Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Бишкекте Ноорузга арналган көк-бөрү мелдеши өттү


21-мартта Бишкектеги «Аккула» ат майданында көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Жорго салдыруу, кунан, бышты жана аламан байге ат жарыштары болду.

Ат майданында күйөрмандар арбын келишип, финалдык мелдештин деңгээли жылдагыдан жогору болду деген пикирлер да айтылды.

Ат майданында акыйкатчы Турсунбек Акун да болуп, ал көк бөрү күйөрманы катары калыс, кызыктуу оюн болгонун “Азаттыкка” билдирди.

"Аккула" ат майданындагы көк бөрү оюндарына жана кунан чабыш, жорго салдыруу, аламан байге жарыштарына күбө болгон биринчи вице-премьер министр Өмүрбек Бабановдун пикиринде, көк бөрүнү эл аралык деңгээлге жеткирүү үчүн арбын каражат зарыл. Ошондой эле улактын ордуна жасалма улакты колдонбосок жаратылышты, жаныбарларды коргоочулардын нааразычылыгы жаралышы мүмкүн.

21- мартта жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Бишкектин "Бөрүлүү" командасы менен Ысык-Көл облусунун "Кабылан" командасы мөрөй талашты. Натыйжада 7:2 эсебинде "Бөрүлүүнүн" жигиттери жеңишке жетишип, баш байгенин ээси болду.

Баш байгени уткан "Бөрүлүү" командасынын башкы машыктыруучусу Касым Кубатовдун пикиринде, Кыргызстан көк бөрү оюну менен гана дүйнөгө тааныла алат:

- Ал үчүн жапондордун сумо, италиялыктардын "корридо" оюндарындай көк бөрүнү мамлекеттик деңгээлде колдоого алуу зарыл.

Өлкөнүн көк бөрү федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев эгемендик менен улуттук оюндар кайра жанданганын айтып, бирок каражаттын айынан эл аралык мелдештерге катыша албай жатканын айтса өлкөнүн аксакалдар кеңешинин төрагасы Дөөлөтбек Шадыбеков мындай пикирде:

- Беттешүүлөрдүн ортосундагы тыныгуу маалында ат оюндары: кыз куумай, тыйын эңмей, оодарыш уюштурса, төкмө акындарды чакырып, элдин майрамдык маанайын көтөрсө дурус болмок.

Нооруз күнүнө арналган спорттук иш-чаранын бүйүр кызытканы - кунан чабыш, жорго салдыруу жана аламан байге жарыштары болду.

95 жолу жорго салдырууга катышып, 91 ирет марага биринчи келип, 39 автоунаа уткан Ысык-Көлдүн “Патрон” атуу жоргосунун урматына “Мерседес” үлгүсүндөгү автоунаа байге сайылып жатканын ат спорт федерациясынын жетекчиси Манас Акматбеков айтып берди.

Нарындык саяпкер Турсуналы Мамбетаитовдун жоргосу марага үчүнчү келди. Ат чабыш, жорго салдырууга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулбай, мыкты жорголорду казактар сатып кетип жатышканына саяпкер кейип турду.

Чыныда эле көк бөрүнүн мыкты аты 4-5 миң АКШ долларына бааланып жатканын Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасынын машыктыруучусу Курманкул Усубалиев “Азаттыкка” айтты. Көк бөрү мелдешине катышкан 7 командадан Таластын "Ынтымак" командасы байгелүү үчүнчү орунду камсыз кылды. Жеңүүчүлөргө баалуу жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эгемендик алгандан баштап Кыргызстанда Нооруз жалпы журттун майрамына айланып баратышына спорттук мелдештердин да салымы бар.
XS
SM
MD
LG