Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Шахмат мекени Индиядан - 5 коло байге


Индиядан байгелүү кайткан жаш шахматчылар "Азаттыкта", 26-декабрь.
Индиядан байгелүү кайткан жаш шахматчылар "Азаттыкта", 26-декабрь.

Индияда өткөн шахмат боюнча Азия чемпионатынан кыргызстандыктар 5 коло байге утуп келди.

Азия чемпионатында 5 жаштагы Артур Соломко коло байге утту

24-декабрда Индиянын Нью-Дели шаарынан жаш шахматчылар олжолуу кайтып келди. Шахмат боюнча жеткинчектер арасында Индияда өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстандан барган беш жаштагы Артур Соломко үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле жаш өзгөчөлүктөрүнө жараша командалык жеңүүчүлөр аныкталып, кыргызстандык жаш шахматчылар 4 коло медалдын ээлери болушту.

Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн жетинчектер командасын баштап барган устат Бактыгүл Тиленбаева айтып берди.

- Артур Соломко жалпы тогуз тур ойноп, жети турду утуп, биринчи орундан үчүнчү орунга чейин жетти. Ал упайлардын айырмасы боюнча гана коло байгелүү болуп калды. Артур жалпысынан 32 шахматчы менен атаандашкан. Командалык эсепте дагы 4 коло байгелүү болуп келдик. Индиядагы Азия биринчилигине 10 мамлекеттен 600дөн ашуун жаш шахматчы катышты. Кыргызстандын намысын 16 жаш шахматчы татыктуу коргоду.


Жаш динамочулар таймашты

25-декабрда Бишкекте дзю-до күрөшүнөн «Жаш динамочу» аталыштагы мелдеш аяктады. Бул мелдешке Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын үч жүздөй жеткинчеги катышты. Мында 8 жаштан 12 жашка чейинки өспүрүмдөр 11 салмак боюнча күч сынашты. Мелдештин баш байгесин жеңип алган Азат Масабиров беш жылдан бери дзю-до менен машыгаарын, бир нече ирет женишке жетишкенин «Азаттыкка» айтып берди.

Казактын "Капчыгайы" жеңди

25-декабрда Бишкекте баскетбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктуруучу Павел Гребневди эскерүү турнири болду. Баш байге үчүн Казакстандын “Капчыгай” командасы менен Бишкектин “Динамо” клубу атаандашты. Бул ирет казакстандыктар жеңип, олжолуу кетишти.

Аселдин алтын, коло медалы

Казакстандын Талдыкурган шаарында өткөн жаа атуу боюнча эл аралык мелдешке Кыргызстандан эки спортчу катышып, 1 алтын, 2 коло байге утуп алышты. Өлкө намысын эл аралык аренада коргоп жүргөн спорт чебери Асел Шарбекова 25 метр аралыкта жаа атууда алтын медаль утса, 18 метрде коло байгелүү болду. Нурсултан Мамытбек уулу да 25 метрден жаа атууда үчүнчү орнуду камсыз кылды. Мелдешке жүз он жаа атуу чебери катышты.

Футзал: өлкө чемпионаты

25-декабрда футзал боюнча өлкөнүн ачык чемпионатынын кезектеги беттешүүлөрү болду. Футзал чемпионаты Кант шаарында өтүп, анда 7 команда мөөрөй талашып жатканын мелдешти уюштуруучу Ырысбек Мусаев “Азаттыкка” билдирди.

Карате-чыгыш өнөрү

25-декабрда Кара-Балта шаарында карате-до чыгыш өнөрү боюнча “Самурай кубогу” атуу эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.

«Кейхацу» спорт клубунун жетекчиси Дмитрий Казановдун маалымдаганына караганда, мелдешке Кыргызстан жана Казакстандын эки жүзгө жакын спортчусу катышты. Мында байгелүү орундардын көбүн Бишкектин «Кейхацу» жана Кара-Балтанын “Самурай” клубунун өкүлдөрү жеңип алышты.
Кыргызстандын намысын коргогон Александр Кузнецов, Нурланбек уулу Калыс, Касымбек уулу Калыс, Генжали Абасов, Адилет Шадыканов жана башкалар айырмаланды.

Бильярд: 26-декабрда жеңүүчү аныкталат

25-декабрда Бишкекте бильярд оюну боюнча өлкөнүн биринчилиги башталды. Мында өлкө аймагынан келишкен жүздөн ашуун спорт ышкыбоздору мөөрөй талашууда. Финалдык беттешүүлөрү 26-декабрда болмокчу.

"Дордой" Азиядагы мыкты футбол клубдарынын катарында

Азия футболконфедерациясы акыркы 10 жылдагы мыкты футбол клубдарынын деңгээлин аныктаган тизмени жарыялады. Мында Кыргызстандын жети жолку чемпиону, Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки ирет уткан “Дордой” клубу да тизмеге кирип, Азия аймагында 58-орунга илингени маалымдалды. Биринчи катардагы Сауд Аравиянын “Аль-Хилал” командасы 813 упайга ээ болгон.
XS
SM
MD
LG