Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Спорт жаңылыктары: Каныбек дүйнө кубогуна катышууда


Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев
Бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев

Каныбек Сагынбаев Орусияда бильярд боюнча дүйнө кубогуна катышууда. Кыргызстандык футболчу Мирлан Мурзаев Израилдин клубунда ойномок болду.

Орусиядагы бильярд боюнча дүйнө Кубогу

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында бильярд боюнча дүйнө кубогунун биринчи этабындагы оюндары өтүүдө. Бул мелдешке Орусия, Украина, Чехия, Молдова, Армения, Азербайджан, Беларусь жана Кыргызстандан 154 спортчу катышууда.

Кыргызстандын намысын дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев коргоп жатат. Каныбек азыркы күнгө чейин 7 оюн өткөрдү. Биринчи оюнунда 4:0 эсеби менен орусиялык Станислав Мальцевди утуп алды. Экинчисинде орусиялык Дмитрий Чичканаковдон жеңилүү ызасын тартты. Андан кийин төрт жолу катары менен утушка ээ болду.

Жетинчи беттешүүдө анын каршылашы беларусиялык Евгений Курта менен болгон оюнда бир упай айырма менен утулуп калды. Ошентип, Каныбек Сагынбаев биринчи турда 17-орунду ээледи.

Кыйын чыкты Ксения

Кыргызстандык Ксения Палкина Тайландтагы эл аралык теннис турниринде ийгиликке жетишүүдө. Ал жапондук Эрика Семаны 6:2 жана 6:4 эсеби менен жеңип алды. Ошентип Ксения мелдештин негизги таймашуусуна жолун ачты. Эми ал биринчи айлампада италиялык Роберт Винчага каршы ойнойт.

Кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина италиялык Николь Клерико менен бирдикте жуп ойногон мелдештерге катышат. Алардын биринчи атаандашы америкалык Жилл Крейбас менен жапондук Томоко Йонемура болот.

Баш байгеге - БМВ автоунаасы

Кыргызстанда биринчи жолу 25-26- февраль күндөрү эрежесиз эр кармаштын “Вале тудо” спорт түрү боюнча Азиялык чемпионат өтөт. Бул тууралуу эрежесиз күрөш боюнча федерациянын президенти Эмил Токтогонов “Азаттыкка” билдирди.

Азия чемпионаты Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда эки күн катары менен болот. Бул турнирге Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Таджикистан жана Кыргызстандын спортчулары катышып, мөрөй талашат.

- Ар өлкөдөн 4 спорт чебери катыша алат, чемпионат эки категорияда өтөт. Биринчи категория 80кг.салмакка чейин эрендер катышса, экинчиси 85килограммдан өйдөкү балбандардын таймашуусу болот. Баш байге БМВ-525 үлгүсүндөгү автоунаа жана акчалай сыйлыктар коюлган,-деп кошумчалады Эмил Токтогонов.

Жаш балбандар да сыналат

Бишкекте грек-рим күрөшү боюнча эки турнир өтөт. Бул тууралуу Раатбек Санатбаев атындагы спорт мектебинин жетекчиси Касымкул Оболбеков “Азаттыкка” билдирди.

-11-12 февралда дене тарбия, спорт жана туризм боюнча Бишкек шаардык комитетинин өспүрүмдөрүнүн ачык турнири өтөт. Мындан тышкары 18-19-февралда Октябрь районундагы олимпиядалык резервдеги өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинин байгесине эл аралык турнир өтөт. Эки турнир тең Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөрдүн адистештирилген мектебинде болот. Жеңүүчүлөр май айында өтө турган Кыргызстандын биринчилигине катышмакчы.

Мирлан Мурзаев Израилде ойнойт

Кыргызстандык футболчу, “Дордой” командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Израилдин “Хапоель” клубунда ойномок болду. Бул кабарды “Дордой” спорт клубунун вице-президенти Шаршен Касенов маалымдады.

Мирлан Мурзаев мурда Москванын “Локомотив” клубунун жаштар командасынын катарында ойногон. Эми 2011-жылдын 31-майына чейин Израилдин “Хапоель” клубу менен келишим түзүп, алардын катарында ойнойт. Бул команда Израилдин чемпионатында 16 командадан 14-орунда келүүдө. Команда Петах Тиква шаарында 1934-жылы уюшулган. Алты ирет Израилдин чемпиону аталган.

Мурат Жумакеев футболдон башкы устат болду

Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын футболдук устаты Ниязбек Алиевдин айтымында, өлкөнүн олмпиадалык курама командасына башкы машыктыруучу болуп Мурат Жумакеев дайындалды.

Мурат учурда Бишкектин “Алга” командасынын устаты болуп саналат. Кыргызстандын тандалма командасынын катарында ойногон. Ал былтыр Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөн 16-Азия оюндарына катышкан Кыргызстандын футбол командасын баштап барган.

2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга талапкерлерди иргеп алуу мелдештерине Мурат Жумакеев баштаган устаттар кыргыз футболчуларын даярдайт.
XS
SM
MD
LG