Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:09

Оор атлетчилердин Париждеги дүйнө чемпионаты


Учурда Киевде бокс боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Париждеги дүйнө чемпионатына кыргызстандык оор атлетчилер да катышууда.

Дзю-додон Африкада дүйнөлүк таймашуу уланууда

6-ноябрда Түштүк Африка республикасынын Кейптаун шаарында дзю-до күрөшүнөн жаштар арасында дүйнө чемпионатынын таймашуулары уланды. Бул дүйнөлүк таймашууга Кыргызстандан 4 спортчу катышууда. Алардын катарында Азия чемпиону, дүйнөлүк жаштар олимпиадасынын коло байге ээси Болот Токтогонов, Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү Канат Токталиев, Салтанат Ахметжанова жана Юрий Краковецкий мөөрөй талашууда.
4 балбандан Канат Токталиев менен Салтанат Ахметжанова атаандаштарынан жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.

6-ноябрда Болот Токтогонов менен Юрий Краковецкий татами үстүндөгү таймашууларга чыгат. Балбандарга өлкөгө эмгек сиңирген устат Абдразак Шаршенов менен дзю-до федерациясынын вице-президенти Эмил Рыскулов баш-көз болуп жүрөт.

Киевде жеңүүчүлөр 7-ноябрда аныкталат

Кыргызстандык бокс чеберлери Киевде өтүп жаткан эл аралык турнирге катышууда. Бул таймашууда 4 жигит күчүн сынап жатышат. Улук устат Адылхан Бекболотовдун айтымында, турнирдин жеңүүчүлөрү 7-ноябрда аныкталат.

Каражат табылбай кыйналган самбочулар

Самбо күрөшүнөн тандалган 13 спортчу 10-ноябрда Литванын борбору Вильнюс шаарында баштала турган дүйнө чемпионатына акыркы камылга көрүүдө. Кыргызстандык жаш балбандар быйылкы дүйнө биринчилигинде эки медаль уткан. Жакында эле ардагерлер да дүйнө чемпионатынан алты байге менен олжолуу келишти.

- Бул ирет дагы кыргыз өңүн дүйнөгө таанытууга мүмкүнчүлүктөр бар, бирок жол киреге каражат табылбай, кыйналып жатабыз, - дейт федерация жетекчиси Нурлан Токонов.

13-Спартакиада өтүүдө

Бишкекте мүмкүнчүлүктөрү чектелген улан-кыздардын 13-Спартакиадасы өтүүдө. Мында алар спорттун беш түрүнөн мөөрөй талашууда. Шахмат, шашки, үстөл тенниси, кол күрөш жана пауэрлифтинг боюнча мелдештер 3-декабрга чейин созулат.

"Алтын күздү" ким утат?

Учурда Бишкекте кыздар арасында “Алтын күз” волейбол мелдеши өтүүдө. Мында Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын 8 командасы мөөрөй талашууда. Мелдеш 62-мектептин спорт залында өтүп, ага 16-17 жаштагы кыздар катышууда. Жеңүүчүлөр 6-ноябрда, бүгүн кечке жуук аныкталат.

Кыргыз спортчулары Аргентинага аттаганы турушат

Спорттун азыркы беш түрү боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилиги 16-ноябрда Аргентина өлкөсүнүн борбору Буэнос-Айресте башталат. Жолдун алыстыгына карабай кыргызстандык Ильяс Бактыбеков менен Темирлан Айтимбетов өлкө намысын коргоо үчүн камылга көрүшүүдө.

Эрендердин Азия чемпионаты

9-ноябрда Казакстандын Ак-Төбө шаарында эрежесиз кармаш боюнча Азия чемпионаты башталат. Мында кыргызстандын намысын 12 спортчу коргойт, дейт федерация жетекчиси Кубан Сапаков.
Алардын катарында жакында эле АКШда өткөн дүйнө чемпионатынын күмүш байге ээлери Адилет Айтманбетов, Жайыл Жакшылык уулу баштаган тандалган жигиттер бар.
XS
SM
MD
LG