Спорт күйөрмандарына маалым болгондой, 5-ноябрдан 14-ноябрга чейин Парижде оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Мында байгелүү орун алгандарга жана арбын упай топтогон балбандарга 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомолор берилди.
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын 6 спортчу бараары маалымдалган. Тилекке каршы балбандардын даярдыгы чийки жана каражат тартыш болгондуктан эки жигит гана барды. Спорт коомчулугу үмүт кылган 56 кг. салмакта Азия чемпионатынын күмүш байге ээси Бекзат Осмоналиев ишенимди актай албады. Ал 28 балбандан жетинчи орунга илинди. Бекзат 120 кг. оордукту жулкуп, 145 килону түртүп көтөрдү.
85 кг. салмактагы Болотбек Шамшиев дүйнө чемпионатына алгач ирет катышкандыктан мыктылар сабына кошулбады.
Лондон олимпиадасына жол ачкан Париждеги дүйнө чемпионатында жалпы командалык биринчи орунду кытайлык оор атлетчилер жеңип алышты. Алар 6 алтын, 4 күмүш жана 3 коло байгелүү болушту. Экинчи орун Орусияга ыйгарылып, 4 балбаны дүйнө чемпиону аталды. Командалык үчүнчү орунду Казакстандын балбандары ээледи. Алар 2 алтын жана 2 күмүш медаль жеңип алышты.
Мына ушундай жогорку көрсөткүчтөрдү жараткан дүйнөлүк спорт державасы аталган Кытай, Казакстан менен коңшу болгондуктан кыргыз балбандары алар менен бирге машыгуулары натыйжа бермек дешет спорт адистери.
Эгемен өлкө болгону оор атлетика спортунун таасири жанып, жылдан жылга чеберчилик төмөндөп бараткандай туюлат. Жер-жерлерде бул спортко кызыккан жаштар дагы саналуу гана. Ал түгүл балдарды машыктыруучу адистер да жокко эсе. Оор атлетиканын массалык өнүгүүсү эмне үчүн төмөндөп кетти?
Кыргыз балбандары 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо албай калышы мүмкүнбү? 2012-жылдын март айында Алматыда өтө турган Азия чемпионатында мөөрөй алып, олимпиадага жол ачылабы? Мындай суроолорго дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, Москва олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев мындайча жооп берди.
- Дүйнөдөгү эң күчтүү делген кытайлык, казакстандык, кореялык жана ирандык балбандарга каршы туруу кыйын. Себеби кийинки олимпиадалык оюндарда жана дүйнө чемпионаттарында алардан алдыга озуп байге алгандар боло элек. Ошондуктан алардыкындай шарт түзүп бере албасак да биздин жаштарга камкордук көрүп, чоң спорттогу жолуна тоскоол болбосок. Жаштарга учурунда көңүл бөлүнбөгөндүктөн башка мамлекеттерге, же бөлөк тармактарга кетип калууда.
Оор атлетиканы өнүктүрүү борборунун жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, жаш таланттарга азыртан камкордук көрүү үчүн Ысык-Көл, Талас, Нарын, Чүй облустарында спорт залдарын ачып, ийримдер иштей баштады. Башкы маселе - жаштарга таалим-тарбия берүүчү адистердин айыл, облустарга барбай жатышы. Дасыккан адис, устаттар башка коңшу өлкөлөргө кетип калышкан, же башка жумуштарда иштеп жүрүшөт.
- Айыл жергесинде оор атлетика менен машыгууга шарт жок. Ошентип жөндөмдүү айылдык балбандардын багы ачылбай, эл аралык аренага, мелдештерге чыгалбай турат.
Адистердин баамында, мурдагы Кеңеш доорундагы штанга менен машыгуу ыңгайсыз жана кооптуу. Учурдагы эл аралык талаптарга ылайык жаңы жабдуулар өлкөдө жокко эсе. Жаңы мезгил талабына ылайык, жулкуп көтөрүүдө серпилгич штанганын наркы 5-6 миң АКШ долларына барабар.
Спорт күйөрманы Алмазбек Кудайбергеновдун пикиринде, оор атлетика федерациясынын президенти Ахматбек Келдибеков балбандарга көз кырын салып, машыгууга шарт түзүп, эл аралык талаптарга жооп берген штанга сатып берсе дурус болмок.
Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов оор атлетчилерден эки жигит Алматыдагы Азия чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.
26-ноябрда Ташкентте баштала турган Азия Кубогунан кыргыз балбандары кандай ийгилик, көрсөткүчтөр менен келишээрин алдыдагы мелдеш айкындайт. Башкы устат Үсөн Майназаров, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов Ташкентте 5 жигит жана 1 кыз балбанды сындан өткөрүүгө белсенип турушат. Азия кубогунун жыйынтыгы 1-декабрда анык болот.
Оор атлетика 1896-жылдан Олимпиадалык оюндардын, 1898-жылдан бери дүйнөлүк чемпионаттын программасына кирген. Эл аралык оор атлетика федерациясы 1920-жылы түзүлгөн.
Оор атлетика боюнча Кыргызстандын командасы 1934-жылдан бери ар кыл мелдештерге катышууда. Кыргыз өңүн дүйнөгө тааныткан Каныбек Осмоналиев дүйнө чемпионатында 4 жолу алтын байгелүү болуп, Москвадагы олимпиадалык оюндарда чемпион аталган.
Кыргызстандык Сергей Ли учурунда жаштар арасында дүйнө чемпиону болгону менен чоңдор арасындагы дүйнөлүк күч сынашууда күмүш медаль тагынган. Эгемендүү өлкө болгону кыргыз спортунун чеберлери Митал Шарипов жана Улан Молдодосов олимпиадалык оюндарга катышкан.