15-октябрда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында эр-азаматтар классикалык ыкмада күч сынашты. Кыз-келиндер эркин ыкмада мөөрөй талашты.
Бишкектеги бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын мелдештерине Кыргызстан, Тажикстан, Грузия, Литва, Латвия, Эстония, Норвегия, Украина, Израиль, Армения, Монголия, Өзбекстан, Орусия, Румыния, Молдова, Түркмөнстан, Казакстан, Беларус өлкөлөрүнөн балбандар келишти.
Грек-рим күрөшүнөн 16-Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновдун устаты Раатбек Мамбетовдун пикиринде, бел кур күрөшү спорттун жаш түрү болгондуктан келечеги кең. Себеби, бул Кыргыз, Лейлек, Алыш күрөштөрүнө окшош болгондуктан бардык балбандарга ыңгайлуу.
- Бул күрөш менен дүйнө элдеринин көбү машыккандыктан, айрыкча Азия калкына жайылганы эске алынып, 2013-жылы Орусиянын Казан шаарында өтө турган студенттердин дүйнөлүк Универсиада оюндарынын программасына киргизилди.
15-октябрда Кожомкул атындагы спорт сарайында 62, 68, 75, 82, 90, 100 кг. жана 100 кг. жогору салмактар боюнча финалдык таймашууларда бел кур күрөшүнүн классикалык ыкмасы боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.
Жеңил салмакта баш байге үчүн Азия, дүйнө чемпиону, кыргыз балбаны Жанболот Осмонов менен монгол Ерхабар Батхуаг килем үстүндө күч сынашып, Жанболот жеңил жаракат алып, монгол Ербахар жеңип, дүйнө чемпиону болду.
Мелдештен кийин Жанболот Осмонов таймашуу курч мүнөздө өткөнүн, чемпиондук наамын монгол балбаны таза жеңип алганын айтып, алдыда дагы таймашуулар турганын “Азаттыкка” билдирди.
-Кызыктуу таймаш болду. Финалдык күрөш курч мүнөздө өттү. Чынында эле монгол жигити дагы күчтүү экен. Бирок кыргыз балбандарынын өздөрү даярдык көрө турган залы, шарты жоктугу бизди бир аз аксатып койду. Жеке демилге менен гана ар кайсыл залда жетим балдардай болуп машыгып жүрөбүз. Бул дүйнө чемпионатынан кийин спорт жетекчилери ойлонуп, бел кур күрөшүнө көңүл бурса дейм.
68 кг. салмакта да финалда кыргызстандык Сергей Фуфачев менен орусиялык балбан Азамат Майпанов күч сынашып, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты. Натыйжада упайдын айырмасы боюнча, биринчи орунду орусиялык Азамат Майпанов камсыз кылып, алтын медаль тагынды. Кыргызстандык Сергей Фуфачев күмүш байгелүү болду.
75 кг,82 кг, 90 кг. салмактарда дүйнө чемпиондук наамдарын орусиялык балбандар Алберт Рахматулин, Евгений Строгонов жана Ринат Ахмедшин жеңип, баш байгенин ээлери болушту.
82 кг. салмакта финалда кыргыз балбаны Темирлан Тайиров орусиялык Евгений Строгоновду 4:2 эсебинде утуп баратып, атаандашынын далысын килемге тийгизем деп жатып, каталык кетирип койду. Натыйжада Темирлан Тайиров коло байгелүү болду.
15-октябрда бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыз-келиндер дагы күч сынашты. Жыйынтыгында орусиялык жана украиналык кыздар мыкты даярдыгын көрсөтүп, баш байгенин көбүн олжолоп кетишти. Кыргызстандын намысын коргогон 5 кыздын төртөө тең үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болушту. Мөрөй алышкан Салтанат Акматжанова, Елена Исакова, Елена Проскурякова жана Яна Панова мындай бел кур күрөшүнө биринчи ирет катышканын эске алсак, алгачкы аракеттери майнаптуу болду дешет адистер.
Бул кыздар Каракол шаарында дзю-до күрөшү менен машыгып жүрүп, бел кур күрөшүнөн да күч сынашып көрүүгө тобокел кылышканын дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Салтанат Акматжанова “Азаттыкка” айтып берди.
Улуттук олимпиада комитетинин ардактуу президенти Эшим Кутманалиевдин айтымында, мелдеш курч мүнөздө өткөнү менен жарнаманын жоктугунан күйөрмандар аз келишти. Спорт жетекчилери кайдыгер мамиле кылып, демилгени колдоого албай коюшту.
Ошентип Бишкекте өткөн бел кур күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар 1 алтын, 3 күмүш, 8 коло байгелүү болушту.
Кыргызстанда Алыш күрөшү, Лейлек күрөшү, Кыргыз күрөшү жана Фергана күрөшү боюнча өз алдынча мелдештер өткөрүлүп, өз ара атаандашууну жаратып келген. Ушул сыяктуу бел кур менен күрөшүп келген дүйнө элдерин бириктирген эл аралык бел кур күрөш федерациясынын түзүлгөнүнө 10 жыл болуп, ар жыл сайын Азия, Европа, дүйнө чемпионаттарын өткөрүп таасири артып, кулачы кеңири жайылып баратат.
Бишкекте 9-дүйнө чемпионаты өтүп, бул күрөштү Азия оюндарынын программасына киргизүү сунуштары да айтылды.