Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Кыргызстан-Иран беттешүүсүнө күйөрмандар арбын келди


9-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Ирандын футбол командаларынын 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага талапкерлерди тандоо мелдеши өттү.

9-мартта Бишкектеги “Cпартак” стадионунда футболдук чоң майрам болду. 2012-жылы Лондон олимпиадасына талапкерлерди тандоо мелдешине Кыргызстан жана Иран тандалма командаларынын ортосунда беттешүүсүнө 20 миңге чукул күйөрман күбө болду.

Мындай көрүнүш 3-4 жылдан бери Бишкекте болгон эмес. Мындан 4 жыл мурда Кыргызстан менен Ооганстандын улуттук командаларынын Бээжин олимпиадасына талапкерлерди тандоо мелдешинде күйөрмандар арбын келишкен.

"Кеңеш доорунда Бишкектин «Алга» командасы ойногон учурда ушул “Спартак” стадиону күйөрмандарга жык толуп турчу эле, учурунда ирандыктарды “Алга” командасы утуп алган эле",- деп эскерди футбол ардагери Кадыр Токоев.

Биринчи жана экинчи таймда тең эки команда эсепти ачалбай, чабуулдарынан майнап чыккан жок. Ирандык жигиттердин чеберчилиги, шамдагайлыгы байкалып, бир аз айырмаланып турду. Кыргызстандык футболчулар дагы тең тайлашып, коргонуу менен чабуулга дембе-дем өтүп турушту. Кыргызстандык дарбазачы Руслан Амиров бир нече ирет кооптуу жагдайда топту тосуп, чеберчилигин көрсөтө алды.

Футбол күйөрмандарынын эсине сала кетели, 23-февралда Ирандын Тегеран шаарында, 2012-жылы Лондондо өтө турган жайкы олимпиадага талапкерлерди тандоо мелдешинин биринчи беттешүүсү болгон.

Бул Иранда өткөн биринчи беттешүүгө күбө болуп келген өлкөнүн футбол федерациясынын вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуевдин айтымында, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулуп калган болчу. Жалгыз утуш гол Бахтияр Рохманиндин эсебине таандык.

Кыргызстандын курама командасында ушул тапта Украина жана Израиль клубдарында ойноп жүрүшкөн “Дордой” клубунун өкүлдөрү Азамат Байматов менен Мирлан Мурзаев канчалык аркет кылса дагы, өнөктөштөрү чабуулун колдоого алып, көмөктөш болбоду.

Кыргызстандык күйөрмандар ушундай футболдук беттешүүлөргө суусап калганын, Ирандын командасы мыктылар сабында турганын “Дордой” спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков “Азаттыкка” айтып берди.

15 жылдан ашуун Кыргызстандын футбол федерациясынын жетектеген, экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде, ушундай таймашууларда гана чеберчилик жогорулайт. Ал Иран менен теңата ойноп жаткан кыргызстандык жаш футболчуларда ишеним пайда болгонун, футболду өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо зарылдыгын айтты.

Кыргызстан – Иран футболдук беттешүүсүн көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарын спикер Акматбек Келдибеков баштап келди. Парламент төрагасы да футболчулардын өнөрүнө жогору баа берип, Азиянын бир нече жолку чемпиону Ирандын командасына туруштук бере алган кыргызстандык жигиттерге дагы ийгилик каалады.

Эки таймда тең эсеп ачылбады. Бирок Тегерандагы биринчи жеңиш менен ирандыктар 2012-жылы Лондондо өтө турган Олимпиадага талапкерлери тандоо мелдешинин кийинки этабына жолун ачты.
XS
SM
MD
LG