Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Бейрутту багындырган кыргызстандык дзюдочулар


Дзюдочу Болотбек Токтогонов жакындары менен, 2010-жылдын 29-августу.
Дзюдочу Болотбек Токтогонов жакындары менен, 2010-жылдын 29-августу.

Ливанда өткөн дзю-до боюнча жаштардын Азия чемпионатында кыргыздар 13 медаль утуп келишти. Ошто республикалык 6-спартакиада жыйынтыкталды.

Кыргызстандын тарыхындагы дзюдочулардын ийгилиги

Бейрут шаарында өткөн дзю-до күрөшүнөн улан-кыздар арасында Азия чемпионатында кыргыз дзю-дочулары командалык жалпы эсепте үчүнчү орунду камсыз кылышты. Алар 1 алтын, 5 күмүш жана 7 коло байгелүү болушту. Былтыр Сингапурда өткөн биринчи жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогоновго оор салмакта теңдеш балбан болбой, ал Ливандан Азия чемпиону болуп келди.

Азиялык таймашта финалга чейин жетип, аз упай менен экинчи орунду ээлегендер Канат Токталиев, Багдан Оробеков, Эленора Акматбекова, Алия Акунова жана Салтанат Акметжанова болушту.

Бейрутка Кыргызстандын командасын баштап барган дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскуловдун айтымында, Азия чемпионатында 28 өлкөнүн жаш балбандары мөрөй талашты:

- Бул Азия чемпионаты май айында Сирия өлкөсүндө болмок эле. Бирок ал жактагы саясый окуяларга байланыштуу Ливанга аргасыз которулган. Азия дзю-до федерациясына мүчө 36 өлкөнүн 28и катышып, 300дөн ашуун спортчу мөрөй талашты. Кыргызстандын дзю-до тарыхында алгач ирет Азия чемпионатында командалык эсепте үчүнчү орунду ээледик.

Жапониядан Кыргызстанга 1000 даана татами белек

Ушул дзю-до темасындагы дагы бар жагымдуу жаңылык - Жапон өкмөтү Кыргызстанда бул спортту кеңири жайылтуу максатында наркы 850 миң АКШ долларына барабар 1000 даана татами тартуулады. Мындай маалытатты Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги таратты.

Ваккердин артында орун басары болот

Алматыда кыргызстандык велоспортчу Марат Деревянин “Казакстан-Орусия Кубогу” эл аралык турниринин жеңүүчүсү аталды. Марат велоспорт ышкыбоздор арасындагы топ жарышта марага озуп келип, алтын медаль тагынды. Ал 8 км. аралыкка жеке жарышта үчүнчү орунду ээледи.


Баш байге - Бишкектин командасында

9-октябрда Ош шаарында Кыргыз Республикасынын 6-спартакиадасы сонуна чыкты. Мында жалпы командалык биринчи орунду Бишкек шаарынын спортчулары жеңип алышты. Оюн ээси оштуктар экинчи, ысыккөлдүктөр үчүнчү орунду камсыз кылышты. Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, Ош шаарында спартакиаданын мелдештери жогорку деңгээлде өттү.


Каныбектин үч жылдан берки демилгеси

Бильярд боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев 2012-жылы дүйнө чемпионатын Кыргыз жергесинде өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Бул демилгени эл аралык бильярд уюму колдоого алып, макулдугун билдирген.

- Мындай демилгени биз үч жылдан бери көтөрүп келатабыз. Дүйнөлүк кадыр-баркты аныктоодо Кыргызстан 4-орунда турат. Дүйнө чемпионатын өткөрүү менен өлкөнү таанытып, бул спортко кызыгуу артмак. Ошондуктан кыргыз өкмөтү да мындай саамалыкты колдоого аласа дурус болоор эле, - дейт өлкөнүн бильярд федерациясынын башкы катчысы Шейшенбек Байзаков.

Бакыдан куру кол кайткан мушкерлер

Дүйнөлүк спорт коомчулугунун көңүлүн буруп, дүрбөлөң салган Бакы шаарындагы бокс боюнча дүйнө чемпионаты соңуна чыкты. Мында 130 өлкөнүн 700гө жакын тандалган спортчусу мөрөй талашты. Бул дүйнө чемпионатында биринчи орундан сегизинчи орундарга чейин 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо берилди. Тилекке каршы кыргызстандык 9 боксчунун баары жеңилип, Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышты.

Жеңилүү болбой, жеңиш болбойт

9-октябрда Армениянын борбору Ереван шаарында теннистен эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мында 18 мамлекеттин элүүдөн ашуун спортчусу мөрөй талашты. Кыргызстандын намысын Бермет Дубанаева менен Инна Волкович коргоп, бирок ийгилик жарата албады.

"Дордой"- 7 жолку чемпион

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, Жогорку Лигада быйылкы жылдын жеңүүчүлөрү анык болду. Бишкектин “Дордой” футбол клубу бул ирет жетинчи жолу чемпиондук наамга татыктуу экенин далилдеди. Ал чечүүчү беттешүүдө былтыркы чемпион, кочкоратанын “Нефтчи” командасын 2:0 эсебинде утуп, мөөнөтүнөн мурда биринчи орунду камсыз кылды.

Калыстыктан тайбагыла

Азия футбол конфедерациясын футзал боюнча ФИФАнын калысы Нурдин Букуев менен мелдеш комиссары Кемел Токабаев 2012-жылдын Азия чемпионатынын тандап алуу таймаштарына калыс катары дайындалды.

Нурдин Букуев 26-ноябрдан 1-декабрга чейин Тайландда өтө турган беттешүүлөргө калыстык кылат. Кемел Токабаев болсо 9-декабрдан 16-декабрга чейин Кувейтте өтчү мелдештедин комиссары болот.
XS
SM
MD
LG