Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:27

Кыргызстандык гимнасттар Израилден олжолуу келди


Жаш гимнаст Айнура Шаршембиева.
Жаш гимнаст Айнура Шаршембиева.

Кыргызстандын көркөм гимнастика боюнча курама командасы соңку 20 жылдагы чоң ийгиликке жетишип, Израилден олжолуу кайтып келди.

11 жаштагы Саадат Максатбек кызы Тель-Авивде өткөн эл аралык мелдеште 43 спортчунун арасынан бешинчи орунду жеңип алды.

- Израилдин Тель-Авив жана Иерусалим шаарында өткөн көркөм гимнастика боюнча 11-12 жаштагы курактагылар арасында эл аралык мелдеш өткөрүлүп, Кыргызстандын курама командасынан Ишимбаева Саадат Максатбек кызы 5 - орунду жеңип алып эң жакшы жетишкендикти көрсөттү", - дейт машыктыруучу Лилия Ильясова.

- Бул жетишкендик Кыргызстан үчүн жана спорттун көркөм гимнастика түрү үчүн абдан зор ийгилик десем жаңылышпайм. Анткени биз көркөм гимнастика боюнча жаңыдан өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына киребиз. Чоң державалардын арасында бир кызыбыз 8-орунду, бир кызыбыз 5-орунду алганы биз үчүн абдан чоң жетишкендик.

Лилия Илясова белгилегендей, 1999-жылы жана 2000-жылы туулган өспүрүмдөрдүн арасында Израилде өткөн эл аралык мелдеште жыйырмадан ашуун мамлекеттин 43 спортчусу ат салышкан.

-Чын-чынына келгенде Орусия, Европа, Израил жана башка мамлекеттердин спортко карата мамилеси абдан жакшы. Ошого карабай Кыргызстандын жаш спортчулары алардан калышпай, тең тайлашып оюн көрсөткөнү мени кубандырды",-дейт машыктыруучу.

Жаш спортчу Саадат Максатбек кызынын айтымында, Украинанын аэропортунун кызматкерлеринин кайдыгер мамилесинен улам жүгү кечиктирилип, бул жактан атайын даярдап барышкан музыкасы чемоданында калып, аргасы кеткенде ыргагы окшош музыка таап, мелдеште башка музыка менен номерин көрсөткөн.

- Тель-Авив менен Иерусалимде эл аралык мелдеш абдан чоң атаандаштыкта өттү. Мен обруч боюнча алтынчы, жалпы көрсөткүч боюнча бешинчи орунду жеңип алдым. Эгерде аэропорттон биздин жүктү кармап калбаганда, өзүм даярданган музыка болгондо мындан дагы жакшы көрсөткүчкө жетмекмин.

"Бул кыздардын психологиясына абдан терс таасирин тийгизип, баарыбыз бир чети ачуубуз, бир чети ызабыз келип, чоң мелдештин алдында абдан толкундандык", - дейт машыктыруучу Лилия Ильясова.

Бишкектеги №13 мектептин 5-А классынын окуучусу Саадат Максатбек кызы бул бешинчи орун оңой менен келбегенин, эл аралык мелдеш жакындаганда дем алышсыз тынбай машыгуу керектигин айтты.

- Мелдешке бир ай калганда машыгууну күнүгө тынымсыз өткөрөбүз. Эртең менен саат сегиз жарымдан он экиге чейин, анан саат экиден алтыга чейин машыгабыз. Антпесе мындай ийгиликке жетүүгө мүмкүн эмес.

Саадат мектептеги сабактарын дагы калтырбай жакшы окуйт. Жашы он бирде экенине карабай, ой жүгүртүүсү, көз карашы кадыресе чоң кыздардыкындай. Буга чейин Түркиянын Стамбул шаарынын кубогу үчүн мелдеште байгелүү орунду алса, былтыр Алматыдагы Казакстандын экономикалык менежмент жана анализдөө институтунда өткөрүлгөн окуу жайлар аралык спорттук оюндар боюнча олимпиадада көркөм гимнастика боюнча экинчи орунду ээлеген.

Өткөн доордун алтымышынчы жылдары Кыргызстанда көркөм гимнастиканы жайылтуу максатында атайын адисттер даярдалып, машыктыруучу жайлар менен камсыз кылынып, ага катышуучулардын саны дагы арбын болгон. Өлкө эгемендик алгандан кийин көркөм гимнастикага жарытылуу көңүл бурулбай, болгону үч эле машыктыруучу калып, жыйырма жыл аралыгында спорттун бул түрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттер жасалганын машыктыруучу Илясова белгиледи.

- Азыр бизде жалпы жонунан машыктыруучу, хореограф болуп он үч адам иштейт. Ал эми аймактарда көркөм гимнастика жок. Бишкете бир миң эки жүз бала машыгат.

Лилия Илясова көркөм гинастика балдардын ден соолугуна пайдалуу экенин белгилеп, тарбиялануучусу, таланттуу гимнаст Айнура Шаршембиева дүйнөлүк чемпионатта, Азия оюндарында өнөрүн көрсөткөнүн, жыйырма жыл аралыгында былтыр биринчи жолу дене тарбия жана спорт агенттиги каражат жагынан жардам берип, көңүл бургананын белгиледи.
XS
SM
MD
LG