларды дагы 13:3 эсебинде жеңип алды. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысы Алмазбек Касеновдун Астанадан "Азаттыкка" билдиргенине караганда, шайба хоккейинен монголдор негизги атаандаштардын бири болчу.

Кыргызстандын хоккей федерациясынын жетекчиси Анвар Оморкановдун маалымдаганына караганда, Азия оюндарынын хоккей боюнча биринчи Лигасында кыргыз курамасы байгелүү орунга жетүүгө аракет кылмакчы.

Жаш кезинде хоккей ойноп чонойгон, футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Бообек Кадыркуловдун айтымында, өкмөттүк деңгээлде камкордук болсо, бул оюнду өлкө аймагында өнүктүрүүгө негиз бар.

Шайба хоккей мелдештери Астанадагы Балбан Чолок (Шолак) спорт сарайында өтүүдө.

1-февралда кыргызстандык хоккейчилер Малайзиянын командасы менен беттешет. 2-февралда Бахрейин өлкөсүнүн хоккей командасы менен мөрөй талашат. 3-февралда бир күн өргүү кылып, 4-февралда Кувейт мамлекетинин хоккейчилери менен таймашат.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун пикиринде, алдыдагы таймашууларда үч команданы жеңип чыкса, Кыргызстан биринчи лигада баш байгеге талапкерлердин бири болмокчу.

Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандан 52 спортчу катышууда. Алар спорттун беш түрү боюнча күч сынашып жатышат.

Дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Алмаз Касеновдун Астана шаарынан билдиришинче, 30-январда президент Роза Отунбаева Кышкы Азия оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчулар менен жолугушкан. Иш сапарынын алкагында президент Роза Отунбаева Астанадагы 7-Кышкы Азия оюндарынын расмий ачылышына да катышты.

Кыргызстандыктар кышкы Азия оюндарында биатлон, лыжа жарыштары, шайба жана топ хоккейи жана спорттук ориентирлөө түрлөрү боюнча мелдешке катышат.

VII Кышкы Азия оюндары 30-январда башталып, 6-февралда жыйынтыкталат. Буга чейинки аралдыкта Казакстандын борбору Астанада жана Алматы шаарында спорттун 11 түрү боюнча мелдештер өтүүдө.

Жеңүүчүлөргө 69 комплект байгелер четинен ыйгарылып жатат. Азия континентинде кышкы спорт анча өнүкпөгөндүктөн мөрөй талашууга 27 өлкөнүн 1150 спортчусу гана катышууда.

Учурда жеңип алган медалдардын саны боюнча оюн ээси Казакстан биринчи орунда. Алар 6 алтын, 7 күмүш жана 6 коло байгелүү болушту. Экиничи катардагы Түштүк Корея өлкөсү биринчи күнү эле 4 алтын, 3 күмүш, 2 коло медаль утуп алышты. Үчүнчү орунда турган Жапон өлкөсү 3 алтын, 3 күмүш, 3 коло байгелүү болушту. 4-орундагы Монголиянын 1 коло байгеси бар.
XS
SM
MD
LG