Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Бокс: өлкө чемпиондору аныкталды


4-декабрда Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Чемпионатта Кыргызстандын тандалган 108 булгаары мээлей чебери күч сынашты.

Өлкөнүн бокс боюнча тандалган жигиттери ринг үстүндө беш күн бою күч сынашып, он салмактан Кыргызстандын чемпиондору аныкталды. Жеңил салмакта жалалабаддык Орозбай Уразбаев менен бишкектик Асылбек Назаралиев күч сынашып, жыйынтыгында Асылбек Назаралиев өлкө чемпиону аталды.

- Чемпионатта жеңип чыккан жигиттерден өлкөнүн тандалма командасы түзүлмөк, ошондуктан таймашуулар курч мүнөздө өттү, -дейт өлкөгө эмгек сиңирген устат Бейшен Сабатаров.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовдун айтымында, жеңил салмактарда келечегинен үмүткөр кылган жигиттер бар:

-Бирок алардын чеберчилигин жогорулатуу үчүн эл аралык мелдештерге катыштыруу зарыл.

52 кг. салмактагы финалда чүйлүк Азат Үсөналиев менен жалалабаддык Мирбек Шеров беттешти. Жыйынтыгында Азат Үсөналиевге жеңиш ыйгарылды.

56 кг. салмакта өлкө чемпиону болгон чүйлүк Өмүрбек Малабеков финалдык таймашуу курч өткөнүн “Азаттыкка” айтып, "жазында Астанада Лондон олимпиадасына жолдомо алууга аракет кылам", -деген тилегин билдирди.

60 кг. салмакта чүйлүк Нурлан Кобашев бишкектик Сыймык Абдылдабек уулун утуп алды. 64 кило салмакта өлкөнүн коргоо министрлигинин спорт клубунун өкүлү Эрмек Сакенов өлкө чемпиону аталды. Ал финалда ысыккөлдүк Адилет Абылашимовду утуп алды.

69 кг. салмактагы финалда оштук Асадулло Баймурадов менен Азамат Каныбек уулу беттешти. Жыйынтыгында ысыккөлдүк жаш жигит Азамат Каныбек уулу жеңүүчү деп таанылды. 75, 81 жана 91 кг. салмактарда бишкектик Нурсултан Осмонов, Сергей Скляров жана томоктук Чыңгыз Борбашев 2011-жылдын чемпиондору деп табылды.

Мелдештин башкы калысы, жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун пикиринде, бокска дилгир жаштар сыналып, машыктыруучулары шакирттерин талдоого мүмкүндүк алышты.

Мелдешке күбө болгон “Гаспром нефти Азия” ишканасынын жетекчиси Болот Абилдаев өлкө намысын татыктуу коргой турган жигиттер бар экенин белгилеп, аларга 2012-жылкы Лондон олимпиадасына жолдомо алууга шарт түзүп берүүнүн зарылдыгын “Азаттыкка” айтып берди.

Оор салмактагы финалда бишкектик Эмил Абышкаев менен Талант Карабаев күч сынашты. Жыйынтыгында Талант Карабаев баш байгенин ээси болуп, алтын медал тагынды.

Бокс федерациясынын вице-президенти, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиевдин айтымында, чемпионаттан тандалган жаштар Азия, дүйнө биринчиликтеринде өлкө намысын коргойт.

Кыздар дагы өлкө чемпиондугу үчүн таймашып, бишкектик Шаризада Халилова менен Ксения Филистеева жеңүүчү деп таанылды.
XS
SM
MD
LG