Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Азия чемпионаттары: мелдеш, мара, мөөрөй


Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер.
Кыргызстандык велоспортчу Евгений Ваккер.

12-февралда Бишкекте бир катар эл аралык мелдештер болду. Учурда Малайзияда велоспорттон Азия чемпионаты өтүүдө.

Азия чемпионаты: бир эмес эки медаль

Индиянын Мумбай шаарында каратэ-до боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталып, анда кыргызстандык Александр Сурков баш байгени багындырды. Ал жарым финалда индиялык спортчуну, ал эми финалдык беттешүүдө шриланкалык атаандашын жеңип, 2012-жылдын Азия чемпиону аталды. Ошондой эле каратэнин экинчи түрүнөн финалдык таймашта ирандык спортчу менен беттешип, жыйынтыгында күмүш медалдын ээси болду. Александр Сурков ушул жылы боло турган 5-дүйнөлүк чемпионатка катышууга урусат алды.

"Кейхацу" клубунун кубогу

11-12-февралда Бишкектеги “Дордой” спорт комплексинде каратэнин ката жана кумите ыкмалары боюнча “Кейхацу” клубунун кубогуна арналган эл аралык мелдеш болду. Анда Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстандын 6 жаштан 17 жашка чейинки курактагы жаш спортчулары күч сынашты. Мында жалпысынан 16 команда мөөрөй талашып, Бишкектин “Кейхацусу” менен Казакстандын Тараз шаарынын спортчулары айырмаланды.

Дзюдочулар дүйнө кубогунда

12-февралда өлкөнүн дзю-до боюнча курама командасы Австриянын Оберварте шаарында өткөн дүйнө Кубогунун кезектеги мелдешине катышты.

Бул тууралуу Дзю-до федерациясынын вице-президенти Талант Беккулов “Азаттыкка” маалымдады:

- Мелдеште Кыргызстандын намысын төрт балбан коргоду: Чыңгыз Мамедов (90 кг), Ислам Баялинов (66 кг), Азат Кубакаев (73 кг.) жана Юрий Краковецкий (100 кг.) Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн упай топооого аракет кылышты.

Турнирге 60тан ашуун өлкөнүн балбандары катышты. Командалардын көп болгону мелдеште Лондондогу олимпиадага жолдомо берүүчү упайлар ойнотула тургандыгы менен өзгөчөлөндү. Учурда дзю-до күрөшүнөн кыргызстандык Чыңгыз Мамедов Лондон олимпиадасына жолдомо алган.


Евгений Ваккер - Азия жарышында

12-февралда Малайзиянын борбору Куала-Лумпурда велоспорт боюнча Азия чемпионатынын жарыштары башталды. Мында өлкө намысын көзгө басар велоспортчу Евгений Ваккер коргоп жатат. Евгений Ваккер Азия оюндарында беш ирет мөөрөй алып, Азиянын үч жолку чемпиону аталган.

Белгилүү спортчу 45 жана 160 чакырым аралыктардагы жарыштарга катышууда. Былтыр Тайландда өткөн Азия чемпионатында марага биринчи келип, Азия чемпионатынын үчүнчү алтын медалына арзыган.

Балбандар Азия чемпионатына аттанды

12-февралда грек-рим күрөшү боюнча өлкөнүн тандалган балбандары Түштүк Кореяга жөнөп кетти. Бул тууралуу башкы машыктыруучу Эмил Алыкулов “Азаттыкка” мындай деди:

- Мыкты балбандарыбыз март айында Астанада өтө турган таймашка Лондон олимпиадасына жолдомо алуу үчүн үчүн даярдык көрүп жатат. Бул Азия чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо берилбейт. Ошондуктан Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов баштаган мыкты балбандар Астанага барышат. Бул ирет алардын жолун жолдогон жаштарды Азия чемпионатына алып баратам. 7 балбан өлкө намысын коргойт. Алар: 55 кило салмакта 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси Каныбек Жолчубеков, 60 кг. салмакта Атай Койчукулов, 66 килодо Александр Царев, 74 кг. салмактагы Темирлан Тайыров, 84 килодо Азат Бейшебеков, 96 кг. салмакта Азат Эркинбаев жана оор салмакта Азия оюндарынын коло байге ээси Нурбек Ибрагимов күч сынашат. 12-февралда Алматы шаарынан Сеул шаарына аттанып жатабыз. Быйылкы Азия чемпионаты Түштүк Кореянын Гуми шаарында 15-февралда башталат.

Үмүт отун жандырган балбандар

Москвада грек-рим күрөшү боюнча олимпиада чемпиону Борис Гуревичти эскерген эл аралык турнир жыйынтыкталды. Он сегизинчи ирет өткөн мелдеште Кыргызстан, Орусия, Армения, Эстония, Норвегия, Грузия, Казакстан жана башка өлкөлөрдөн үч жүздөн ашуун жаш балбан күч сынашты. Жыйынтыгында кыргызстандык 4 балбан 1 алтын жана 3 коло байге утуп келишти.

76 кило салмакта Самат Чоңаралиев бардык атаандаштарын утуп, биринчи орунду камсыз кылды. Жеңил салмакта Нузупбек Касымов, 63 килодо Нурболот Эркинбеков жана 85 кг. салмактагы Улукбек Пулатов коло медал жеңип алышты.

Спорт кызматкерлери башкаларга үлгү

Бишкек шаардык спорт комитетинин демилгеси менен дене тарбия кызматкерлери арасында спорттун 4 түрү боюнча мелдеш өтүүдө. 12-февралда кичи футбол жана бильярд боюнча 16 команда мөөрөй талашты. Бильярд мелдешинде Биринчи май райондук спорт комитетинин командасы биринчи орунду ээледи. Бишкектеги бокс боюнча балдар спорт мектебинин жетекчиси Орозбек Евгачев экинчи орунду камсыз кылышканын айтып, жыл өткөн сайын бильярдга кызыккандар арбып баратканын белгиледи.

18-19-февралда үстөл тенниси жана футзалдын финалдык беттешүүлөрү болмокчу.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG