Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

Бишкекте кикбоксингден кыргызстандыктар жеңди


2-сентябрда Бишкектеги кикбоксинг боюнча эл аралык таймашууларда Кыргызстан, Тайланд, Казакстан, Өзбекстандын спорт чеберлери күч сынашты.

2-сентябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда кикбоксинг боюнча континенттер аралык чемпион үчүн жана эл аралык таймашуулар болду.

Алгач рингге 67 кило салмактагы Азия чемпиону, кыргызстандык Мирлан Ибраимов менен дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, казакстандык Асет Тайганов чыгышты. Мында Мирлан чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтө алды. Жыйынтыгында калыстар жеңишти кыргызстандык Мирлан Ибраимовго ыйгарышты.

Андан кийин 71 кг. салмактагы мушкерлер жабык имараттардагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү, кыргызстандык Сталбек Дарканбаев менен жабык имараттардагы Азия оюндарынын жеңүүчүсү, өзбекстандык Махамад Али Таштургунов күч сынашты. Мында дагы Сталбек күйөрмандардын ишенимин актады.

72,5 кг. салмактагы беттешүү да кызыктуу, курч мүнөздө өттү. Бул ирет Азия чемпиондору кыргызстандык Ален Офойе менен казакстандык Бауржан Артыкбаев мөрөй талашты. Натыйжада кыргызстандык Ален Офойе упайдын айырмасы менен жеңүүчү деп таанылды.

91 кило салмакта өлкө намысын коргогон Азия чемпиону Рашид Аманкулов дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү, казакстандык Галымжан Утегеновду эки жолу эсин оодара согуп, таймашууну эрте аяктоосуна аргасыз кылды.

Жеңишке жеткен Рашид Аманкулов мелдеш курч мүнөздө өткөнүн, эми алдыда дүйнө чемпионатына баруу үчүн даярдык көрөөрүн «Азаттыкка» айтып берди.

Бишкектеги кикбоксинг таймашуунун бүйүр кызыткан учуру-континенттер аралык чемпиондук наам үчүн кармашуу болду. Мында Кыргызстандын намысын Европа чемпиону Алексей Федосеев коргосо, анын атаандашы Азия чемпиону, Тайланд Королунун жеңүүчүсү Жатурапат Каефма (Jaturapat Kaewma) болду. Таймашуу 8 раундга созулду.

Бокс боюнча кесипкөйлөр арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, Европанын эки жолку чемпиону Орзубек Назаровдун пикиринде, тайланддык жигит 1-2-3 раундга чейин Алексейди теңине албай, рингде өзүн эркин сезип жатты:

- Чынында атаандаштарды дагы баалап, алдын ала байкаш керек. Тайланддык Жамурапат тактикалык ката кетирип, алгачкы раунддарда өзүнө өтө ишенип, Алексейди теңине албай койду. Ал эми Алексей сезимтал экен. Күч-кубатын сактап, арбын упай топтоп, таамай согууга аракет кылды. Тайланддык мушкерлердин мектеби дүйнөгө таанымал. Мурдакы жылдары кыргызстандык Ален Офойе тайланддык атаандашына алдылып койгон. Ошондуктан Алексей бул ирет ката кетирбөөгө аракет кылды.

Алгачкы үч раундда тайланддык Жатурапат тез-тез чабуулга өтүп, бөйрөк тушка таамай тебүүгө аракет кылды. Алексей дагы татыктуу жооп берүүгө үлгүрдү.

Мелдешке күбө болгон вице-премьер-министр Ибрагим Жунусов мындай мөрөй талашуулар үч жылдан бери өтпөй, күйөрмандар дагы суусап калганын, намыска жарай турган жигиттер арбын экенин «Азаттыкка» айтты.

Сегиз раунддук беттешүүдө бишкектик Алексей Федосеев өжөрдүгүн, көктүгүн, мыкты даярдыгын көрсөтүү менен арбын упай топтоого жетишип, тайланддык Жатурапат Каефманы утуп, континенттер аралык чемпион аталды.

Коомдук ишмер, бокс ардагери Райкан Алканов дагы Алексейдин аракетине жогору баасын берип, ийгилик каалады.

Алексейдин устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Александр Войнов да алгач тайланддык жигиттен чочуп турса, 3-раунддан кийин шакиртинин жеңээрине көзү жеткенин «Азаттыкка» айтып, мындай деди:

-Тайландда кикбоксинг, тай бокс абдан өнүккөн. Бул ирет Азия чемпиону Жатурапат Алексейге теңдеш болбоду. Алексей табында экенин, эл аралык деңгээли жогору экенин далилдеп, күйөрмандардын ишенимин актады. Эми ал дүйнө чемпиондугу үчүн күч сынашууга жолун ачты.

Бул беттешүүнүн кирүү акысы 300-500 сомдон болгондуктан көпчүлүк жаштар мелдешти көрө албай спорт ордосун айланчыктап жүрүштү.
XS
SM
MD
LG