Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Митал Шарипов убада кылынган жардамды алабы?


Митал Шарипов
Митал Шарипов

Индонезияда сууда сүзүүдөн Азия чемпионатында Султан Букеев экинчи алтын медалды утту. Катуу ооруп жаткан Азия чемпиону Митал Шариповго Жогорку Кеңеш акчалай жардам бермей болду.

Ушул тапта Индонезиянын борбору Жакарта шаарында сууда сүзүү боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

11-октябрда кулак сүйүнткөн кабар келген эле. Уландар арасында 200 метрге брасс ыкмасындагы суучулдар жарышында кыргызстандык Султан Букеев марага озуп келип, Азия чемпиону аталган.

12-октябрда да 14 жаштагы Султан 100 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө да марага биринчи келди. Ошентип Султан Букеев Азия чемпионатында эки алтын медалдын ээси болду.

Улуулар арасындагы 200 метрге жарышта Афина, Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу Василий Данилов үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду. Василий Данилов 2005-жылы жаштар арасында Азия чемпионатында экинчи орунду ээлеген. Ал мурдагы Азия чемпионаттарында 6 жолу күмүш, 3 коло медаль жеңген.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорт бөлүм башчысы Канатбек Арпачиев:

- Суучулдардын мөрөй талашуулары 14-октябрда жыйынтыкталат.
Мында өлкө намысын 10 суучул коргоп жатат.

Лондон көздөн учат!

Учурда Италиянын Катания шаарында фехтования боюнча дүйнө чемпионатынын таймашуулары өтүүдө. Өлкө намысын 7 кылыч чебери коргоп жатышат. Мында кыргызстандык Михаил Иванов 8 жолу таймашууга чыгып, 72-орунга илинип, ийгилик жарата албады.

Александр Черных, Евгений Наумкин жана Сергей Качурин да байгелүү орундарга талапкер боло албады.

Кыздардан да үч спортчу алдыңкы сапка кошулган жок. Бул дүйнө чемпионатында байгелүү орунга жеткендерге 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомолор берилет. Ошондуктан дүйнө жүзүнөн тандалган 214 спортчу Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылышууда. Жеке жана командалык таймашууларда жеңүүчүлөр 16-октябрда анык болуп калат.

Астанадагы Берметтин аракети

Теннис боюнча Астанада өтүп жаткан эл аралык мелдеште кыргызстандык Бермет Дубанаева үчүнчү айлампада ойноо укугуна ээ болду. Бермет атаандаштары франциялык Жули Тринган менен казакстандык Екатерина Клюеваны артыкчылык менен утуп алды.

Эми жарым финалга чыгуу үчүн орусиялык Алена Карпова менен беттешет. Жуп болуп ойноодо Берметтин өнөгү казакстандык Наталья Бережная болууда.

Жамийла Дүйшеева казакстандык Залина Хайрудиновадан жеңилүү ызасын тартып калды.

Футбол: Жогорку лиганын жеңүүчүлөрү аныкталды

Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, 12-октябрда Жогорку лигада быйылкы жылдын күмүш жана коло байге ээлери анык болду.

- Экинчи жана үчүнчү орундар үчүн Канттын “Абдыш-Ата” командасы менен Кочкор-Атанын “Нефтчи” клубу мөрөй талашты. Натыйжада “Абдыш-Ата” клубу былтыркы чемпион, Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасын 2:1 эсебинде утуп калды. Былтыркы чемпион "Нефтчи" экинчи, "Абдыш-Ата" үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Мындан бир апта мурда Бишкектин “Дордой” футбол клубу бул ирет жетинчи жолу чемпиондук наамга татыктуу экенин далилдеген. Алар чечүүчү беттешүүдө Кочкор-Атанын “Нефтчи” командасын 2:0 эсебинде утуп алып, мөөнөтүнөн мурда биринчи орунду камсыз кылган.

- Быйылкы Жогорку лигада 6 команда ойноп, каражаты тартыш "Ысык-Көл" командасы четке чыга берген. 5 команда менен Кыргызстанда футболду өнүктүрүү мүмкүн эмес,- дейт өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Бообек Кадыркулов.

Самбонун дүйнөлүк кармашы

13-октябрда Латвиянын борбору Рига шаарында жаштар арасында самбо күрөшүнөн дүйнө чемпионаты башталды.

"Бул дүйнөлүк жаштардын күч сынашууларына кыргызстандык 13 спортчу катышууда", - деди Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Ал эми улуулар арасындагы самбо күрөшүнөн дүйнө чемпионаты 5-ноябрдан 14-ноябрга чейин Литванын борбору Вильнюс шаарында болот.

Митал Шариповго жардам берилет

Учурда катуу ооруп жаткан оор атлетчи, Азиянын эки жолку чемпиону Митал Шариповго Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков 100 миң сом жардам бермей болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Шайыр Маматокторов билдирип, акчаны 14-октябрда аппарат жетекчиси тапшыраарын айтты.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков “Азаттыктын” Интернет эрөөлүнө келип, окурмандардын суроолоруна жооп бергенде, көлдүк спорт күйөрманы Нурбек Карыбаев оор атлетчи Митал Шарипов эки ирет операция болуп, жардамга муктаж экенин айтып, ага жардам берүүнү суранган. Спикер Ахматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенти болгондуктан жардам берүүгө убада кылган.

Бирок Митал Шариповдун жубайы Асел Убукееванын айтымында, эки күндөн бери Жогорку Кеңештен эч ким келген жок. Эки айдан бери жардам берибиз дешкени менен убакыт өтүп, абалы кыйындап баратат.

- Эки күндөн бери жол карап, үмүт үзбөй турабыз. Эртең жардам беребиз дешти. Кымбат дарыларды алалбай, каражат жагынан жардамга муктаж болуп турабыз. Ашказанынан жана жоон ичегисинен эки ирет операция болгон Миталдын абалы оор бойдон эле.

Азиянын эки жолку чемпиону, кыргызстандык белгилүү спортчу Митал Шарипов учурда кыйналып жатканын "Азаттыкка" айтып берди:

- Эки жолу оор операция болдум. Азыр үйдө элемин. Унаам жок, ооруканага барып келүү кыйын болуп жатат. Ашказандын жанында шишик бар экен. Буттарым шишип, баса албай калгам. Эми ичим катуу ооруп жатат.

Кыргыз спортуна эмгек сиңирген спорт чебер, 39 жаштагы Митал Шарипов Азиянын эки жолку чемпиону. Дүйнөлүк Намдью кубогунун эки жолку жеңүүчүсү. 1994-жылы Хиросимадагы 12-Азия оюндарында коло медаль, Азия чемпионатында күмүш медаль уткан. Жети жолу жылдын мыкты спортчусу аталган.

Кийинки учурда оор атлетика боюнча Кыргызстандын жаштар командасынын башкы машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.
XS
SM
MD
LG