Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Мекен сакчылары мелдешти


23-февралда Мекен сакчылардын күнүнө карата Бишкекте спорттун бир катар түрү боюнча мелдештер өткөрүлдү.

Чоюн билектер мелдеши

Бишкекте жаштар арасында оор атлетика боюнча өлкө биринчилиги аяктады. Оор атлетика федерациясынын вице-президенти Өмүржан Молдодосовдун айтымында, өлкө аймагынан жүздөн ашуун жаш балбан күч сынашты.
Кыз-келиндер да оордук көтөрүп, жигиттерден кем калбай, өнөрүн көрсөтүштү. Кыздардан Жаңыл Океева мыкты спортчу аталып, быйыл дагы чемпиондук наамын сактап калды.

77 кило салмактагы чоюн билек балбандардан баш байгени Улан Жакишев жеңип алды. Ал 125 килону жулкуп, 145 кг. оордукту түртүп көтөрдү. 85 кг. салмакта Айдар Мамадраимов эки көнүгүүдө 305 кило салмакты багындырып, өлкө чемпиону аталды. 94 кг. салмакта Эрлан Аламаев жеңүүчү деп таанылса, оор салмакта Сергей Долголев биринчи болду.

Бул ирет келечегинен үмүткөр кылган Изат Артыков 130 кило салмакты жулкуп, 155 килону түртүп көтөрүү менен Эл аралык спорт чеберинин таламдарын аткарды.

Волейбол: мыктылар иргелүүдө

23-февралда волейбол боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги үчүн оюндар улантылды. Мында Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин командасы мыкты оюн көрсөтүп, лидер болушууда. Кыргызстандын чемпиону “Салам-Алик” командасы Бишкектин “Спартак” командасын утуп алышты. «Сольвейг спорт» клубу менен «Динамо» командасын жеңди. «Салам-Алик» командасына «Ардагер» командасы туруштук бере албады.
23-февралда 45 жаштан жогорку курактагылардын да волейбол мелдеши башталды. Мында 12 команда мөөрөй талашып жатышканын волейбол федерациясынын вице-президенти Женишбек Кызалаков “Азаттыкка” билдирди.

Хоккей чемпионаты өтүүдө

23-февралда Бишкектеги шаардык муз айдыңында шайба хоккейинен өлкө чемпиондугу үчүн беттешүүлөр улантылды. Мында Кыргызстандын 9 командасы мөөрөй талашып жатышат.

Чемпионаттын биринчи, экинчи бөлүгү былтыр сентябрь жана декабрь айларында өтүп, анда Чүй облусунун Ак-Түз айылынын “Горняк” командасы арбын упай топтоп, алдыга чыккан.


Футбол: "Абдыш-Ата" кышкы чемпион

22-февралда Кант шаарында футболдон өлкөнүн кышкы чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул ирет бардык атаандаштарын уткан Канттын “Абдыш-Ата” командасы баш байгенин ээси болду. Экинчи орунду Бишкектин “Дордой” клубу камсыз кылды.

23-февралда Бишкекте Жапар Шабировду эскерүүгө арналган куралсыз кармаш боюнча мелдеш болду. Мында Бишкектеги 20 спорт клубунун эки жүздөн ашуун жаш спортчусу күч сынашты.

23-февралда Жогорку Кеңештин депутаттары менен өкмөт мүчөлөрү да топ тээп, футзал мелдешин өткөрүштү. 4 команданын таймашында депутаттардан куралган “Биримдик 1-2”, “Ата-Журт” жана өкмөт мүчөлөрүнөн куралган командалар мөөрөй талашты. Жыйынтыгында “Ата-Журт” командасы биринчи орунду ээледи. Футзал мелдешинин жыйынтыктары тууралуу башкы калыс Ырыскелди Мусаев “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Камчыбек Ташиев мыкты дарбазачы аталса, Равшан Жээнбеков эң көп топ киргизген оюнчу сыйлыгына арзыды. Жоомарт Оторбаев "мыкты коргоочу" катары таанылды. Садыр Жапаров мыкты чабуулчу деген сыйлыкка арзыды.

Каратэ-до боюнча 3 алтын, 3 күмүш, 8 коло байге

Казакстандын Актөбө шаарындагы каратэ-до чыгыш өнөрү боюнча эл аралык турнирде кыргызстандык спортчулар 3 алтын, 3 күмүш жана 8 коло байге утуп алышты. Алтын медалды 12 жаштагы Рафаэль Акбаров, 14 жаштагы Айбек Ибраимов жана 15 жаштагы Александр Крамаренко жеңип алышты.

Бул турнирде Кыргызстан, Орусия, Белорусия жана Казакстандын төрт жүзгө жакын спортчусу мөөрөй талашты.

Атчандар өнөр көрсөтөт

24-февралда ат спорту боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты башталат. Мелдеш 29-февралга чейин улантылат. Ат спорту менен алектеген элүүгө жакын спортчу өнөрүн көрсөтүшөт.

Дзю-до: Прагада дүйнө кубогу үчүн сыноо болот

25-февралда Кыргызстандын дзюдо чеберлери Чехияда өтө турган дүйнөлүк кубокко катышат. Бул тууралуу дзюдо федерациясыын вице-президенти Эмил Рыскулов “Азаттыкка” айтып берди.

Маалыматка ылайык, мелдештерде Чынгыз Мамедов, Ислам Баялинов, Азат Кубакаев жана Юрий Краковецкий күч сынашат. Анда 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадалык оюндарга квалификациялык упайлар ойнотулат.

Кыргызстандык дзюдо чеберлери мындай оюндарга бешинчи ирет катышууда, Алар Прага шаарындагы мелдештен кийин Азия чемпионатына даярдык көрөт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG