Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Ат жалында “Курманжандын кырк кызы”


22-октябрда Бишкектеги “Аккула” ат майданында “Курманжандын кырк кызы” аттуу театралдашкан ат оюндары жыйынтыкталды.

Бишкектеги “Аккула” ат майданында “Курманжандын кырк кызы” деген аталышта ат оюндарында өлкөнүн ар бир дубанынан бештен кыз келип, өнөрүн көрсөтүштү. Алар ат майданында жаа атуу, кыз куумай, жоолук алмай, кыз жарыш өңдүү улуттук оюндардын түрлөрү боюнча күч мөрөй талашты.

Кыз Сайкал, Жаңыл мырза сыяктуу баатыр кыздардын салтын уланткан 40 кызга ыраазычылыгын билдирген Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков ар бирине беш миң сомдон сыйлык берип, кыздардын ат спортун өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Мелдешке күбө болуп олтурган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору Сабахатин Балжи кыргыз кыздарынын ат жалындагы чеберчилигине жогору баа берип, “Азаттыкка” мындай деди:

- Түркиядан келген меймандарыма кыргыз кыздарынын ат ойноткону, жаа тартканы, ат чапканы, айрыкча кыз куумай оюну абдан жакты. Жигиттерден кем калбаган мыкты кыздар бар экен.

“Курманжандын кырк кызы” ат оюндарынын катышуучуларына да микрофон узаттык:

Бактыяр кызы Нурзат: Мен Ош облусунун намысын коргоп жатам. Мелдеш абдан жакшы калыс өттү. Менин атым чарчап калып, бешинчи болуп калдым. Мындай оюндар көп өтсө, чеберчилик дагы жогору болот эле. Биз аз убакыт гана даярданып калдык. Аттар дагы чүйлүктөрдүн аты болуп, өзүбүз көнгөн атыбыз болгон жок.

Темиркул кызы Айжамал: Таластан келдик. Ат жалын тартып минбегениме 8 жылдай убакыт болуптур. Ушундай мелдештер өтүп турса, биз деле жигиттерден кем калбай, ат чаап, ат оюндарына катышат элек да.

Чубак кызы Элиза: Чүй облусунан, Суусамырдан болом. Ат оюндарына жигиттер гана катышып келсе, эми мындан ары кыз-келиндердин ат спортуна да көңүл буруу зарыл. “Аттын кулагы менен тең ойногон” кыздарыбыз бар экенин көрдүңүздөр. Кыргызды биз деле дүйнөгө таанытууга кудуретибиз жетет. Спорт жетекчилери бизди дагы унутпай, эске алып жүрсө дейм.

Нурзина Абдыкадырова: Чүй облусунун намысын татыктуу коргой алдык. Айылдык кыздардын көбү ат минип чоңойгон. Шаарга келсе эле унутулуп калат экен. 8 жылдан бери ат мине элек экем. Бул оюндарга катышууга 8 күн гана машыктык. Кыздар деле жигиттерден кем эмес деп ойлойм. Буга ушул мелдештер далил болду.

Курманжан датканын 200 жылдыгына карата өткөн оюндардын жыйынтыгында биринчи орунду Чүй облусунан келген кыздар утуп, аларга 60 миң сомдук акчалай сыйлык ыйгарылды. Экинчи орунду Ысыккөлдүк, үчүнчүнү Таластын кыздары камсыз кылышты.

Бул иш-чаранын демилгечиси “Курманжан датка” кайрымдуулук корунун жетекчиси, Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Жолдошеванын пикиринде, кыз-келиндер ат оюндары датканын 200 жылдык мааракесинин алкагында уюштурулду.

Бишкек шаарынын тургуну Расул Карачаловдун айтымында, мурда кыргыз кыздары кыз куумай оюндарына гана катышса, бул ирет ат жалында өскөн элдин урпактары экенин далилдей алышты.

Мурда "Аккула" ат майданында эр жигиттердин көк бөрү, оодарыш, тыйын эңмей, аламан байге, жорго салдыруу ат оюндарына күбө болгон күйөрмандар кыздардын өнөрүнө да ыраазы болуп, жаркын маанайда кайтып баратышты.
XS
SM
MD
LG