Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Спорт жаңылыктары: жаш балбандардын дүйнөлүк сынагы


21-августта Кыргызстандын эркин күрөш боюнча жаштар командасы Венгрияга дүйнө биринчилигине аттанып кетти.

Кайыкчылар финалда

Венгриянын Сегеде шаарында өтүп жаткан кайык айдоочулардын дүйнөлүк чемпионатында кыргызстандык кайыкчылар финалга чыгышты. Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитеттин жетекчиси Мурат Саралинов билдирди. Натыйжада кыргызстандык эки спортчу финалдык топто жарышка чыгат. Алардын катарында 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль баштаган жигиттер бар.

Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы 12 орунду ээлегендерге 2012-жылы өтө турган Лондон олимпиадасына жолдомолор ыйгарылат. 17-августта башталган кайыкчылардын дүйнөлүк чемпионаты 21-августта жыйынтыкталат.

Казак жергесинден акыл таймашы

18-августтан бери Казакстандын Көкчетау шаарында тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Бул акыл таймашына Монголия,Түркия, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн эки жүзгө жакын спортчу катышып жатат. Мында Кыргызстандын намысын беш спорт чебери: Мирлан Кудайбергенов, Кубан Сазаев, Саламат Бактыбек уулу, Рахат Каныбек кызы жана Анарбек Жумакеев коргоп, жарым финалдык таймашууларга чыгып калышты. Бул эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү 22-августта аныкталат.

Азиза дүйнөлүк дың бузду

21-августта Франциянын Шамбери шаарында мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулар арасында дүйнө чемпионаты жыйынтыкталат. Мында спорттук божомолдоо мелдештерине майыптык араба менен Азиза Иминова катышып жатат. Ал спринт, орто жана алыс аралыктагы мелдештерге катышты. Алгачкы ирет мындай иш-чарага катышкандыктан Азиза ийгилик жарата албады. Ошондой болсо дагы дың бузуп, дүйнө чемпионатынын эшигин ачып келди.

Жашында сынайт балбанды

21-августта Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улан-кыздар тандалма командасы Венгрияга жөнөп кетти. Алар 22-августта Сомбатхейе шаарында баштала турган дүйнө чемпионатына катышмакчы. Бул тууралуу өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Рысбек Мамышев “Азаттыкка” билдирип, эркин күрөштөн курамында кайсыл балбандар үмүт жандырып турганын айтып берди.

Эркин күрөштөн дүйнө биринчилигине 2 жаш балбан кыз кетти. Ошентип 43 кило салмактагы Нуржанат Бекматова менен 52 кг. салмактагы Айша Акбарова өлкө намысын коргойт. Эскерте кетчү жагдай жакында эле Тайландда өткөн Азия чемпионатында кыргызстандык балбан кыздар 3 медаль жеңип келишкен.

23-августта грек-рим күрөшүнөн уландар командасы Венгрияда баштала турган дүйнөлүк таймашууга барат. Жаш балбандарды Кыргызстанга эмгек синирген машыктыруучу, даңазалуу балбан Данияр Көбөновдун устаты Раатбек Мамбетов баштап барат. 17 жашка чейинки 8 жаш балбандар тууралуу Раатбек “Азаттыкка” буларды айтып берди:

- Нузупбек Касымов (42кг), Замирбек Дуңканаев (46кг), Каниет Зоотбеков (50 кг), Бекжан Кожонтаев (58 кг.), Эсен Асан уулу (63 кг), Кайрат Түгөлбаев (69 кг), Самат Шырдаков (76 кг) жана оор салмакта Камбар Жоробеков өлкө намысын коргойт.

"Чабалакей" футбол турнири

Бул күндөрү Тажикстандын Хожент шаарында футболдон 13 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында эл аралык “Чабалекей” турнири өтүүдө. Кыргызстандык жаш футболчулар биринчи беттешүүдө кытайлыктар менен теңата ойноп, тең чыгышты. 21-августта Тажикстандын “Энергетик” командасы менен беттешет. 22-августта дагы Тажикстандын “Авиатор” командасы менен мөрөй талашат. Кыргызстандын өспүрүмдөр командасынын курамын “Дордой, , “Абдыш-Ата” жана “Алга” футбол клубдарынын жеткинчектери түзгөн. Бул “Чабалекей” турниринин жеңүүчүлөрү 25-августта аныкталат.

Эгемендик Кубогуна арналган Көк-Бөрү

Адаттагыдай эле быйыл да Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында эгемендик Кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдешин өткөрүүгө камылга көрүлүүдө. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиев “Азаттыкка” билдирди.

- Көк-Бөрү мелдеши 26-августта башталып, ага 12 команда катышат. Улуттук оюндардын эң таасирдүүсү, бүйүр кызыткан бул мелдеш быйыл 15-жолу өткөрүлгөнү турат.

Даниярдын даңкы чыкса...

21-августта теннис чебери Данияр Дулдаев Орусияга жөнөп кетти. Ал Лермонтов шаарында 22-августта баштала турган эл аралык турнирге катышат. Бул мелдеште Кыргызстан, Индия, Түркия, Казакстан, Орусия баштаган бир нече өлкөнүн тандалган теннис чеберлери мөрөй талашат.

Универсиада оюндары - 2011

12-августтан бери Кытайдын Шенжень шаарында бүткүл дүйнөлүк студенттердин Универсиада оюндары өтүүдө. Мында кыргызстандык 10 спортчу ийгилик жарата албай жатышат. Жаа атуу боюнча Азия чемпионатында мөрөй алып жүргөн Асел Шарбекова монголиялык атаандаштарына утулуп, чейрек финалга да чыга албады.
Үстөл теннисинен өлкө чемпиону Саида Кудусова өз тобунда перулук, щвециялык атаандаштарын утканы менен мыктылар тобуна кошула албай калды. Кыргызстандык күйөрмандардын үмүтүн мерген Руслан Исмаилов дагы актай албады. Ал 66 мергенден 27-орунга араң жетти.

Универсиада оюндарында кытайлык спортчулар командалык биринчи орунду эч кимге берчүдөй эмес. Экинчи катарда орусиялыктар, үчүнчү орунда жапондук спортчулар келатат. Эгемен өлкө болгону кыргызстандык студенттер бир нече Универсиада оюндарына катышканы менен байгелүү орундарга жетише элек. Универсиада 23-августка чейин созулуп, жабылуу аземинде кийинки оюндардын эстафетасын Орусиянын Казан шаары алат.
XS
SM
MD
LG